Тихановская: «Биз эми көпчүлүкпүз»

Светлана Тихановская.

Светлана Тихановская Европа парламенти менен байланышып, Беларустагы окуяларды «демократиялык төңкөрүш» деп мүнөздөдү.

Президенттик шайлоодон кийин Беларустан чыгып кетүүгө мажбур болгон талапкер Светлана Тихановская Европа парламентинин өкүлдөрү менен видеобайланышта Беларуста «демократиялык төңкөрүш» болуп жатканын айтты.

«Беларус ойгонду. Биз эми оппозиция эмеспиз. Биз көпчүлүкпүз», - деди Литвадан байланышка чыккан Тихановская.

Ал беларустар эки жумадан бери бийликтин куугунтугуна, камоосуна жана опузасына карабай жарандык укуктарынын корголушун, кайрадан таза шайлоо уюштурулушун талап кылып жатышканын айтып, буларды камсыз кылыш үчүн «бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макул» экенин белгиледи.

Тихановская дүйнө мамлекеттерин «Беларустун эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн» коргоп, Лукашенконун авторитардык режимине каршы чыккан «беларустардын төңкөрүшүн» колдоого алууга чакырды.

Беларуста болсо массалык жүрүштөрдүн уюштуруучуларын камакка алуу күч алып, Беларустун Коргоо министрлиги резервдеги аскерлерин кызматка чакырганы, Куралдуу күчтөрдүн айрым бөлүктөрү аскердик даярдыкка өткөнү белгилүү болду.

Дүйшөмбүдө оппозиция түзгөн Координациялык кеңештин мүчөлөрү - иш таштоонун уюштуруучусу Сергей Дылевский менен Тихановскаянын башкы жардамчысы Ольга Ковалькова Минскиде камакка алынды. Кеңештин дагы эки мүчөсү - адвокаттар Лилия Власова менен Максим Знак Тергөө комитетинде сурак беришкен. Шейшембиде таң эрте дипломат Павел Латушко суракка алынган.

Светлана Алексиевич.

Белгилүү беларус жазуучусу, Нобел сыйлыгынын лауреаты Светлана Алексиевич да Координациялык кеңештин түзүлүшү боюнча кылмыш ишинде күбө катары 26-августка Тергөө комитетине суракка чакырылган.

Алексиевич мурдатан Беларустагы демонстранттарга каршы күч колдонулганын айыптап, «өз элине каршы согуш жарыялаган» Лукашенкону кызматын тапшырууга чакырган. Ал саясатка эч качан аралашпаган Тихановская көп нерсеге жетишкенин, «өзгөрүүлөргө, жаңы жашоого, чынчылдыкка умтулуунун символу» болуп жатканын кубаттаган.

Координациялык кеңеш Светлана Тихановскаянын демилгеси менен түзүлгөн. Кеңештин мүчөлөрү куугунтукту токтотууну, абактагы саясий туткундардын, митингдерде кармалгандардын эркиндикке чыгарылышын, 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышат. Алардын резолюциясында Координациялык кеңеш мамлекеттин конституциялык түзүлүшү менен тышкы саясий курсун өзгөртүүнү каалабай турганы көрсөтүлгөн.

20-августта Башкы прокуратура Координациялык кеңештин түзүлүшү боюнча Жазык кодексинин «Бийликти басып алуу» беренесине ылайык кылмыш ишин козгоп, дароо бир нече мүчөсү суракка чакырылган.

Лукашенко оппозициянын кеңешин «бийликти басып алуу аракети» катары сындап, аны «бийликке жеке таарынычы бар улутчулдар чогулуп алган» деп айыптап келет.

Александр Лукашенко.

«Бийликти өткөрүп алууга, мындайча айтканда, «жүзү каралар» чогулду. Өздөрүн оппозициянын штабы деп коюшат. Кызыгы, топтолуп алып кызмат бөлүштүрүп жатышат. Урматтуу «жүзү каралар», мен силерге айтаарым - кезекте тургандардын баарына өлкөдө кызмат жок. Шыпыргы менен күрөк бар. Биз ошону менен камсыз кыла алабыз», - дейт Лукашенко.

Беларуста оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктоо дем алыштан кийин күчөгөн. 23-августта Минскидеги Эгемендик аянтына ар кандай эсептер менен 100 миңден 200 миңге чейин адам чогулган. Ошол күнү Лукашенко 15 жаштагы уулу Николай менен тик учактан Калашников автоматын кармап түшүп бараткан видеосу Интернетке таркаган.

Беларуста элдик толкундоо 16 күндөн бери уланып жатат. Шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткандар шаар-шаарларда көчөгө чыгып, күч түзүмдөрү менен кагылышуулар болгон.

Шайлоонун расмий жыйынтыгына ылайык, 26 жылдан бери өлкөнү башкарган 65 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% алып, жеңишке жеткен. Бирок жарандык коом бийлик добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалаганын билдирип, анда оппозициянын талапкери Светлана Тихановская жеңген деп эсептейт.

Ал арада «Весна» укук коргоо уюму, Беларустагы Хельсинки комитети, Кыйноого каршы дүйнөлүк комитет менен Адам укуктары боюнча Эл аралык федерация митингдерде кармалган алты миңдей киши 10 күндөн белгисиз жайда камакта болушканын билдиришти. Алар 450дөй адам токмок жегенин, митингдердин катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн бир да кызматкерине каршы кылмыш иши козголбогонун баяндап, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноо боюнча атайын баяндамачысына кайрылып жатышат.

«Бийлик укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жарандарды катаал жазалоого атайлап даярдаган», деп айтылат алардын катында.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​