БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши: Аун Сан Су Чжи жана башкалар бошотулсун!

Бирмалык демонстранттар Янгондогу жапон элчилигинин имаратынын алдында аскердик кутумга каршы нааразылык чарасын уюштурду. 2021-жылдын 10-февралы.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку органы Бирманын (Мьянманын) аскер жетекчилигинен жарандык башкарууну калыбына келтирүүнү жана Аун Сан Су Чжини боштондукка чыгарууну талап кылды. Ал Түштүк-Чыгыш Азиядагы аскердик төңкөрүшкө нааразы болгон жүз миңдеген киши чыгып жатканын "дүйнө карап турат" деди.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 12-февралда "өзүм билемдик менен кармалган" адамдардын бардыгын бошотууга жана "шайланган өкмөттү калыбына келтирүүгө" чакырган резолюция кабыл алды.

1-февралдагы аскердик төңкөрүштөн кийин Су Чжи жана президент Вин Мьинден башка дагы 350дөн ашуун киши камакка алынды. Кармалгандардын арасында жарандык активисттер, журналисттер, студенттер жана кечилдер бар, деди БУУнун адам укуктары боюнча комиссарынын орун басары Нада ан-Нашиф.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши. Жалпы көрүнүш. Женева, Швейцария. 2018-жылдын 13-марты.

Аскер жетекчилигинин бийликти басып алышы "он жылдык демократиялык өткөөл мезгилде мүшкүл менен камсыз кылынган жетишкендиктерден кийин өлкө үчүн өтө чоң артка чегинүү болуп саналат", – деди ан-Нашиф айым. Ошондой эле ал тынч жыйындарга жана сөз эркиндигине жол бербөө үчүн чыгарылган "катаал буйруктарды" айыптады.

Дагы караңыз Мьянмада калайман каршылык күчөдү


БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин сейрек уюштурулуучу атайын отуруму Улуу Британия менен Европа Биримдигинин өтүнүчүнө ылайык өткөрүлдү. Бул отурум АКШ 2018-жылы Трамптын администрациясынын чечимине ылайык бул өлкө чыгып кеткен кеңешке катышуусун кайра жандандыргандан көп өтпөй уюштурулду.

Кеңештин чечими баштапкы долбоор Кытай менен Орусиянын кысымынын астында оңдолгондон кийин эч каршылыксыз кабыл алынганы айтылууда.

Найпидо шаарындагы кутумчуларга каршы нааразылык жыйыны. 2021-жылдын 8-февралы.

Бирманын 1-февралга чейинки өкмөт башчысы Аун Сан Су Чжи айым аскердик кутумчулар тарабынан өлкөнүн борбору Нейпидо (Нейпьидо) шаарында кармалган болчу.

Өлкөнүн эң ири шаары болгон Янгон шаарында жана башка аймактарда калайык февралдын башынан тартып кутумчуларга каршы нааразылык чараларга чыга баштады.

Аун Сан Су Чжи жана Майк Пенс Сингапурдагы жолугушууда. 2018-жылдын 14-ноябры.

NLD партиясы өлкөдөгү 2020-жылы ноябрда болгон шайлоодо ишенимдүү жеңип чыккан, бирок аскер жетекчилиги бул жыйынтыктарды тааныбай келди. Су Чжи айымдын жана кызматтан четтетилген президент Вин Мьиндин адвокаты алардын өз үйлөрүндө кармалып жаткандыгын билдирген.

АКШнын президенти Жо Байден жана Батыш өлкөлөрүнүн жетекчилери Бирмадагы окуяларды өлкөдөгү демократияга жана мыйзам үстөмдүгүнө каршы чабуул катары кескин айыпташты.