Бээжин-2022: кубаныч жана ыза коштогон мелдеш

Орусиялык көркөм муз тебүүчү Камила Валиева бул оюндарда маалымат каражаттарында аты көп аталган спортчу болду. Олимпиадада алтын медал алат деп эсептелген 15 жаштагы спортчунун канынан кызытма табылып мелдештерге киргизилбей турганы айтылган. Бирок ага оюндарга катышууга уруксат берилип, жалпы жыйынтыкта төртүнчү орунду ээледи.

Кышкы Олимп оюндары 4-февралда башталган. Сүрөттө хоккей боюнча Дания курама командасынын дарбазачысы Себастьян Дам (32-номер) хоккей боюнча тайпалык баскычтагы беттеште чехиялык чабуулчу Хайнек Зохорнанын (20-номер) соккусун тосуп жаткан учуру тартылган. Бул беттеште Дания 2:1 эсебинде жеңишке жетти. 

Орусиялык лыжачы Александр Большунов Кышкы Олимп оюндарында беш медал (үч алтын, бир күмүш, бир коло) алган алгачкы спортчу болуп калды. Ал скиатлондон, марафондон жана эркектер арасындагы эстафеталык жарыштарга катышып байгелүү орундарды ээледи. 
 

 

Олимп оюндарында көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеш 17-февралда жыйынтыкталды. Анда алтын медалды орусиялык Анна Щербакова жана күмүш медалды анын мекендеши Александра Трусова алды. Коло медалга жапониялык Каори Сакамото ээ болду. Бул мелдеш Александра Трусованын "көркөм муз тебүүнү жаман көрөм" деп ыйлап жаткан видеосу менен көпчүлүктүн эсинде калды. Трусова бий учурунда беш ирет ​төрт жолу чимирилип секиргенине карабай экинчи орунду ээледи. 

 

Сүйүнүчтөн көзүнө жаш алып бийлеп жаткан америкалык спортчу Эрин Жексон. Ал коньки тебүү боюнча аялдар арасындагы 500 метрлик жарышта алтын байгени утуп алды. Ал Кышкы Олимпиадада спорттун жеке таймаш түрлөрүнөн алтын байге алган алгачкы кара терилүү аял болуп калды.

Жеңишине жетине албай сүйүнүп жаткан фин хоккейчилери. Хоккей боюнча мелдештерде өз тарыхында биринчи жолу Финляндия курама командасы алтын байгени утуп алды. Финалда фин курама командасы Орусиянын курамасын 2:1 эсебинде жеңди. 

Доктор Дин Хунтао сүйүктүүсүн терезеден өөп жаткан учуру. Быйылкы Олимпиада коронавирус пандемиясынан улам катаал чектөөлөрдүн шартында өттү. Бардык спортчулар жана аларды коштоп келген адамдар улам тест тапшырып, эки жакка ээн-эркин чыга алышкан жок.
 

Норвегиялык спортчулар Эрик Вальнес менен Йоханнес Хесфлот Клебо сыйлоо аземи учурунда. Алтын медалдардын саны боюнча Норвегия сап башында. Бул өлкөнүн спортчулары 16 алтын, сегиз күмүш, 13 коло байге утушту. 

Кёрлинг боюнча Жапониянын курама командасынын өкүлү Чинами Ёшида алтын байге үчүн болгон беттеш учурунда. Бул беттеште Британиянын кыз-келиндер курамасы 10:0 эсеби менен Жапонияны жеңип, алтын медалдын ээси болушту.

Аялдар арасындагы тоо лыжасы боюнча жарышта коло байге уткан италиялык лыжачы Федерика Бриньоне жеңишин майрамдап жаткан учуру. 

Норвегиялык спортчу Ингрид Тандревольд биатлондон мелдешке катышып жаткан учуру. Ал бул жарышта маара сызыгына жеткен кезде эс-учун жоготуп кулап калган. Спортчуга тез жардам чакырылган. Кийинчерээк анын абалы жакшы экенин айтылган. 

Беларус спортчусу Анастасия Андрианованын кыз-келиндер арасында фристайлдан мелдешке катышып жаткан учуру. Ал бул мелдештин жыйынтыгында 12-орунду ээлеп калды. Буга карабай Анастасиянын бул сүрөтү Олимп оюндарынын мыкты сүрөттөрүнүн катарына кирди. Ал эми алтын байгени кытайлык Мэнтао Чюй утуп алды.

 
 
 

Кыргызстандан бул жолу бир гана спортчу Максим Гордеев лыжа тебүүнүн слалом түрү боюнча күчүн сынады. Ал 88 лыжачынын арасында таймашып, марага жетпей калды.

Шорт-тректен эркектер арасындагы эстафеталык мелдеште биринчи орунду ээлеген канадалык спортчулар Шарль Амлен, Стивен Дюбуа, Жордан Пьерр-Жиль жана Паскаль Дион жеңишине сүйүнүп жатышат. 

Америкалык Райан Пивиротто жана италиялык Пиетро Сигел шорт-тректен 10 000 метрге муз тебүүдө чалынып жыгылып жаткан учуру. 

20-февраль күнү кечинде Бээжинде Кышкы Олимпиада-2022 оюндары расмий жабылды. Эми кийинки Кышкы Олимп оюндары 2026-жылы Италиянын Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарларында өтөт. 

Бээжинде Кышкы Олимпиада-2022 оюндары расмий жыйынтыкталды. Анда спорттун 15 түрү боюнча 109 медалдын комплектиси ойнотулду.