Эл аралык валюта фондунун билдиришинче, Украинанын экономикасы сазга батпаш үчүн тез арада 15 млрд. доллар керек.
Украинадагы кырдаал 9-декабрда Вашингтондогу Улуттук демократия институтунда талкууланды. Жыйында сүйлөгөн АКШ вице-президенти Жо Байден Украинанын жаңы өкмөтү эки ыңкылапты баштан кечирген элдин жакшы жашоого болгон тилегин актоосу маанилүү экенине астейдил токтолду:
- Бул адамдар өлкөдөгү жашоону түп-тамырынан өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн жеңүү үчүн көзгө атарлардын огуна, суукка моюн бербеди. Алар эми шансын колдон учура албайт. Эркиндик 25 жаштан улуу. Алар эркиндикти пайдалана албады. Алар “Саргылтым революцияны” да колдон чыгарды. Аларда жакынкы болочокто чоң мүмкүнчүлүк болбойт.
Байдендин айтышынча, ал украин жетекчилиги менен телефондон бат-бат байланышып, аптасына кеминде 1,5-2 саат сүйлөшөт.
Украинанын жаңы өкмөтү 26-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына жараша түзүлгөн. Анын алдындагы башкы милдет - экономиканы реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү жана орусиячыл жикчилдер менен жүрүп жаткан согушту токтотуу. Өлкө чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдер менен апрелден бери жүрүп жаткан согушта 4300дөн ашуун адам жайран болду.
Өлкө чыгышында тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүнүн жаңы айлампасы ушу жумада болобу же жокпу беймаалым. Сүйлөшүүгө Украина, Орусия, ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун канаты астында жикчилдер катышат.
АКШ, Евробиримдик жана башка Батыш мамлекеттери мартта Орусия Крымды аннексиялап алып, Украина чыгышындагы жикчилдерди колдогону үчүн санкция жарыялаган. Киев жана НАТО ачык далилдер бар дегенине карабай, Москва козголоңчуларга курал - жарак жөнөткөнүн танып келет.
Жо Байдендин айтымында, президент Путин клептократия менен олигархияны “эл аралык мажбурлоонун куралы” ирети колдонуууда:
- Бул күндөрү өлкөлөр клептократияны жана олигархияны Путин, сыягы, эл аралык мажбурлоонун куралы катары пайдаланып жатканда, коррупция менен күрөшүү, жакшы башкаруудан башка да (өлкөнүн) өзүн коргоосу, анын бүтүндүгү жана күнкорсуздугу дегенди билдирет.
Вице-президент Байден Украина бийлигиндеги “уурулук” же клептократия менен аёосуз күрөшүү Москва колдогон жикчилдер өлкө эгемендүүлүгүнө жараткан коркунучту жеңүүгө чоң огожо болот деп эсептейт.
9-декабрдагы өкмөттүк жыйында премьер-министр Арсений Яценюк Украина-Орусия чек арасын бекемдөөгө келерки төрт жылда 8 млрд. гривна же 517, 3 млн. доллар керектелерин, ал иш үчүн эл аралык донорлордун акчасы да пайдаланыларын билдирди. Украина 1900 чакырымдык чек араны тикенектүү зым тартылган темир кашаа орнотуп, танктар өтө албоочу аңдарды казып, жана башка коргонуу курулуштарын тургузуп коргондоо планын алгач жарыялаган.
“Файнэншл таймс” гезитинин жазышынча, Эл аралык валюта фонду Украина экономикасын жөлөп-таяш үчүн чукул жумаларда 15 млрд. доллар бөлүү зарыл деп санайт. Мурда эки жылга 17 млрд. долларлык кредиттик линия ачылган. 9-декабрда Евробиримдик да буга чейин берилген 1,6 млрдэ еврого кошумча дагы насыя берүү мүмкүндүгүн талкуулашты.
Украинадагы катаал экономикалык абалдан улам Германиянын финансы министри В. Шойбле орусиялык коллегасы А. Силуановго телефон чалып, былтыр Москва берген 3 млрд. доллар насыяны төлөө мөөнөтүн узартууну сураган.
45 миллион калктуу Украинадагы кризис 2013-жылы ноябрда улуттук өкмөт Евробиримдик менен кызматташтыкты бекемдөөчү Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тартып, Орусияны карай оогондо башталып, февралда Виктор Януковичти бийликтен төңкөрүү менен бүткөн.