«Беш акын» долбоорунда Бурулкан Сарыгулова үчүнчү орунду алды

Бурулкан Сарыгулова.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 15-мартта эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштурган «Беш акын» теледолбоору өттү.

Акындардын таймашында биринчи орунду Кыялбек Урманбетов, экинчини Жедигер Саалаев, үчүнчү орунду Бурулкан Сарыгулова, төртүнчү орунду Алтынай Темирова, бешинчини Мая Осмонкулова алды.

«Беш акын» долбоору ТҮРКСОЙдун демилгеси менен 2015-жылы алгачкы жолу уюштурулган. Долбоордун биринчи жеңүүчүлөрүнө ТҮРКСОЙдун диплому, Токтогул Сатылганов атындагы төш белги жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык берилип, Түркияда өткөн поэзия фестивалына жолдомо алышкан.

Долбоордун муун-муунга карап өткөрүлгөн сынактарында ар бир беш акындын ичинен акындар Анатай Өмүрканов, Карбалас Бакиров, Атантай Акбаров, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов, Умар Нусубалиев жана Мелис Маматжанов жеңишке жеткен. (MZh/BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: Cаясий куугунтук болбойтШайлоо: 45 мандатты 1820 киши талашатРеферендум дайындалды, талаш бүтө элек