Орусия менен ийгиликсиз сүйлөшүүлөрдүн шартында АКШ мамкатчысы Энтони Блинкен Киевден кийин Берлинге Европадагы өнөктөштөр менен жолугушууга барды.
Бул сүйлөшүүлөрдө Украинанын чек арасында орусиялык аскерлер топтолуп, андан улам согуш коркунучун алдын алуу үчүн дипломатиялык жолдор изделүүдө. АКШ президенти Жо Байден Орусиянын аскер агрессиясын токтотууга күч жете турганын эскертти.
АКШ мамкатчысы Энтони Блинкен 20-январда Германия, Франция жана Британиянын тышкы иштер министрлери менен Берлинде жолукту. Анын эртеси ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү үчүн Женевага барат. Бул жолугушууда Орусиянын агрессиясын ооздуктай турган “Түндүк агым-2” газ кууру сыяктуу маселелер талкууланары айтылды.
"Азыр ал газ кууру Орусия үчүн кандай рычаг болсо, бизге дагы ошончолук, балким, андан көбүрөөк рычаг болуп саналат. Анткени Орусия Украинага каршы кайрадан агрессия жасаса, газдын ал куур аркылуу өтүшү мүмкүн эмес", - деди АКШ мамкатчысы Энтони Блинкен.
АКШ Мамдепартаментинин басма сөз катчысы Нед Прайстын айтымында, Блинкендин Берлиндеги жолугушуусу "Орусиянын Украинага каршы агрессиясын токтотуу чараларына багытталды. Анын ичинде союздаштардын "Орусияга таасир этип, оор кесепеттерге алып келе турган экономикалык санкцияларды салууга даярдыктын деңгээли" талкууланары күтүлүүдө.
Блинкендин бул сапары Орусия Украинага жакын чек арада 127 миңдей аскерин топтоп, Москва Беларуска аскер күчтөрүн жайгаштырган учурга туура келди. Бул чукул аскердик машыгуу Батышта жаңы согуш коркунучу тууралуу кабатырлануу жаратты.
Украиналык дипломат жана коопсуздук саясаты боюнча эксперт Александр Хара Блинкендин бул сапары кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу экенин белгиледи.
"Кара деңизди көздөй болжол менен алты чоң десанттык кеменин багыт алышы, бул орусиялык куралдуу күчтөрдүн Беларустун аймагында пайда болушу жана медиада кремлчил саясатчылардын риторикасынын катуулашы. Менимче, мунун бардыгы жагдайдын олуттуу экенинен кабар берчү белги. Москванын стратегиялык пландарын өзгөртүү үчүн кечээ жакында Британия ыкчам шартта бизге кошумча курал-жарактарды бергени болду деп ойлойм. Бул деген эгерде алар оккупациялоо тилкесин кеңейтип, жаңы аймактарга басып кирсе, бул жөн эле сейилдөө болбой турганын түшүнүш үчүн жасалды", - деди Александр Хара.
Мындан бир күн мурда Энтони Блинкен Киевге барып, Вашингтон Украинаны толук колдоруна ишендирди. Ал Орусия Украинага каршы агрессиялык кадамга барса, АКШ Киевге коргонуу үчүн кошумча аскердик жардам берүүгө даяр экенин айткан.
АКШ президенти Жо Байден Владимир Путин, кыязы бир чечимге келе электигин, эгер аскердик чабуул жасоо чечимин кабыл алса, Орусия оор кесепеттерге дуушар болорун эскертти:
"Менин оюмча, ал дагы деле эч кандай толук кандуу согушту каалабайт. Бул биринчиден. Экинчиден, ал Батышты сынап жатат. АКШ менен НАТОну мүмкүн болушунча сынайт деген ойдомун. Бирок менимче, ал үчүн бул нерсе өтө кымбатка турат деп ойлойм. Азыр ал бул иш кандай кесепеттерге алып келерин ойлобой эле турат. Эгерде ал буга барса, кийин ал аны жасаганына абдан өкүнөт деген ойдомун", - деди АКШ президенти Жо Байден.
Жо Байден Украинага кол салуу Орусия үчүн “чоң апаат” болорун жана Москвага эбегейсиз экономикалык жана аскердик же саясий зыян алып келерин кошумчалады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский калкка кайрылып, Орусиянын болжолдуу кол салуусуна байланыштуу жарандарды дүрбөлөңгө алдырбоого үндөдү.
Өткөн аптада Киевде америкалык сенаторлор менен жолугушууда Зеленский Орусиянын Украинага ыктымал басып киришин күтпөй, ага каршы токтоосуз катаал санкцияларды киргизүүгө чакырды.
Кремл 20-январда Орусиянын Украинага кол салуу планы бар экенин четке какты. Москва ошондой эле АКШ Орусияга карата ар кандай кесепеттерди байма-бай эскерте бериши кырдаалды андан ары карай курчута турганын билдирди. Энтони Блинкен Орусия Украинага жакын жерде аскер күчтөрүн күчөтүп жатканына карабастан, анын Лавров менен алдыдагы сүйлөшүүсүндө Москва чыңалууну жөнгө салуу үчүн дипломатиялык жолду тандарына ишеним арта турганын билдирди.
Орусия Украинанын чек арасына жакын аскерлерин топтоштуруусу 2014-жылы аннексияланган Крымга аскер күчтөрүн жайгаштыргандан берки басып кирүү коркунучун жараткан эң ири планы катары каралууда.