“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын мурдагы ички иштер министри, генерал Мелис Турганбаев болду. Ал маегинде милицияга кантип келип калганын, уюшкан кылмыштуу топтордун табияты, бийликтин аларга мамилеси, депутаттардын кызматташтыгы, буйуртма өлтүрүүлөрдөгү кылмыштуу топтордун орду, милициядагы жылбаган реформанын себептери жөнүндө кеп кылат.
- Мелис мырза, уюшкан кылмыштуу топтор деп көп айтылып калат. Алар кимдер, анын мыйзамдуу аныктамасы кандай?
- Алардын уюшулган өз системасы болот. Ар бир топтун жасай турган милдеттери бар, баарынын ролдору бөлүнгөн, башында жетекчиси болот. Алардын жайгашкан орундары, чогулуп тура турган жерлери болот. Топтордун өзүнчө каржылоосу, жогорку мамлекеттик органдар, анын ичинде укук коргоо мекемелери менен коррупциялык схемалары бар.
- Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор бир адамга баш ийген структурабы, же бир нече топтор бар десек болобу?
- Мисалы, 1990-жылдардын башында кылмыштуу топтор көп болчу. 2000-жылдан кийин алар да көп өзгөрүүлөр болду. Мисалы, мурда алардын саясат менен иши жок болчу. Акыркы жылдары шайлоого катуу аралашып келатышат.
- Мурдагы ички иштер министрлеринин бири “парламенттеги 20 депутататтын кылмыштуу топтор менен байланышы бар” деп айтты эле. Ушул чынбы?
- Жыйырмага жетпейт, бирок, депутаттардын арасында алар менен кызматташкандар бар...
- Ошондой болсо, депутаттардын жоопкерчилигин сураганга болбойбу?
- Биз бардыгын мыйзам чегинде жасашыбыз керек. Ошондуктан 2010-жылы эле уюшкан кылмыштуу топтор жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге менен чыкканбыз. Грузиянын тажрыйбасын үйрөнгөнбүз. Мыйзам долбоорун парламентке алып барганда биз каалагандай вариант өткөн жок, канат-бутагы кыркылып калды. Тилекке каршы, ал жерде андай күчтүү мыйзамды өткөрбөй коюуга кызыкдар депутаттар болгон. Сырттан да таасир болду окшойт. Акыры тажаганда “кандай болсо да мыйзамды кабыл алып бергилечи” дегенбиз. Жыйынтыгында иштебеген мыйзам кабыл алынган.
- Демек, "бийлик башындагылар уюшкан кылмыштуу топторду калкалап турат" деген чын экен да?
- Эми аны коомчулук жакшы эле билет, ансыз болбой жатпайбы...
- “Уюшкан кылмыштуу топтор кайсы мамлекетти алба болуп келген, болуп жатат, мындан ары да болот” деген ойлор көп. Аларды ордуна коюуга мамлекеттин күчү жетпейби?
- Туура айтасыз, кылмыштуулук болгон жерде, түрмөлөр болгон жерде уюшкан кылмыштуу топтор болот. Түп-тамырынан жоюп салыш мүмкүн эмес. Өнүккөн мамлекеттерде да бар. Бирок, аларда уюшкан кылмыштуу топтор өзүлөрүнүн ордун билишет, өз мыйзам-эрежелери бар, ошолор менен жашашат, алар саясатка кийлигишпейт.
- Бийликтегилер кылмыштуу топтордун болушуна кызыкдар деген ойлорго кошуласызбы?
- Бийликтегилер уюшкан кылмыштуу топторду өз кызыкчылыктарына, өзгөчө шайлоолордо пайдаланып келген. Биз оперативдүү кызматкер катары маалыматтарды президенттерге чейин берип турчубуз. Алардын колу менен буюртма өлтүрүүлөр көп болду. Буюртмаларды аткарган кылмыш дүйнөсүнүн башчылары азыр аркы дүйнөдө...
- Буюртма өлтүрүүлөр "Бакиевдин убагында көп болду" деп калышат, анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?
- Бакиевдин убагында уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө көңүл бурулбай калган деп айта албайм. Тилекке каршы, саясий оппоненттерин ошол кылмыштуу топтордун колу менен тазалашты да.
- Мелис мырза, Бакиев президент болуп турганда уюшкан кылмыштуу топтун ана башы Рысбек Акматбаев талапташтары менен Ак үйдүн алдына митинг кылып, президенттин чыгышын талап кылган, натыйжада Бакиев чыгып, талаптарын уккан. Бул көрүнүштү сиз кандай баалайсыз?
- Бийликтин байланышы бар экени көрүнүп турбайбы. Болбосо президент эмнеге чыгат? Мамлекеттин президентин бир кылмышкер келип, “эшикке чык” деп жатса...
- Атамбаевдин заманында Беларуста уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин бири Анапияев өлтүрүлгөнүн жакшы билесиз. Аны кыргыз бийлиги тарабынан жалданган адам өлтүргөн деген версия бар, сиздин оюңуз кандай?
- Ал окуя боюнча биз убагында өз версиябызды жалпыга маалымдоо каражаттарына айтканбыз. Кылмышты көргөн адам Кыргызстанга качып келгенде биз Беларустагы кесиптештерибизге кат жазып, "окуянын күбөсүн суракка алгыла" деп кайрылганбыз. Далилдери бар экен деп жаздык. Бизге алар көңүл бурган жок, келишкен дагы жок. Ошондон кийин биз окуянын күбөсүн мамлекеттик коргоого алганбыз. Анапияевди бийлик жалдап өлтүрттү деген суу кечпейт. Анапияев ал кезде Кыргызстанда таасири жок болчу. Биздеги маалыматтарга таянсак, алар ичи ара акча талашып эле өлтүрүп алышкан.
- Атамбаев президент болуп турганда “Батукаев менен Жаныш Бакиевди алмашуу боюнча макулдашуу болгон” деп айтылып келатат. Сиздин пикириңиз кандай?
- Бул эми жөнөкөй эле оперативдүү маалыматтардын негизинде айтылса керек...
Маектин толук вариантын видеодон көрүңүз.