Борбор Азияга кызыккан державалар жана Москванын кызганычы

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанага иш сапары менен келген Франциянын президенти Эммануэл Макронду күтүп алууда. 2023-жыл, 1-ноябрь

Орусия Украинадагы согуштун сазына батып, көйгөйлөр менен күрөшүп жатканда, Борбор Азия өлкөлөрү эгемендик алгандан жана АКШ Ооганстанга басып киргенден бери болуп көрбөгөн дипломатиялык көңүл буруудан пайдаланууда. Бирок чөлкөм тышкы оюнчулар менен ургаалдуу карым-катышты сактай алабы?

Орус президенти Владимир Путиндин өткөн жумада Астанага жасаган иш сапарында казак кесиптеши Касым-Жомарт Токаев стратегиялык өнөктөш катары Москванын макамын баса белгилеп, шаан-шөкөт менен тосуп алды. Бирок ошол эле учурда этибарга албай коюуга болбой турган жагдайлар да болду.

Путин үчүн 9-ноябрдагы Астана сапары Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) Украинадагы согуш кылмыштары үчүн аны камакка алууга ордер бергенден берки чет элдик белгилүү үч сапардын бири болду.

Казакстан жана жалпы Борбор Азия үчүн, тескерисинче, таасирдүү державалардын лидерлери менен жогорку деңгээлдеги жолугушуулар кадимки көрүнүшкө айланды.

Касым-Жомарт Токаев (оңдо) жана Астанага расмий сапар менен келген Орусиянын президенти Владимир Путин. 2023-жыл, 9-ноябрь

Акыркы убакта дипломатиялык жылнаама дээрлик тыным албай жатат. Орусия менен Казакстандын президенттери сүйлөшүү жүргүзүп жатканда коңшу Өзбекстанда Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) саммити өтүп, ага Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган, Ирандын президенти Эбрахим Раиси өңдүү мартабалуу коноктор катышты. Жыйынга Казакстандын атынан премьер-министр Алихан Смаилов келди.

Ушул эле күнү Италиянын президенти Сержио Маттарелла Ташкентке келип, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев жана башка жогорку бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

3-ноябрда Астанада Түрк мамлекеттери уюмунун ЭКУ сыяктуу саммити өттү, ага Орусия да, Кытай да мүчө эмес.

Буга чейин Токаев менен Мирзиёев өз өлкөлөрүндө Франциянын президенти Эммануэл Макронду кабыл алышкан жана бул жылдын көзгө илинерлик дипломатиялык сапары болуп калды.

Октябрда бир аз тыныгуу болгону менен сентябрь айында расмий жолугушуулар байма-бай өттү: чөлкөмдүн беш өлкөсүнүн лидери Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын нугунда АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшүү өткөрүштү. Кийин Берлинге барып, Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери АКШ президенти Жо Байден менен саммитте. Нью-Йорк, 2023-жыл, 19-сентябрь.

Албетте, аталган жолугушуулардын айрымдары көптөн бери пландалып келген.

Бирок бир нерсе анык: Орусиянын Украинадагы дээрлик эки жылга созулган согушу учурунда Борбор Азия, жок эле дегенде АКШнын Ооганстанга басып киришинин алгачкы жылдарынан бери, балким, мындан 30 жылдан ашуун убакыт мурда беш өлкө эгемендик алган биринчи жылдардан бери байкалбаган дипломатиялык кызыгуу жаратты
жана бул кызыгуу канчага чейин созулушу мүмкүн деген суроону да пайда кылды.

Борбор Азия боюнча италиялык көз карандысыз серепчи Давиде Канкарини эл аралык байланыштардын күтүлбөгөн жерден күчөшүн “көбүккө” салыштырат.

Аталган метафора адатта каржы тармагына инвестиция тартууда активдүүлүк "орноктуу негиздерден" ашып түшкөндө колдонулат.

Канкарини Борбор Азияда “чоң дарамет барын” жана Мирзиёев менен Токаевдин тышкы саясатты диверсификациялоо боюнча артыкчылыктары жагымдуу фактор экенин белгиледи.

Дагы караңыз Жапония: Борбор Азия - "Чоң жетинин" маанилүү өнөктөшү

Ошондуктан кээ бир сапарларда "каада" көп болгонуна карабастан, "чөлкөмгө келген ар бир лидер белгилүү бир мааниге ээ болгон экономикалык жана саясий келишимдерге кол коюп кетет" дейт Канкарини "Азаттыкка" курган маегинде.

Батыш маалымат каражаттарында Макрондун 1-2-ноябрдагы чөлкөмгө сапары Борбор Азияда күчөп бараткан геосаясий атаандаштыктын нугунда болгон сапар катары чагылдырылып, макалаларда жаңы "Үлкөн оюн" жана Орусия менен Кытайдын "арткы короосуна" Париждин келиши тууралуу айтылды.

Мындай туюндурмалар чөлкөмдүн ичинде анча таанымал эмес:

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко 5-ноябрда дүйнөлүк саясат боюнча Абу-Дабидеги жыйында сүйлөгөн сөзүндө альтернатива катары “Баары үчүн чоң пайда” деген ураанды оптимисттик маанайда сунуштады.

Бирок Макрон Казакстандын “кайсы бир державанын вассалы болуудан баш тартканын” жогору баалап жатып өзүн атаандаштыкка жөндөмдүү сезди. Бул Астананын Москванын ачык кысымына карабай Украинага карата бейтараптыгына ачык шилтеме.

Анын иш сапарынын жүрүшүндө казак жана француз компаниялары 1,4 миллиард долларга транспорт, машина куруу, саламаттык сактоо жана агробизнес тармагындагы келишимдерге кол коюшту.

Булар Казакстандын түштүгүндө француздардын Total Energies компаниясы кура турган наркы 2 миллиард долларга жакын шамал менен иштечү электр станциясын куруу боюнча жакында түзүлгөн келишимден тышкары.

Өзбекстанда да Париж экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселесине басым жасады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Франциянын президенти Эммануэл Макронду күтүп алууда. Самарканд, 2023-жыл, 1-ноябрь.

Макрон кеткенден кийин Өзбекстандын Тоо-кен өнөр жайы жана геология министри Борис Исламов эки жаңы уран кенин иштетүү боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык, Франциянын мамлекеттик Orano өзөктүк компаниясынан 500 миллион доллардан ашык инвестиция келе турганын жарыялады. Тараптар айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортун көбөйтүүгө жардам бере турган логистикалык борборлор тармагына инвестиция салууну да макулдашты.

Балким, сапардын аныктоочу шааниси Макрон менен Мирзиёевдин Самарканддагы Silk Road City комплексинде түнкү сейилдөө алдында чын ыкластан узакка созулган кучакташуусу жана кол алышуусу болду окшойт.
Мындай сүрөттөр өзбек Instagram аккаунттарында жакшы көрүнөт, бирок Москвада, тескерисинче, алар сүйүнтпөйт.

Дагы караңыз Макрон Борбор Азияда дос жана уран издейби?

Андыктан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 12-ноябрдагы маегинде Евробиримдик Москваны Борбор Азиядан – анын сөзү боюнча Орусия “тарыхый болуп келген” – сүрүп чыгарууга аракет кылууда (бирок ийгиликсиз) деп айтканы таңкалычтуу эмес.

Макрон жакында Борбор Азиянын үчүнчү республикасы – Кыргызстанга келиши мүмкүн экендиги бир күн мурда белгилүү болду. Президент Садыр Жапаровдун администрациясы Франциянын лидери чакырууга оң жооп бергенин билдирди.

Дагы караңыз Жапаров Франциянын президенти менен кызматташтыкты талкуулады

МАГА АКЧАНЫ КӨРСӨТКҮЛӨ!

Макрондун сапары жыл башында Эл аралык кылмыш соту аны камакка алууга ордер берген маалда макулдашылган Путиндин Астанага сапарынын зарылдыгын арттырды.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев журналист Вадим Борейконун Ютубдагы “Гиперборей” программасындагы талкууда бул сапар мурдараак дүйнөлүк державалардын лидерлери менен жолуккан Токаевге караганда Путинге көбүрөөк керек болгонун айтты. Сатпаев жолугушууларды Борбор Азия менен башка мамлекеттер ортосундагы эл аралык байланыштардын “хороводу” деп атады.

Сентябрдын аягында Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери Берлинге барып, Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушкан учур. 2023-жыл, 29-сентябрь.

Путинди жылуу-жумшак тосуп алышканына карабастан, жолугушууда Украинадагы согуш башталгандан бери эки өлкө ортосундагы мамилелерге залакасын тийгизген чыңалуунун белгилери байкалды.
Мындай белгилердин бири, Токаев мамлекеттик тилде, казакча бир нече сөз сүйлөп, анан кайра өзү эң сонун билген орус тилине өткөндө орус чиновниктери шашылыш кулакчындарын ала баштаганы болду.

Москвадан келген делегация Токаев казак тилинде эмне үчүн сүйлөдү, аларды шылдыңдап жатабы деп таң калышты.

Дагы бир жагдай, Путин жолугушууда Токаевдин атасынын атын дагы бир жолу чаташтырды. Ал казак кесиптешинин аты-жөнүн айтканда көп жаңылгандыктан, азыр эл арасында бул атайын жасалып жатабы деген да күдүк пайда болду.

“Бирок Москванын алсыздыгына карабай, Казакстанга Орусиянын таасиринин төмөндөшү тууралуу айтууга али эрте”, – деди Сатпаев, акыркы жылдары Казакстанда катталган орусиялык жана биргелешкен казак-орус компанияларынын санынын "геометриялык өсүшүн" жана жакында эле казак олигархтары бизнесинин бир бөлүгүн орустарга саткан учурларды көңүлгө тутуп.

Дагы караңыз Лавров Орусияны Борбор Азиядан сүрүп чыгаруу аракети жүрүп жатканын айтты

Мындан тышкары, Казакстан менен Орусиянын ортосунда “боз импорттун алкагындагы” соода гүлдөп жатат дейт Сатпаев Батыш Орусияга каршы киргизген санкцияларды айланып өтүү схемаларын эске алып.

Путиндин иш сапарынын соңунда ири келишимдер тууралуу айтылган жок, бирок эки өлкөнүн энергетика министрликтеринин ортосунда Казакстандын Көкшетау, Өскемен жана Семей шаарларында үч жылуулук электр станциясынын курулушуна орус инвестициясын тартуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.

10-сентябрда Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашымбаев журналисттердин Москванын Казакстанда атомдук электр станциясын куруу мүмкүнчүлүгү кыйла төмөндөп кеткен шартта бул келишимдер Орусия үчүн “май токоч” болобу деген суроолоруна жооп берди.

Ашымбаев журналисттерге АЭС куруу маселеси жалпы элдик референдумга коюларын жана бул электр станциялар боюнча келишимдерге "эч кандай тиешеси жок" экенин эскертти.

Бийликтегилер өзөктүк энергетика идеясын чечкиндүү колдоп жаткан шарттарда, долбоор ишке ашат шекилди.

Дагы караңыз Тажикстан менен Иран виза режимин жоюуну макулдашты

Бул Казакстан үчүн дагы бир геосаясий тең салмактуулук жаралды дегенди билдирет, анткени Астана мамлекеттик өзөктүк гиганты “Росатом” согушка чейин татыктуу катышуучудай көрүнгөн жана санкциялар анын долбоорго катышуусуна бут тоскон Москваны колдоону көздөп жатат.

Орусиянын инвестиция жаатында алсыз экендиги Борбор Азиянын чакан өлкөлөрүнө да айкын болду.

Өткөн жылкы регионалдык жыйында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзүнүн адаттан тыш сөзүндө Путинден өлкөсүнө көбүрөөк инвестиция салууну суранып, Москва Дүйшөмбүдөгү жармаңкеге министрдин орун басарын гана жиберип, Тажикстанга жетиштүү “сый” көрсөтпөй жатканын айткан.

Ташкенттеги ЭКУнун саммитине барардын алдында Рахмон Ирандын президенти Раиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда жарандардын кирип-чыгышы үчүн визасыз режим боюнча тарыхый келишим, соода, транспорт жана маданият тармагында да келишимдер түзүлгөнү жарыяланды.

Тегеран менен ысык-суук мамилесине карабастан, учурда тажик бийлиги токтоп калган мунайды кайра иштетүүчү заводдорун чийки зат менен камсыз кылуу максатында Ирандын мунай экспорттоого жардам берүүсүн суранууда. Мындай кадам Москванын жергиликтүү энергетика рыногундагы көптөн берки кызыкчылыктарына доо кетириши мүмкүн.

Ирандын президенти Эбрахим Раиси Экономикалык кызматташтык уюмунун Ташкенттеги саммитинде. 2023-жыл, 9-ноябрь.

Питтсбург университетинин Башкаруу жана рыноктор борборунун негиздөөчү жетекчиси Женнифер Брик Муртазашвилинин пикиринде, мунун баары – Москва Борбор Азиядагы “алдыңкы стратегиялык турумун” сактап, бирок таасир этүү таянычын жоготуп жаткан татаал көрүнүштүн элементтери.

"Бөлөк мамлекеттер Орусиянын алсыздыгына, Борбор Азиянын геостратегиялык маанисине да күбө болушту жана чөлкөмгө болгон кызыгуунун артышы аталган мамлекеттерге канчадан бери эңсеп жүргөн көп векторлуу тышкы саясатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет", – дейт ал.

Жакынкы келечекте "дипломатиянын ыкчам темпи сакталат" деп божомолдогон серепчи мүмкүнчүлүктөрдүн мындай терезеси түбөлүк ачык турбасын эскертет.

"Башка дүйнөнүн кызыгуусу убакыттын өтүшү менен солгундашы мүмкүн", – дейт Муртазашвили.