Беларустагы түн: Жарылган баш, жаш агызган газ

Чогулгандар менен ОМОНдун алгачкы кагылышуусу Жеңүүчүлөр проспектинде жайгашкан монументтин жанында башталды.

Күч түзүмдөрү үн чыгаруучу жана көздөн жаш агызуучу гранаталарды колдонуп, ушул эле районго суу менен атуучу техниканы алып келишкен.

ОМОН монументтин жанына чогулгандарга чабуул коюп, калкандары менен аларды проспекттен сүрүп чыгарды.

Көздөн жаш чыгаруучу газдын кандай түрү колдонулганы белгисиз. Ал эми үн чыгаруучу гранатадан он чакты колдонулду. Мындай гранаталар кулакты 4-6 саатка тундуруп, жада калса жарадар кыла алат.

Беларус медиа каражаттары бир учурда эле Минскинин борбордук көчөлөрүнүн бирине 20 миңдей киши чогулганын жазып чыгышты. Беларустун Ички иштер министрлиги “кырдаал көзөмөлдө” экенин айтып, митингге чыккандарды кармоо жүрүп жатканын айтканы менен канча киши кармалганын билдирген жок.

Нааразылык акциясы башталганда көчөлөрдөгү жарык толугу менен өчүрүлдү.

Минскинин шаардык Тез жардам кызматы митингчилер кандай жаракат алганын айтуудан баш тартты.

Интернетке жарыяланган видеолордо полициянын киши ташуучу унаасы (автозак) чогулгандарды тебелеп баратканын көрүүгө болот. Кийин машиненин алдында калган адам жан бергени кабарланды.

Минскинин Кальварийский көчөсүндө полиция чогулгандарды желим ок менен аткылаган. Жараат алган үч кишини "Тез жардам" алып кетти.

"Associated Press" агенттигинин сүрөтчүсү Мстислав Чернов да полициянын колунан таяк жеп, ооруканага түшкөн.

Ушундай эле нааразылык акциялары башка шаарларда да орун алды. Мисалы, Брест шаарында чогулгандар менен полиция кагылышты. Канча киши жараат алганы белгисиз.

Гомелде да жүздөгөн кишилер көчөгө нааразылыгын билдирип чыгышкан.
 

Президенттикке талапкер болгон Светлана Тихановская беларус күч түзүмдөрүн көчөдөгү зомбулукту токтотууга чакырган.

9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.