Кышкы Олимпиада: жасалма кар жана чектөөлөр

Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылуу аземи. 

Бээжин Олимпиадасында кышкы оюндардын тарыхында биринчи жолу жалаң жасалма кар колдонулуп жатат. 

Бээжин шаарындагы Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы. Кыргызстандын желегин Максим Гордеев көтөрүп чыкты..

Максим Гордеев Бээжин Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан жалгыз катышып жатат. Ал лыжа спортунан жарышка чыгат. 

Кытай Эл Республикасынын курама командасы параддан өтүп бара жатат. 

Кытайдын лидери Си Цзинпин.

"Куш уясы" деп аталган Бээжин шаарындагы улуттук стадиондо желбиреген Кыргызстандын желеги.
 

Президент Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Оюнга 20дай өлкөнүн президенттери келди.

Казак спортчулары.

Олимпиада-2022 иш-чарасынын бюджети 4 миллиард долларды түзгөн. Айрым басылмалар жумшалган каражаттын чыныгы көлөмү мындан он эсе көп экенин жазып жатышат.

4-февралда башталган оюндар 20-февралга чейин уланат.

Пандемиялык шартка байланыштуу Олимп оюндарынын иш-чаралары спортчулардын жергиликтүү тургундар менен карым-катыш кылуусуна чектөө коюлду. Аэропорт, спорт объектилеринде, пресс-борборлор жана олимпиадалык айылдар да тосмолонгон.

Олимп оюндарында спорттун 15 дисциплинасы боюнча 109 комплект медал ойнотулат.

Кытайдагы адам укуктарынын жапырт бузулушуна байланыштуу АКШ, андан кийин башка өлкөлөр Бээжинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир нече өлкөнүн мамлекет башчылары келишти. Путин оюндун ачылышынын алдында Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Бээжинде сүйлөшүү өткөрдү.

Допинг чырына байланыштуу орус спортчулары анда Орусиянын атынан эмес, өлкөнүн Олимпиадалык комитетинин желеги менен чыкты. WADA уюмунун санкциясына байланыштуу аларды сыйлоо аземинде Орусиянын гимни эмес, Пётр Чайковскийдин композициясы жаңырып турат.

4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.