Боршайком автоматтык эсептөө үкөгүн сынады

БШКнын видеосунан алынган скриншот.

Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттерге жана байкоочуларга парламенттик шайлоодо добуш берүү кандай жүрөрүн жана добуштар кантип саналарын баштан-аяк көргөзүп, автоматтык эсептөөчү үкөктөрдү сыноодон өткөрдү.

Новопокровка айыл өкмөтүндөгү 7410 шайлоо тилкесиндеги сыноо добуш берүүгө 31 шайлоочу катышты. Ушундай эле сыноо добуш берүү эми Ош облусунун Кара-Суу районунда дагы өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоонун добуштары кантип саналарын көргөзүп берди. Новопокровка айыл өкмөтүнүн 7410 шайлоо тилкесиндеги үч саатка созулган сынак түрүндөгү добуш берүү шайлоонун бардык эрежелерин сактоо менен өтүп, 31 адам шайлоочу катары катышты.

Партиялар менен талапкерлердин ордуна катар сан коюлган. Партиялык тизме менен шайлоого өзүнчө урна, бир мандаттуу округдан шайлоого өзүнчө үкөк орнотулган.

Иш-чарага катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова автоматтык эсептөө үкөктөрүнө жаңы программа орнотулганын, шайлоо жыйынтыкталгандан кийин партия жана талапкер канча добуш алганын автоматтык түрдө чыгарып берерин билдирди.

“Жаңы аралаш тутум менен шайлоо өткөрүп жатабыз. Ошондуктан автоматтык эсептөө үкөгүнө жаңы программа орноттук. Бул программанын өзгөчөлүгү партияга берилген добушту санайт жана партиянын тизмесиндеги талапкерге берилген добушту чыгарып берет”.

Дагы караңыз БШК автоматтык эсептөөчү урналарды сыноодон өткөрдү

Боршайкомдун төрайымы айткандай эле автоматтык эсептөөчү үкөктөр добуш берүү аяктагандан кийин дүмүрчөк чыгарып берди. Ал дүмүрчөктө кайсы партия канча добуш алганы, жана ал партиянын тушундагы 54кө чейинки санга канча добуш берилгени көрсөтүлгөн.

Автоматтык эсептөө үкөгү токтотулгандан кийин бир мүнөткө жетпеген убакытта дүмүрчөктөгү добуш берүүнүн жыйынтыгы Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына чыкты.

Жараксыз бюллетендер

Боршайком өткөргөн сынак добуш берүүдө бир мандаттуу округ боюнча берилген добуштардан жараксыз бюллетень чыккан жок.

Ал эми партиялык тизме боюнча добуш берүүдө алты жараксыз бюллетень чыкты. Анын ичинен эки бюллетенде партияга добуш берилбей, тизмедеги талапкердин катар санына добуш берилген. Эки жараксыз бюллетенде партияга добуш берилип, бирок эки талапкердин катар санына добуш берилген.

Боршайком шайлоочуларга бир партияга жана тизмедеги бир талапкердин катар санына гана добуш берүү керектигин эскертет.

Эгер партияга добуш берилип, бирок талапкердин катар санына добуш берилбесе, ал бюллетень жарактуу деп саналат.

Дагы караңыз Эл добуш берүүнүн жаңы эрежесин билеби?

БШК өткөргөн сыноо шайлоого катышкандар добуш берип чыккандан кийин жаңы шайлоо системасындагы өзгөчөлүктөр тууралуу мындай пикирлерин билдиришти.

"Мурдагы шайлоодон өзгөчөлүктөр бар экен. Бир мандаттуу анан партиялык деп эки бюллетень бар экен. Татаал эмес".

Дагы бир добуш берүүгө катышкан жаран эки бюллетенди алмаштырып алуу мүмкүн эместигине көңүл бурган.

"Мындай шайлоо болгон эмес. Эки үкөк турат. Бир бюллетень бири менен алмашып кетпейт. Анткени бири башкага туура келбейт экен. Шайлоочу кимди шайларын алдын ала билип келиши керек".

Ал эми БШКнын сыноо добуш берүүсүнө катышкан дагы бир жаран шайлай турган партиясын жана талапкерин билбей турганын, болжолдоп гана добуш берип чыкканын айтууда.

"Партиядан кимди шайларымды деле билбейм, кайсы партия алдыда келе жатат аны деле билбейм. Азыр болсо болжолдоп эле добуш берип койдум. Ал эми бир мандаттуу округдан болсо шайлай турган талапкердин катар санын билем. Бул жакта аты жазылбаптыр, бирок катар санына добуш берип койдум".

Кыргызстанда автоматтык эсептөөчү урналар 2015-жылдан бери колдонулат. Кезектеги шайлоо аралаш системада өтүп жаткандыктан, ошого жараша программаны урнаны чыгарган түштүк кореялык "Мирусистемс" компаниясы орнотуп берген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Добуш берүү жобосун билесизби?

Аталган компаниянын КМШ өлкөлөрүндөгү расмий өкүлү Тилек Шыгай автоматтык эсептөө үкөктөрү башка мамлекеттердеги аралаш система менен өткөн шайлоолордо дагы колдонулуп жатканын айтат.

“КМШ өлкөлөрү ичинен Кыргызстан муну колдоно баштаган биринчи өлкө. Ал учурда шайлоочу партияны гана тандачу. Азыр преференциалдык добуш берүүгө ылайык жаңы программа киргиздик. Жеке эле Кыргызстан эмес башка мамлекеттерде дагы тажрыйба түрүндө жүрүп жатат. Мисалы, Ирактагы үкөктөр биздикиндей. Ал жакта мурда преференциалдык система менен шайлоо өткөргөн. Азыр кайра партиялык гана тизме менен өтөт деп программаны өзгөртүп берип жатабыз. Андан тышкары Өзбекстан, Казакстан сүйлөшүү иши жүрүп жатат. Буга чейин Орусия мындай үкөктөн 10 миң даана сатып алып, президенттик шайлоодо тажрыйба катары колдонгон”.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.