Өз аймактык бүтүндүгү үчүн салгылашып жаткан украиндердин мамлекеттүүлүк күнү Бишкекте майрамдалды

Элчи В.Жовтенко. 15.7.2024.

Эгемен Украинада мурдагы Советтер Биримдигинен мамлекеттик көз карандысыздык жарыяланган күнгө байланыштуу 24-августтагы майрамдан тышкары “Украинанын мамлекеттүүлүк күнү” аттуу майрам дагы расмий белгиленет. Бишкекте ушул майрамга байланыштуу маданий кече алгачкы жолу 15-июлда өткөрүлдү. Тарыхчынын блогу.

"Украинанын мамлекеттүүлүгүнүн күнү" ("День Української Державності") – Украинадагы өзгөчө кадыр-барктуу улуттук майрамдардын бири. Бул майрам 2022- жана 2023-жылы 28-июлда расмий белгиленген.

Андан соң бул майрамды ар жылы 15-июлда майрамдоо тууралуу чечим кабыл алынган.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери мырза (солдо) жана 2022- жана 2024-жылдары Украинага барган кыргызстандык журналист Адил Турдукулов. “Новотел” конок үйү, Бишкек. 15.7.2024.

Ошентип, ордо шаары Киев болгон жана тарыхта "Киев Орус мамлекети" деп аталган орто кылымдардын эрте мезгилиндеги чыгыш европалык славян мамлекетинин бийликтеринин жана калкынын орчун бөлүгүнүн 988-жылы ортодокс христиан динин кабыл алгандыгынын урматына бул майрам үстүбүздөгү жылдан тартып 15-июлда расмий белгилене башталды.

Дагы караңыз Бишкекте Украинанын мамлекеттүүлүк күнүнө карата иш-чара өттү

Дүйшөмбү күнү, 15-июлда, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын бири болгон “Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму жана башка бир катар жарандык демилгелүү өкүлдөр Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу астында "Украинанын мамлекеттүүлүгүнүн күнү" майрамына багышталган маданий кечени Бишкек шаарындагы жаңы эл аралык конок үйү болгон “Новотел” (Novotel) мейманканасында өткөрдү.

Ага Кыргызстандагы бир катар элчиликтердин, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, кыргызстандык жарандык коомдун өкүлдөрү, бир катар публицисттер, журналисттер жана укук коргоочулар катышты.

Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года мырза (солдо) жана 2022- жана 2024-жылдары Украинага барган кыргызстандык журналист Адил Турдукулов. “Новотел” конок үйү, Бишкек. 15.7.2024.

Бул кече маалында кыргыз журналисти Адил Турдукулов Украинага 2022- жана 2024-жылдары жасаган сапары маалында чогулткан бай маалыматтар чагылдырылган “Биздикилер Украинада. 2022” жана “Биздикилер Украинада. 2024” деген даректүү тасмалардын урунттуу бөлүктөрү сунушталды.

Даректүү тасма. “Биздикилер Украинада. 2024”. Shaman TV. 15.7.2024.

Баалуу тасмада путиндик баскынчыл режимге каршы айыгыша согушуп жаткан украиндер гана эмес, Украинада байырлап жаткан жана оор кезеңде украин элине бул өлкөнүн ичинен ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткан Азиз Эркимбаев, Курманбек Раманов, Таалай Сары сыяктуу бир катар кыргызстандыктар дагы өз башынан кечирген окуялар жана кыргыздардын украиндерге тилектештиги тууралуу айтып беришкен.

Таалай Сары – кыргыз жараны. Ал “Биздикилер Украинада. 2024” деген даректүү тасманын каармандарынын бири. Аны менен кыргыз журналисти Адил Турдукулов Украинадагы сапары маалында баарлашкан. 15.7.2024.

Тасмада согуш запкысын чегип жатышса да, эгемендик үчүн эрки моюбаган жергиликтүү көп этностук калайык, ошондой эле, украин жергесиндеги казактардын тилектештик боз үйлөрү, Украинадагы Кыргызстан тууралуу этнографиялык-маданий музей жана башкалар тууралуу дагы баяндалат.

“Биздикилер Украинада. 2024” деген аталыштагы даректүү тасманын темасы. Тасмага Адил Турдукуловдун Украинадагы сапары жана маектери камтылган. “Новотел” конок үйү, Бишкек. 15.7.2024.

Кыргыз жарандарынын чыгып сүйлөөн сөздөрүнүн башкы ою Украинанын элинин өз эгемендиги үчүн жана аймактык бүтүндүгү үчүн каармандык күрөшү жалпы эле постсоветтик Евразиянын чаканыраак эгемен мамлекеттеринин эгемендигин мындан аркы сакташы үчүн дагы орчун мааниге ээ болуп жаткандыгы жөнүндөгү орток пикирден куралган, десек жаңылышпаспыз.

Украинанын Мамлекеттүүлүк күнүнө арналган кечеге катышкан кыргызстандыктардын тобу. “Новотел” конок үйү, Бишкек. 15.7.2024.

Кеченин расмий бөлүгүнөн кийинки бейрасмий баарлашуу маалында дагы ушундай ой кайталанып айтылып жатты.

Дагы караңыз Украина менен Кыргызстандын эгемендиги – киндиктеш

Бул кечеде баскынчыл Орусиянын аскер күчтөрүнүн Украинадагы карапайым калайыкка каршы, анын ичинде, ракка чалдыккан балдар дарыланып жаткан ооруканага каршы эң соңку чабуулдары дагы адамзатка каршы кылмыш түрлөрүнүн бири катары кескин айыпталды.

“Бир дүйнө Кыргызстан” бейөкмөт уюмунун директору Төлөйкан Исмаилова айым (солдо) жана 2022- жана 2024-жылдары Украинага барган кыргызстандык журналист Адил Турдукулов мырза. “Новотел” конок үйү, Бишкек. 15.7.2024.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова, жарандык жигердүү өкүл, журналист Адил Турдукулов жана ушул кечеде чыгып сүйлөгөн бир катар башка замандаштар дагы өз сөздөрүндө “Украинага даңк!” деп айтышса, Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко өз сөзүн “Жашасын Кыргызстан!” деп аяктады.

Украинанын мамлекеттүүлүк күнү менен байланыштуу уюштурулган Бишкектеги коомдук кече жагымдуу маанайда соңуна чыкты.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.