Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан оор энергетикалык кризистин алдында турганы айтылууда. Анын алгачкы белгилери азыртан байкалып, электр энергиясы үзгүлтүк менен берилип, аны керектөөгө чектөөлөр коюлганын бул чөлкөмдөгү энергетика тармактары түз же кыйыр ырастап жатат.
Ал ортодо үнөмдөө зарылдыгы эскертиле баштады. Буга керектөө өсүп, бирок жетиштүү электр энергиясы иштелип чыкпаганы себеп болгон. Ал эми газдын, күйүүчү майдын кымбатташы көмүрдүн баасын көтөрүп, бийликтин кышка даярдыгы оор сыноого кептелди.
Борбор Азиядагы энергетикалык кризис чөлкөмдө ири суу энергетикалык ресурска ээ Кыргызстанда өзгөчө байкалды.
Суу башында турган Кыргызстан күз-кыш мезгилинде сууну топтоп, сугат мезгилинде кошуна өлкөлөргө коё берүү үчүн кышында электр энергиясын алууну Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан менен макулдашып келген. Бирок азыр алардын өзүндө таңкыстык пайда болду.
Кыргызстанга электр энергиясын берүүдө көйгөй бар экени кабарланды. Ошондуктан абоненттерге чектөөлөр киргизилип, токту көп керектеген электр жылыткычтарды пайдалануу көзөмөлгө алынары айтылды.
Карызы үчүн жарыгы өчүрүлгөн конуштар да бар. "Алтын-Казык" конушунда жашаган Амандык Жусупбек уулу буга чейин деле электр энергиясы боюнча маселе бар эле дейт.
“Конушта 1000 түтүнгө бир эле трансформатор турат. Жарык араң эле күйөт. Нан бышырып же үйүңдү жылыта албайсың. Үйүңө жарык эле берет. Ага деле кайыл болуп жашап келе жатканбыз. Бирок эки күн өчкөндө кыйналып кеттик. Өзгөчө балдарга жаман болду. Алар чырак менен окуп калды да”.
Дагы караңыз Энергетикалык кризис, мөөр басылган жылыткычтарТоктогул суу сактагычындагы абал
Энергетика министрлиги абалды Токтогул суу сактагычындагы кырдаалга байланыштырды. Азыр каскадда 11,5 млрд. 500 метр куб суу бар. Бул былтыркыга караганда 2.9 млрд. кубга аз. Эгерде суу 6 млрд. кубдан түшүп кетсе, анда ГЭС авариялык абалга учурайт. Бийлик Токтогул гидроэлектро станциясында (ГЭС) коллапска жол бербей турганын убада кылууда.
Энергетика министрлигинин Электр энергиясы боюнча мамлекеттик саясат башкармалыгынын башчысы Айбек Айдаралиев азыр Бишкек ЖЭБине күч келип жатканын айтты.
“Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө үчүн Бишкек ЖЭБинин кубаттуулугун көбөйттүк. Азыркы тапта ЖЭБден 405-420 мВт чыгаруудабыз. Былтыр ушул маалда 280-300 мВт чейин чыгарып жатканбыз. Бүгүнкүдөй кырдаал болуп келген. Анткени, суу маал-маалы менен азайып турат. Энергетиктер буга таасир эте албайбыз. Бирок жаралган кырдаалдан чыгуу, суунун көлөмүн азайтып жибербөө үчүн иштерди жасап атабыз. Мындан тышкары электр энергиясын сырттан алышыбыз керек”.
Кыргызстан электр энергиясын Казакстан менен Өзбекстандан алмашуу жолу менен алып, Түркмөнстандан сатып алууну мерчемдеген. Казакстан келишим боюнча электр энергиясын берип жатса, ал эми Өзбекстан убада кылган көлөмдү берип бүткөн.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Өзбекстандан кошумча электр кубатын алуу үчүн сүйлөшүүгө кеткени айтылып, бирок жыйынтыгы жарыяланган жок. Ал эми электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап, чектөөлөр коюлуп жатканда үйлөрдү жылытуу үчүн көмүр сатып алуу да көйгөйгө айланды. Кышка даярдык көрүлбөй, көмүрдүн баасы өсүп, ага таңкыстык жаралды.
“Кээ бир ишканалар көмүрдүн баасын түшүрбөй жатышат. Көмүр ала албай калышты. Электр энергияны болсо толук бере албай үч фазалуу абоненттерди кыркып, бир фаза кылып коюшту. Эл чай кайнатып иче албай калды. Үйлөрдөн жылыткычтарды текшерип алып кетип жатышат. Мындай болбойт. Биз жарандарды эң эле жөнөкөй жылуулук менен камсыздай албай атабыз. Көмүр болсо өлкөнүн бардык аймактарында кымбат”, - деди депутат Айсулуу Мамашева.
Дагы караңыз Бишкекте арзан көмүр талашка түштүКазакстандагы энергетиканын абалы
Казакстандын бир катар облустарында электр энергиясына болгон керектөө кескин өсүп, мезгил-мезгили менен өчүрүүлөр жүрүп жатканы айтылды. Алматы шаарынын тургуну Бибигүл Жаныбекова өчүрүүлөр былтыркыга караганда көп экенин айтты.
“Жылдагыга караганда электр жарыгын бат-баттан өчүрүп жатышат. Бир күндө 2-3 жолу бир сааттан өчүргөн өнөкөт таап алышты. Эмне болду десең, “оңдоо иштери жүрүп жатат” деп коюшат. Кечээ неберемдин бала бакчасында дагы электр энергиясы өчүрүлүп, балдарды эрте алып кеттик. Жарык өчкөндө суу дагы өчүп калып жатат”.
Казакстандагы KEGOC электр тармактар ишканасы калкка электр энергиясын берүү кээ бирде үзгүлтүккө учураганын ырастап, аны жогорку чыңалуудагы электр жабдууларынын иштен чыгып, оңдолуп жатканы менен байланыштырды. Ал ошондой эле электр энергиясын керектөө кескин өсүп жатканын дагы жүйө кылган.
Кыргызстан күз-кышта Өзбекстандан 750 млн. кВт/с, Казакстандан 900 млн. кВт/с электр энергиясын алмак. Азыр Бишкектин бар үмүтү Түркмөнстанга артылып, Өзбекстан аркылуу электр энергиясы сатып алууну көздөп турат. Ал эми Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатуудан баш тартты. Анын себептери ачык айтылган эмес.
Тажикстандагы тартыштык
Ошол эле кезде Тажикстандын өзүндө электр энергиясын байма-бай өчүрүүлөргө даттангандар бар:
"Биз азыркы мезгилде биз жашаган кварталга электр энергиясынын берилишине абдан эле нааразыбыз. Анткени, азыр эле аны үзгүлтүк менен берип жатышат. Кыштын суугунда да ушинтип өчүрсө эмне болот? Гидроэлектрстанцияларын ким үчүн курдук эле? Ал эми биз ошол эле кезде электр энергиясынын акысын өз убагында төлөп жатабыз. Жаныбызда "Рогун" жана "Нурек" ГЭСтери жайгашкан. Ал эми биз минтип жарыксыз отурабыз", - дейт Рудаки районунун тургуну Парвина Юсуфова.
Электр жарыгын өчүрүүлөр негизинен аймактарда көп экени белгиленди. Тажикстанда да көмүр кымбаттап, кышта үйлөрдү жылытуу чоң көйгөй экени айтылды. Бадахшан менен Согду облустары көмүрдү Кыргызстандан сатып алып келген. Чек аралар жабык болгону көмүр таңкыстыгын жаратты.
"Биздин 1,5 айлык ымыркайыбыз бар. Кыш чилдеде үйдү кантип жылытабыз, билбейм. Өткөндө көмүрдүн тоннасын 3 миң сомониден сатып алдык. Бирок ал кышка толук жетеби, билбейбиз. Анткени, биз эки үйдү жылытышыбыз керек. Кыштан кантип чыгарыбызды азыр мен айта албайм", - деди тажикстандык тургун Зумратби Бегалиева.
Кыргызстан кышында Тажикстандан электр энергиясын алып, ал эми ага адатта көмүр сатып турган. Быйыл жаздагы чек ара чатагы ымаланы бузуп, кошуналар алыш-беришти токтоткону эки тарапка тең көйгөй жаратты.
Дагы караңыз Борбор Азиядагы энергетикалык кризистин себептери