Бээжин сапары: Бишкек кубаттуу кошунадан колдоо күтөт

Кытайдын Коммунисттик партиясынын негизделгенинин 100 жылдыгына арналган шоу. Бээжин.

Соңку мезгилде кыргыз-кытай соода-экономикалык алакасы бир кыйла солгундаганы белгиленген.

Айрыкча жүк агымын өткөрүү жана ири долбоорлорду илгерилетүү иши токтоп калганы айтылып келди. Президент Садыр Жапаровдун Бээжинге сапарында кызматташтыкты жандантуу жана ири долбоорлорду ишке киргизүү маселеси көтөрүлөрү айтылды.

Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен Бээжинге сапары бүгүн, 3-февралда башталат. Кытайга кеткен делегациянын курамында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жана Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова бар.

Иш сапарды утурлай Жээнбек Кулубаев президент Жапаров Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышарын жана башка маселелер талкууланарын маалымдаган.

“Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу болочогу болмокчу. Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууга ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр”,-деген Кулубаев.

Жолугушууда дипломатиялык мамилелердин 30 жылдык жыйынтыгы чыгып, мындан аркы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун жаңы багыттары аныкталат.

Солгундаган соода алакасын жакшыртуу далалаты

Иш сапардын алкагында кыргыз тарап Кытайдан жүк ташууну көбөйтүүгө жана аба каттамдарын ачып, солгундап кеткен соода-экономикалык алаканы жандантууга басым жасары айтылды.

Экс-депутат Шайлообек Атазов парламентте Кытайдан жүктөрдү ташуу аксап, соода солгундаганын айтып чыккан:

Шайлообек Атазов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты. 03.05.2021

"Азыр кымбатчылык күчөп, алып сатарлар каалагандай баасын коюп жатышат. Бажы тармагы тууралуу айтып жатасыз. Анда сиз бажыдан түшчү акчанын өлчөмүн 100 млрд. сомго көтөрүүнү айтыңыз. Бирок дээрлик эки жылдан бери Кытайдан жүктөр толук кандуу келбей калды. Жүк кирбей жатса, товарлардын агымы азайып жатса, анан сиз бажыдан түшчү төлөмдөрдүн өлчөмүн кантип көтөрө аласыз? Азыркы маалда Кытайдан “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларына эмнеге жүктөр өз убагында жана толук кандуу келбей жатканынын себеби эмнеде?", - дейт экс-депутат Атазов.

Кытайдан ички керектөө үчүн жана транзит менен ташылчу жүк агымы 2020-жылы жазда кескин кыскарганы өкмөттүн өткөн жылдагы баяндамасында да белгиленди.

Бул жагдай пандемия күчөп, бажы өткөрмө жайларындагы чектөөлөр менен түшүндүрүлгөн. Бирок мында эки тараптуу мамилеге көлөкө түшүргөн башка калпыстыктан келип чыккан жагдайлар бар экени да айтылды.

"Мурдагы бийликтин катачылыгы"

2000-жылдардын башында эле "Жаңы Жибек жолу" деген аңыз менен кыргыз-кытай чек ара өткөрмөлөрү аркылуу Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө, Кавказга жана Орусияга транзиттик жүктөр ташылып турган.

Соңку жылдары бул жүктөрдүн орчундуу бөлүгү Казакстандын "Хоргос" өткөрмө жайы аркылуу өтүүгө которулуп кеткен.

Ал эми соңку эки жылдан бери Кыргызстанга жана ал аркылуу транзит өтчү жүктөрдүн агымынын көлөмү дээрлик 10% жетпеген көрсөткүчкө түшүп кеткен.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында бир күнгө гана жабылып турчу.

2020-жылы 24-январда “Жаз майрамына” байланыштуу Кытай тараптын өтүнүчү менен чек ара бир жумага жабылган.

Дагы караңыз Бишкектин дабышы. Кытайдын карызы

Бирок кыргыз бийлиги коронавирус пандемиясынын алдын алуу максатында 2020-жылы 1-февралда чек араны толугу менен жаап, аба каттамдарын токтотуп койгон.

Чек ара жабылгандан кийин бир ай өтпөй Кыргызстанда Кытайдан ташылып келинген товарлардын таңкыстыгы байкала баштаган.

Кыргызстандын бийлиги мына ошол эле жылы март айынын аягында жүк ташууну жандандыруу маселесин кароо боюнча Кытай мамлекетине тийиштүү нота жөнөтүүгө аргасыз болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул мурдагы бийликтин тушундагы кыргыз тараптын кемчилигинен улам болгонун айткан жайы бар:

Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы.

"Бизде мурдагы бийликтин тушунда туура эмес саясат жүрүптүр. Ошол маалда дүйнө жүзүндө бир дагы өлкө Кытай менен карым-катнашты токтотпоптур. Биз эле бир жактуу чек араны жаап салыптырбыз. Биз тарап бизге кирчү жүктөрдү “Кытай тараптан, анан бизге өткөндө дагы, эки ирет, эки жактан тең дезинфекциялоодон өтсүн” деген талап коюптур. Кытай тарап, андай болсо, бир күндө дезинфекциялап, өткөрө турган жүк ташуучу унаалардын агымын эсептеп чыгып, бир бажы өткөрмөсүнөн 32 машине өтөт” деп бекитип коюптур. Биз азыр мына ошону жокко чыгарып, Кытай тарап менен макулдашып жатабыз. Буюрса эки күндөн кийин Торугарттан 32 эмес 64 машина, Эркечтамдан 22 эмес 44 машина кире баштайт. Кытай тараптын талаптарын толугу менен аткарып бүттүк", - дейт Акылбек Жапаров.

Бирок Жапаров айткан бул убададан кийин деле Кытайдан өтчү жүктүн агымы көбөйбөгөнү айтылып, анын түпкү себептери түшүнүксүз бойдон турат.

Салкын тарткан мамиле

2020-жылы январь айында Кытайдын Ухань шаарында коронавирус катталып, жайыла баштаганда Кыргызстан кошуна өлкө менен чек арасын жаап, аба каттамдарын токтоткон.

Пандемиянын жайылышынын алдын-алуу үчүн “Эркечтам” жана “Торугарт” бажы өткөрмө жайлары аркылуу жүк алып өтүүгө чектөө киргизилип, жүргүнчүлөрдү ташуу тыйылган. Анын кесепетинен эки жыл өтсө да чек арадан жүк ташуу кыскарып, товарларды өлкөгө өз убагында жеткирүү логистикасы бузулганы кабарланган.

2018-жылы кышында Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктар жылуулуксуз калып, анын натыйжасында аны жаңылоо долбоорун текшерүү учурунда чыккан коррупциялык чатактан улам кытайлык ТВЕА компаниясынын жооптуу кызмат адамдары да кармалып, кийин кайра коё берилген. Бул чуулгандуу чатакка байланыштуу Кытайдын Кыргызстанда иштеген башка компанияларын текшерүү маселеси да көтөрүлүп, бирок кийин бул иш токтотулган.

Дагы караңыз Кытайдын Борбор Азиядагы таасири күчөдү

Экс-президент Жээнбековдун аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Данияр Сыдыков анда эки тараптуу мамиленин салкындашына башка маселе себеп болгонун, бирок кийин ал жөнгө салынганын белгиледи:

"2018-жылдын башында бизде тоо-кен тармагындагы кытайлыктарга каршы ар кандай митингдер жана каршылык акциялары болгон. Ошондон улам эки тараптуу мамилеге зыян келе тургандай абал пайда жаралган. Ошол кезде Кыргызстанга Кытайдын жаңы элчиси дайындалып, эки тараптуу өз ара түшүнүшүп, ал тажрыйбалуу дипломаттын салымы менен мамиле оңолду. Биз 2019-жылы эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарганбыз. Пандемия күчөп турган маалда Кытай бизге биринчилерден болуп кол сунуп, ПЧР-тесттерди, атайын каражаттарды жана дарыгерлерин жиберген. Ал эми чек араны жабуу республикалык штабдын чечими болгон. Ал мезгилде бир эле биз эмес, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр дүрбөлөң түшүп, ошондой кадамдарга барган. Биз бул чечим аркылуу вирустун кеңири жайылып кетишинин алдын алуунун жолу катары ушундай жолго барганбыз".

Данияр Сыдыков, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы. 2018.

Бишкек менен Бээжин айрыкча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбооруна басым жасап, быйыл аны бекитүүгө жетишүү үчүн олуттуу сүйлөшүүлөрдү баштай турганы айтылды. Жакында кыргыз тарап темир жол долбоорунун каттамынын техникалык шарттарын даярдап, Бээжинге жөнөткөн. Мурун Кытай- Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбооруна Орусияны өнөктөш катары кошуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүргөн. Бирок буга Москванын кызыкчылыгы эмнеде экени белгисиз.

"Карыз сыйыртмагынан сактануу"

Кыргызстандын тышкы карызынын жарымынан көбү Кытайга туура келет. Ошондуктан өкмөт тарабынан мурда тышкы карыздын өлчөмүн ички дүң өнүмдүн 50% ашырбоо ченеми коюлуп, бирок кийин ал 60% жогорулатылган.

Былтыр Шанхай форумунда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин “Бир алкак - бир жол” программасы менен Африканын, Түштүк Американын, Түштүк Азиянын, Чыгыш Европанын жана Борбор Азиянын өлкөлөрүнө инвестициялык жана каржылык жардамдарды сунуштаган.

Бирок Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф У Европадагы иш-сапарында Кытай “кайырмагынан” этият болууга чакырды:

Жозеф У. Тайвандын тышкы иштер министри.

"Эгер сиздер "Кытайдан толук көз карандымын" деп ойлосоңуздар, анда тышкы саясатыңыздар бурмаланышы мүмкүн. Эгерде сиздердин иш-аракеттер менен саясатыңыздар жарым-жартылай Кытайга көз каранды деп эсептесеңиз, анда дагы абдан сак жана этият болушуңуздар керек. Ошол эле кезде, албетте, сиздер ишкер кызыкчылыктарга доо кетирүүнү каалабайсыздар. Кытай менен экономикалык алакаларды тереңдетип, кадам таштардан мурун ойлонуп, «жети өлчөп, бир кесүү керек». Болбосо тышкы саясатта ката кетирип, «кайырмакка» илинүү коркунучу бар", - деген тайвандык башкы башкы дипломат Кытайдын экономикалык, жана саясий таасиринин кесепеттери тууралуу.

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга иш-сапарында энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү боюнча долбоорлорду жана инвестициялык кызматташтыктын натыйжалуулугун макулдашары белгиленди.

Бээжин буга чейин“Бир алкак - бир жол” демилгеси аркылуу тоо-кендерин иштетүү үчүн Кыргызстанга инвестиция салууну жана инфратүзүмдүк долбоорлорго насыя берүүнү убада кылып келген.