Керээттүү кеби бар элдин келечеги байсал болор. А бизчи? Биздин сүрөгөнүбүз бүгүн кайсы күлүк, кайсы тулпар? Шайлоолордо саясий шылуундарга, рухий жакырчылыкта тотукуш таксырларга сүрөөнчү болуп алганыбызбы?! Кубаттаганыбыз ошолор. Кошоматыбыз да ошолорго. Караламан калк көңүлү ошолорго ток.
Жапырт кол чаап капкайдагы ырчы-чоорчуларды көктөгү жылдызга теңейбиз да, куну балант чыныгы искусство каармандары жараткан көркөм туюм, көркөм образдардын баркын баалап, даңкын даңазалоого жок эл экенбиз.
Дегеле базары кайнаган өнөрпоздор кимдер бүгүн? Кимдердин заманы? Кумар, моокумубузду кандырган кимдер? Шоу-бизнес өкүлдөрү менен эле жел колтук ырчы-чоорчу, комуз черткен, дастан айткан, “Манас” айткан эл шайырларынын өнөрүнө көөнүбүз курсант.
Үйдө отурганы менен тойдо отурганынын баарынын назарында жалаң эле жеңил-желпи ырчы-чоорчу. Анан эле ат тезегин кургатпай тартылган коммерциялык багыттагы примитивдүү кино тасмалар эл эрмегине айланды. Көңүл кушу ошолордо.
Ал тургай кандай саясий шайлоо болбосун, эл добушун көбүрөөк топтоонун айласын издеген саясатчылар да өз деңгээлине жараша кайсы тантык ырчы-чоорчунун атагы таш жарып турса, ошолордон капчыгын аянбас берешен болуп калышканы – биз сөз кылар рухий майыпчылыкка кабылган жалпы коомдун эстетикалык талабы болуп калган жокпу?!
Дагы караңыз Жумагулов: Маданияттын аксаганы кечиримсизАл эми чыныгы профессионал искусство өкүлдөрү жараткан көркөм дөөлөттөрдүн куну өз баасын алып жатабы бүгүн? Жок. Профессионал искусство баалуулуктары жылдан жылга кодура таланттардын сүрмө тобунан четке сүрүлүп барат!
Албетте, түбөлүк түркүктүү искусствонун табериктей табылгалары тар чөйрө арасында болсо да өз баасын албай койбойт деңизчи, бирок бүгүн Кыргызстандын кайсы теле каналы, кайсы радио түйүнү бар; профессионал театр өнөрүнүн же академиялык симфониялык оркестрдин музыканттарынын өнөрүн жалпы элге жайылткан?! Кайсы опера ырчысынын, кайсы балет бийчисинин чыгармачылык көркөм дасмиясын пропагандалаган телеканалды атап бере аласыз, окурман?! Баары эле жеңил-желпи шоу-бизнестин ырчы-чоорчулары менен элдик өнөрпоз, элдик фольклордун өнөрпоздорунун чыгармачылыгын тартуулап келатышканына маашырбыз.
Дагы караңыз «Манас» эпосундагы диндин ордуМакул, элдик дастандар, комуз күүлөрү, “Манас” айтуучулардын өнөрү элге кеңири жетсин, жайылсын. Каршылыгым жок. Элдик фольклорду мен да таңгым жок. Тек, эмнеге элдик фольклор менен профессионал искусствонун параметрлерине бирдей артыкчылык берүүгө мүмкүн эмес заманга келдик?
Алгыр бүркүт көргөндү курбака көрбөйт
Илгери бир оронун түбүндө жаткан курбака менен бир бүркүт ашына болуп калган экен. Бүркүт көктү жарып чабыттап жүрүп, бир күнү курбака ашынасына кайрылып, оронун жээгине конуптур. Оронун караңгы, сыз түбүн эңкейип карайт. Курбака «Ээ, бүркүт ашына, кайларда убара болуп жүрдүң?» деп сурайт. «Оо, булуттардан нары чыктым, кең ааламды кыдырдым, күнгө жакын бардым, айды бир айланып келдим!» деп шаңшыйт бүркүт. «Ээ, мен муну сынайынчы!» деп ойлонот курбака, суроо берет: «А түзүк, күнгө жакын барсаң, айды бир айланып келсең, күн канчоо экен?». «Күн бирөө» дейт бүркүт. Курбака «Ай канчоо экен?» деп сурайт. «Ай бирөө» дейт бүркүт. «И, так айтты, көргөнү чын экен» деп ойлонот да курбака: «А жылдыз канчоо экен?» деп сурайт. Бүркүт ашынасына чынын айтат: «Эсептей албадым. Өтө көп экен!» дейт.
Дагы караңыз Театр ордуна тойду тандаган элитаОшондо курбака көпкө бакырып, шылдыңдап: «Уа-а! Жалганчы! Алдамчы! Уа-а... Жылдыз бирөө эле! Уа-а!» деп күлүптүр. Кыраан бүркүт бир шаңшып: «Жаткан жериң оронун түбү болсо, сага эки жылдыз көрүнмөк беле?» деп, кайра көккө атылып чыгып кеткен экен...
Жеңил-желпи ырчы-чоорчу, фольклордук өнөрпоздордун сүрмө тобунан сүрүлүп четте калган профессионал искусство жаатынын өкүлдөрүнүн айырмачылыгы да кудум ушул Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романынан келтирилген уламышты аргасыз эске салат.
Чын-чынында бүгүнкү күнү профессионал искусство тармагынын ооматы кетип, биз да ааламды аралап келген бүркүттү шылдыңдаган курбака шекилдүү – бийиктикке эң төмөндөн көз чаптырып калбадыкпы? Же өз оросунан алысты көрбөгөн курбака сымал, биз жалаң фольклорго көмүлүп, шоу-бизнестин шооратын тыңшаган калың массага айланабызбы?
Жогорудагы уламышты кепке кыстарганымдын дагы бир себеби: өткөн жылы диний чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлдөрү "Фейсбук" аркылуу балет бийчилерин шылдыңдаган көрүнүштү абдан чоң талкууга салышканы бар. Агер динчилдердин көзү менен карасак, балет өнөрү – жеткен балит имиш. Жалапчылык өнөр имиш! “Эркеги аялды көчүктөн мыкчып сахнага чыкканы кыргыз үчүн өөн көрүнүш” деген дөдөмөл түшүнүктөгү таксырлардын мындай көз караштары албетте, өз оросунан башканы көрбөгөн курбака бечара кудум бүркүттү шылдыңдагандай кеп бул эми. Буга бырс этип күлүп алгандан башка аргабыз да жок...
Дагы караңыз Диндарга жакпаган “Бачата” бийиАлбетте, аялзаттын ороп-чулганган гана кебете-кешпирин көргүсү келген молдокелер балет искусствосунун сулуулугу менен улуулугун кайдан бааласын. Тек гана Конституциябызда диний тескөөдөн тыш светтик өлкө экенибизге карабай, бүгүнкү күндө Кыргызстан чылгый исламчыл күчтөрдүн таасири алдында калгандан улам оозуна келгенди оттогон таксырлардын тизгинин кагып коюуга кыргыз бийлиги да шалтурук позицияны карманганы кейиштүү.
Ал эми караламан калктын калың катмарындагы кайнаган турмушка жакшылап баам салган кишинин көзүнө эмне урунат бүгүн? Рухий майыпчылыкка кабылган калк турмушу! Өзгөчө элет жеринде жашаган кайсы кыргыздын үйүнө кирбеңиз, ар бир үйдө диний догмаларга шыкалган сабатсыз диний китептер гана колго урунбаса, дээрлик көпчүлүгүнүн үйүнөн көркөм адабият көзгө чалдыкпайт.
Уккан-көргөн кинолору – эң примитивдүү кыргыз тилиндеги кино тасмалар менен эле тантырак ырчы-чоорчулардын компакт дисктери. Бүттү! Эгемендүү Кыргызстан эли жылдан жылга уламыштагы өз оросунан алысты көрбөгөн курбаканын өзү болуп бараткандай!
Олжобай ШАКИР
P/S: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.