Бишкекте жаңы курула баштаган имарат урады

Саламаттык сактоо министрлигинен "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, алты адамды тез жардам унаасына салып кетишти, дагы төрт адамга жеринен медициналык жардам көрсөтүлдү.

"Азаттык" радиосунун кабарчыларынын айтымында, учурда окуя болгон жерде милиция жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатышат, кеминде үч тез жардам унаасы менен жабыркагандарды алып кетишти.

Курулуш кайсы компанияга таандык экени да азырынча айтыла элек.

Курулуш объектисинде болгон кырсыктын себептери иликтене баштаганы тууралуу “Авангард стиль” курулуш компаниясынан кабарлашты.

Компаниянын өкүлү Наргиза Нарынбаеванын айтымында, эки жумушчу ооруканага жаткырылды, алардын өмүрүнө коркунуч жок.

- Бүгүнкү кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Эки кабат имараттын чатырынын конструкциясы урап калды. Жанында курулуп жаткан көп кабат үйгө анын тиешеси жок. Кырсыктын себептери иликтенип жатат.