Бишкектеги Орозо айт намазы

Быйыл Орозо айт майрамы 21-апрелге туш келди. Кыргызстанда эл эң көп чогулган Орозо айт намазы Бишкектин Эски аянтында окулду.

Өлкөдөгү бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.

Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөгөн тартип сакчылары.

Бишкектеги эски аянтта айт намазы окулду. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилери да катышты.

Орозо айт-мусулмандардын маанилүү майрамдарынын бири. Ал 30 күндүк орозодон соң белгиленет.

Бул күнгө карата өлкөнүн Ички иштер министрлиги бүгүн коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн тогуз миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштей турганын билдирген.