Немцовду өлтүрүүгө "буйрук берүүчү" аталды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын тергөө комитети Борис Немцовдун өлүмү боюнча ачылган кылмыш иш жыйынтыкталганын шейшембиде билдирди. Ушул эле күнү иш боюнча камалган беш адамга айып тагылды. Заур Дадаев, Анзор жана Шадид Губашевтер, Темирлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев саясатчынын өлүмүнөн көп өтпөй кармалышкан. Аларга ошондой эле мыйзамсыз курал алып жүрүү жана колдонуу боюнча да кошумча айып тагылды.