"Ушул жерден бейишти таптым". Согуш азабын тарткан босниялык аялдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

БУУнун Эл аралык соту 1992-1995-жылдары Босниядагы согуш маалында 50 миңдей аял зордукталганын аныктаган. Азап-тозокту башынан өткөрүп, аман калган кыз-келиндер "Эр жүрөк жана намыскөй" тобун түзүшкөн. Алар чакан цех ачып, килемче, баштык тигип, кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Аялдар бул ишкана дем-күч жана кубат берерин айтышат.