Беларус пандемияга карабай парад өткөрдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус илдетине кабылгандар көбөйүшү мүмкүн деп эскертип жатканына карабай, Беларустун борбору Минскиде Европада Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 75 жылдыгына карата парад өттү. Ага 3 миңдей аскер катышып, 159 техника тартылган. Парадды көрүүгө 10 миңдеген киши келди. 9-майга карата өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 21 миңден ашты, 121 киши оорудан өлдү.