Eвропарламент Беларус бийлигине каршы санкция киргизүүнү сунуштайт

19-декабрдагы демонстрациянын катышуучуларын полиция кууп жана сабап таркаткан.

Беларуста талаштуу президенттик шайлоодон кийин түзүлгөн кырдаал жана Евробиримдик Минсктеги режимге карата кандай чара көрүүсү керектеги шаршемби күнү Европарламентте талкууланды. Өлкөнүн өзүндө болсо муну утурлай КГБнын офицерлери шайлоодон кийинки нааразылык акциясына катышкан ондогон журналисттер менен активисттердин үйлөрүндө тинтүү жүргүзгөн эле.
Европарламенттин төрагасы Ежи Бузек шаршембидеги жыйында сүйлөгөн сөзүндө Евробиримдик Беларуска каршы саясатын кайра кароосу керектигине токтолуп, расмий Минскти шайлоодон соң камалгандардын абакта калгандарын бошотууга чакырды:

Ежи Бузек
- Биз өзүбүзгө, биздин көз карашыбызча, бүгүн президент Лукашенконун өкмөтүнө демократиялык легитимдүүлүк жетпей турат деп айта алабыз. Ушул көз караштан алганда Евробиримдик Минскиге карата саясатын кайра кароосу зарыл болуп турат. Биринчи башкы маселе - беларус бийликтеринен абакта калгандардын баарын бошотууну талап кылуу, ошондой эле отуз бир активисттен аларга жаңыдан коюлган айыптарды алдырып салуу.

Беларустагы жагдай бул ирет Европарламенттин тышкы иштер боюнча комитети уюштурган жыйында талкууланды. Маселе ушул айдын аягына барып, парламенттин жалпы олтурумунда каралуусу керек. Анда Европарламент Беларуста шайлоодон кийинки демонстрациянын күч менен басылышын айыптап, өлкө бийликтерине каршы санкция киргизүүнү сунуш кылары күтүлүүдө. Бирок акыркы чечимди Евробиримдиктин аткаруучу органы Еврокомиссия кабыл алат.

Санкция мурдагы шайлоодон кийин да киргизилген

2006-жылкы талаштуу шайлоодон кийин Евробримдик Беларустун 34 расмий өкүлүнүн Европага каттоосуна тыюу салган. Санкциялардын күчү 2008-жылы Брюссель президент Александр Лукашенкону демократиялык реформалар өлкөгө пайда берерине ынандырууга аракет жасаганда токтотулуп коюлган болчу. 2006-жылкы шайлоодо президенттикке талапкер болгон оппозиция лидерлеринин бири Александр Милинкевич азыр Евробиримдик “режимди изоляциялоого аракеттенип, ошол эле учурда өлкө жарандары үчүн эшигин ачуусу керек”, деп эсептейт. Шейшемби күнү Европарламентте сүйлөгөн сөзүндө ал буларга токтолду:

Александр Милинкевич,
- Жооп катаал жана ыраатnуу болушу керек. Режимге саясий, экономикалык, дипломатиялык кысым көргөзүүнүн баардык мүмкүн болгон ыкмалары колдонулушу абзел., Бирок мындай кысым кандай болбосун биздин өлкөнүн обочодо калышына алып келбөөсү зарыл. Анткени бул өлкөдө режимге кызмат кылгандардан тышкары дагы тогуз жарым миллион беларус жашайт. Биз европалыкпыз жана Европа үй –бүлөсүнө кайтууда жолубузду эч тоспошун каалайбыз. Эки деңгээлдеги саясат иштелип чыгуусу керек. Биринчиси - бийликке карата, экинчиси - беларус коому үчүн. Эгер мындай саясаттын натыйжасында бийлик өзүнөн-өзү изоляцияланса, беларустар үчүн Европанын эшиги ачык болуусу керек.

Маалыматтарга караганда, санкциялар кайра каралып күчөтүлүүсү керектиги боюнча Европа Кеңешинде азыр эле мунаса бар. Британия, Нидерландия, Чехия, Швеция, Польша мындай кадамды жактайт. Маселе Италия, андан азыраак деңгээлде Португалия менен Испания катаал санкцияларды колдоор-колдобосуна көз каранды болуп турат.

Италия президент Лукашенконун режими менен иш кылууда байланыштын баардык каналдарын ачык кармоо дурусураак деген турумда турууда. Бирок Евробиримдиктин атыy атагысы келбеген расмий өкүлдөрүнүн айтымында, расмий Рим акыр аягында виза боюнча санкцияларга каршы чыгары арсар.

Немец канцлери Ангела Меркел шаршембиде Италия премьер-министри Сильвио Берлускони менен жолуккандан кийин жаңы санкциялар боюнча сүйлөшүүлөр кайра жандаганын ырастады.

Беларус тышкы иштер министри Сергей Мартынов да шаршемби күнү Брюсселде басма сөз жыйын өткөрүп, алар Евробримдик эки тараптын алакасында буга чейин болгондой чечим кабыл албай деген үмүттө турушканын, бирок кандай чечим болбосун беларус экономикасынын, коомунун өнүгүшүнө таасир көргөзө албасын айтты. Ал Брюсселде виза санкцияларына жол бербөө аракетинде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен жолугат.

Шайлоодон кийинки тинтүүлөр


Беларустун өзүндө болсо 19-декабардагы шайлоодон кийин ошол күнкү демонстранцияга катышты деп эсептелген ондогон активисттер менен журналисттердин үйүндө КГБнын офицерлери тинтүүлөрдү жүргүздү. Шайлоодо президенттикке талапкер Витал Рымашеуски үчүн иштеген жаш активист Андрей Шаренданын батиринде 45 минут бою жүргүзүлгөн тинтүү кезинде жашыруун жазылган аудиотасма “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун беларус кызматынын колуна тийди. Ал аудиотасма Беларустун жашыруун кызматы кандай иштээрин аңдап-билүү үчүн сейрек мүмкүнчүлүктү тартуулоодо:

- Сиздин батир азыр тинтүүгө алынат. Уюктук телефонуңарды, фоторапараттарыңарды өткөргүлө. Алардын баары кылмыш ишине тергелет.

Мына ушуга окшогон ыкма менен жалпысынан Брест шаарында эле 10-январь күнү төрт активисттин үйү тинтүүгө алынган.


Александр Лукашенко
Минск шаарында 19-декабрдагы демонстрация президент Александр Лукашенконун талаштуу шайлоодо кайра шайлануусуна нааразылык катары өткөн болчу. Он миңдеген адам катышкан демонстрациядан кийин жалпысынан 600дөй киши, анын ичинде оппозиция тарапкерлери, адам укугун коргоочулар, журналисттер камалган.

Андан бери бийликтер жүздөгөн адамдарды абактан чыгарды, бирок оппозициянын таанымал активисттери, журналисттер, президенттикке талапкер болгондордун төртөө түрмөдө кала берүүдө. Оппозиция өкүлү Александр Милинкевичтин сөзүнө караганда, абакта азыр 30дай адам бар.