Сребреница курмандыктарын эскерүүгө миңдеген адамдар келди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Босниянын Сребреница жергесинде мусулмандарды массалык түрдө кыргынга алуусунун 20 жылдыгы эскерилүүдө. Кыргында 13-77 жаштагы курал-жараксыз 8 миңден ашык босниялык мусулмандар набыт кеткен. Мурдагы Югославия аймагындагы согуш кылмыштарын караган эл аралык Гаага соту Сребреница кыргынын геноцид деп тааныган. Европа парламенти 11-июлду Сребреница окуяларынын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялаган. Бүгүн аталган кыргында набыт кетип, сөөгү акыркы бир жылда табылган 136 адамдын сөөгү жерге берилди.