Он өлкөнүн мушкерлери Бишкекте
Мушкерлер 10 салмак даражасында күч сынашат.
Быйыл мелдешке алгачкы жолу Ирак, Алжир жана Бириккен Араб Эмирлигинен командалар келишкен. Алардын арасында 2016-жылы Бразилияда боло турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган спортчулар да бар.
91 килограммдан жогорку салмакта күч сынашкан кыргыз мушкери Шермахаммад Хакимов (кызыл түстөгү кийимчен) жана Алжир командасынын өкүлү Гримес Мохамед (көк түстөгү кийимчен). Бул таймашта Шермахаммад Хакимов жеңишке жетти.
Мелдеш калысы.
Жарым финалдык күч сынашуулар 6-февралда болуп, жеңүүчүлөр 7-февралда аныкталат.
81 килограммга чейинки салмактагы мушкерлердин таймашы. Көк түстөгү кийимчен кыргыз мушкери Эркин Адылбек уулу жана кызыл түстөгү кийимчен казакстандык Баянбек Саматов. Бул беттеште техникалык нокаут менен Эркин Адылбек уулу жеңишке жетти.
75 килограммга чейинки салмактагы мушкерлердин таймашы. Көк түстөгү кийимчен казак мушкери Толеш Абай жана кызыл түстөгү кийимчен өзбекстандык Исраил Мадримов.
Алжирдин бокс боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулары. Солдон оңго карай үчүнчү башкы машыктыруучу Владимир Винников.
Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык таймаш быйыл 39-жолу өткөрүлүп жатат.