Беларустагы саясий тиреш бүтчүдөй эмес

"Флешмоб" ыкмасы менен чогулган 300дөй киши Минск шаарында "Иерусалим бийин" бийлешти. Алар тыюу салынган желекти да кармап алышкан. 2021-жылдын 9-январы.

Беларустагы Александр Лукашенконун режимине каршы тынбаган нааразылык чаралары эми алтынчы айга өтүүдө. Дал ушул маалда Лукашенко 2021-жылдын соңуна чейин Баш мыйзамдын жаңы долбоору даярдалат жана референдумга коюлат деген эски убадасын кайра кайталады.

Конуштардагы нааразылык чараларынын бири. Минск. 2021-жылдын 10-январы.


66 жаштагы Лукашенко айткан ушул сыяктуу убадаларды оппозиция буга чейин эле элди алдоо амалы катары четке каккан болчу.

Лукашенконун Орусиянын сыналгысы аркылуу жарыяланган акыркы убадасы өлкөдө коопсуздук күчтөрүнүн коркутуп-үркүтүүлөрүнө карабастан, чачкын нааразылык чаралары улантылып жаткан маалда айтылды.

Александр Лукашенко. 2020-жылдын 1-январы (архив).


10-январда да Минск жана башка шаарларда коопсуздук күчтөрү оппозициячыл жыйындарга жана жүрүштөргө катышкандардын колуна тийгендерин камакка алууга үлгүрдү.

Дагы караңыз Беларустагы шайлоонун Кыргызстан алчу сабагы

Былтыр 9-августта президенттик шайлоодо жеңип чыктым деген Лукашенконун жарыясын оппозиция четке кагып, анын жеңишин тааныбай келет. Калайыктын каршылыгын режим жапатырмак камакка алуу, уруп-сабоо, өлкөдөгү медиа каражаттарына жана калайык жыйындарына чектөө киргизүү менен тосуп алды.

Эски Жаңы жыл майрамын утурулай, Лукашенко Орусиянын «Россия-1» мамлекеттик сыналгы каналына маек куруп, алдыда өзгөрүүлөр болот деген куру убадасын кайталады, бирок анын чоо-жайы тууралуу эч конкреттүү маалымат айткан жок.

Тасма. А.Лукашенконун режимине каршы нааразылык жүрүшү. 2021-жылдын 9-январы.

1994-жылы алгач шайлангандан бери Лукашенко өз бийлигин чыңдаган референдумдарды өткөрүп келди, шайлоодо көбүнесе чыныгы атаандашы жок чыкты.

Дагы караңыз Экс-президент Отунбаева президент Жээнбековдун Лукашенкону куттуктаганын сындады

Бозгундагы анын атаандашы, оппозиция лидери Светлана Тихановская "эми Лукашенконун кетүү маалы келди", деп билдирди.

Тихановская Лукашенконун быйыл жыл аягына чейин референдум өткөрүү убадасын четке кагып, эл мындай конституциялык референдумду “Лукашенкосуз эле өткөрүп алат”, деп кескин жооп кайырды.

“2020-жылы биз аны президент катары санабайбыз деп жарыялаганбыз. Ошондуктан биз, – ал куралга таянып бул кызматты ээлеп турган чагында, – анын Конституция ордуна сунуштай турган фейктерин (жалган баш мыйзамдарын) да, жашыруун отурумдарын да, театр оюнундай референдумдарын да, ал түгүл жаңы мыйзамдарын да эч кабыл албайбыз”, – деди Тихановская айым.

Былтыр талаш-тартыштуу шайлоодон кийин Беларуста кайрадан президенттик шайлоо өткөрүү, Лукашенконун бийликти тынчтык жолу менен тапшыруусу зарыл деген оппозиция Координациялык кеңеш түзгөн, бирок андан соң бул Кеңештин мүчөлөрү саясий куугунтукка кабылып келди.

Беларус Башкы прокуратурасы «бийликти басып алуу» беренесине ылайык аларга каршы кылмыш ишин козгоп, бир катар мүчөсүн суракка алган.

Азыркы кезде Кеңештин бир эле мүчөсү – Нобел сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Светлана Алексиевич гана эркиндикте. Калгандары же кармалган, же чет өлкөгө бозгунга чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

"Иерусалим бийи" флешмоб нааразылык чарасы. Минск. 2021-жылдын 9-январы.

2020-жылдын 9-августунан бери 155 күн бою нааразылык чаралары ар кыл деңгээлде уюштурулган Беларуста 30 миңден ашуун жаран авторитардык бийликке каршы чыккандыгы үчүн камакка алынды.

Дагы караңыз Лукашенко Даниил Урицкийге «Данияр» деп кайрылып, беларустар менен кыргыздарды салыштырды

Батыш өлкөлөрү Лукашенконун былтыр президенттик шайлоодо жеңгендигин тааныган жок. Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн бийлик башчылары (арасында Кыргызстандын мурдагы президенти С.Жээнбеков) анын жеңишин тааныгандыгын билдиришкен.

Кыргызстанда 2010-жылы 7-апрелде жүзөгө ашкан элдик ыңкылаптан соң өлкөдөн качууга аргасыз болгон мурдагы президент Курманбек Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов (Даниил Урицкий) жана башка айрым кыргызстандыктар ушул тапта Лукашенконун режиминин калкасы астында Минск шаарында башпаана таап жашап келишет.