Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Беларус милициясы демонстранттын өлүмү тууралуу кабарды четке какты


Минскиде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен кагылышууда жабыркаган демонстрант. 9-август, 2020-жыл.
Минскиде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен кагылышууда жабыркаган демонстрант. 9-август, 2020-жыл.

Беларустун Ички иштер министрлиги (ИИМ) Минскидеги түнкү кагылышууларда бир демонстрант өлгөнү тууралуу кабарды четке какты. Министрликтин басма сөз катчысы Ольга Чемоданова 50дөй жайкын тургун жана 39 күч кызматкери жараат алганын билдирди. Ошондой эле өлкө боюнча үч миңдей киши кармалганын, алардын үчтөн бири Минскиге туура келерин кошумчалады.

Анын алдында «Вясна» укук коргоо борбору түндө полициянын автоунаасы сүзүп кеткен бир жигит кайтыш болгонун билдирген. Аталган борбор демонстранттын өлүмү үчүн Беларус ИИМин жана Коопсуздук кеңешин күнөөлөгөн.

Жекшембинин кечинде шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген адамдар Беларустун көпчүлүк шаарларында көчөгө чыгышкан. Баш калаа Минскиде милиция митингчилерге каршы кулак тундуруучу гранаталарды, желим окторду, көздөн жаш агызуучу газдарды колдонгон.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президент Александр Лукашенко жекшембидеги шайлоодо добуштардын 80,23% алганын билдирди. Расмий маалымат боюнча, Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 9,9% добуш топтоду.

Бирок Тихановская шайлоонун расмий жыйынтыгы бурмаланганын, көпчүлүк добушканалардан чогултулган протоколдордун негизинде өзүн жеңүүчү деп эсептей турганын дүйшөмбүдөгү брифингде жарыялады.

XS
SM
MD
LG