Бишкек: Жөө күлүктөрдү сынаган марафон

Run the Silk Road аттуу эл аралык жарым марафонуна Кыргызстан, Беларус, Азербайжан, Германия, Италия, Орусия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Украина, Өзбекстан, Канада, Грекия, Чехия, АКШ өлкөлөрүнөн келген 1500дөн ашык спортчу катышты. 

Марафон 21, 10, 3 чакырым аралыктарда өттү. Андан сырткары быйыл биринчи жолу  өспүрүмдөр арасында да (бир чакырым) жарыш болду. 
 

Спортчу, жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган марафондор Кыргызстанда жыл сайын өтүп келет. 

Кыргыз спортун дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаров жеңил атлетика менен 1968-жылдан тартып машыгып, эл аралык мелдештерде мөөрөй алган. 

1974-жылы «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 14 чакырым аралыкка чуркоодо 2-орунга жеткен. Ал СССРдин чемпионатында 10 чакырым аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон.

1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-Олимпиадалык оюндарда 42 чакырым 195 метр аралыкты эки саат 11 мүнөт 16 секундада чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын тарыхында алгачкы болуп үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган. 

Сатымкул Жуманазаров - СССРдин тарыхында биринчи жолу марафон боюнча Олимпиаданын коло байгесин камсыз кылган спортчу болгон. 

Ага спорттогу жетишкендиктери үчүн СССРдин спорт чебери, СССрдин эл аралык даражадагы спорт чебери жана СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери наамдары ыйгарылган. 

Кыргызстанда жыл сайын ар түрдүү марафондор өтүп келет. Ага дасыккан спортчулардан сырткары чуркоону сүйгөн жарандар катыша алат. 

Байге алган жөө күлүктөр. Кыргызстандык спортчу Гүлшанай Саттарова (сүрөттө оңдо) аталган марафондун коло байгесин утту. 

Мырзалар арасында жарым марафонду өзбекстандык Нодирбек Муталипов утуп алды. Ал 70 миң сом менен сыйланды.