Эл үнү Бишкек: тынчтыкка чакырган аялдар маршы 8-Март, 2022 Гүлжан Турдубаева Согушту айыптаган плакатты кармаган катышуучу. Жөө жүрүшкө 1000ге чукул киши катышты. Иш-чаранын уюштуруучулары бул жылы марштын темасы катары бүткүл дүйнө аялдарынын согушка каршы тилектештиги тандалганын билдиришти. Марш “Россия” кинотеатрынын жанынан башталып, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды.