Базардагы кымгуут. Баалар жасалма көтөрүлдүбү?

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда айрым азык-түлүктүн баасы кымбаттады. Дүң базарлар менен ири дүкөндөрдө керектөөчүлөрдүн узун кезеги жаралып, текчелерде ун, өсүмдүк майы, кумшекер өңдүү азыктар калбай калууда. Кыргыз өкмөтү азык-түлүк коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүүдө? Кайсы азыктар кымбаттап, тартыш болушу мүмкүн?

"Бир айлык товарлар 3-4 күндө сатылып кетти"​

Бишкек шаарынын тургуну Акылбек “Дордой Дыйкан” базарына барып, 5 миң сомго эки баштык азык-түлүк алып келген. Ал учурдагы кымбатчылыктан кызыл кулактар көбүрөөк пайда көргүсү келип жатканын айтып кейиди.

“Өткөн жолу суу майдын 5 литрин 720 сомдон алган элем. Бүгүн 850 сом болуптур, ал да көп жерде жок. Ошол жердеги жүктөөчү балдар айтып калышты. Дүң саткан ишкерлер азырынча кампаларын жаап коюшуптур. Баа кымбаттаганда анан сатат экен. Макарон дагы кымбаттап кетиптир, мурда 40 сом турган макарондор 65-75 сомдон болуп кетиптир. Алар дагы “бизге дүң саткандар бербей жатышат” деп айтышты. Мисалы, вагон менен алып келген май сатуучулар бар, балдар түшүрүп жүрүшөт. Ошолор кармап, сатпай, кымбаттаса сатабыз деп отурушса, калган майда-бараттар кайда барат? Кымбаттоонун бирден-бир себеби эле – баа бир аз кымбаттаса анан сатса”.

Дагы караңыз Ажикеев: кумшекер 70 сомдон, суу май 130 сомдон сатылат

Бишкектин базарларында кийинки күндөрү ун, өсүмдүк майы жана кумшекер адаттан көп көлөмдө сатылып жатат. Мындан улам баалар да өсүп, кабатыр болгон керектөөчүлөрдүн толкунун жаратты. Сатуучулар мындай көрүнүштү 2020-жылы пандемия жаңы башталган учурдагы мезгил менен салыштырат.

Кыргызстандагы мындай дүрбөлөң Орусия өкмөтү 11-марттан дан азыктары менен кумшекерди Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө экспорттоого тыюу салгандан кийин башталды. Расмий бийлик кампаларда азык-түлүктүн 5 жарым айга жетерлик кору бар экенин айтып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда.

Экономика министрлиги бааны жөнгө салуу үчүн ири соода түйүндөрүндө кумшекерди жеңилдетилген баада 67 сомдон сатууну киргизгенин жарыялады. Бирок, жеңилдетилген баадагы кумшекер ар бир кардарга 1 килограммдан гана сатылат, дүкөндөр андан ашыгына коммерциялык баа коюуга укуктуу.

“Фрунзе” соода борборунун сатуучусу Айпери кардарлар акыркы күндөрү негизги азыктарды көп сатып ала баштаганын айтып берди. Суроо-талаптын өскөнүнөн улам маркеттин бир айлык товарлары 3-4 күндө сатылып кетүүдө.

“Эл көбүнчөсү кумшекерди алып атат. Кечээтен баштап ун, май ала башташты. Кечээ күнү биздин бир айлык запасыбызды алып коюшту. Биз өзүбүздө андан көп кармабайбыз. Анын орду бүгүндөн баштап толукталат. Анткени, кечээ кечинде сатылып кетти да. Кумшекер, негизи, күндө келбейт бизге. Бир келгенде 5-6 тоннадан келет. Ал бизге бир айга кенен жетчү. Бейшембиде келген алты тонна кумшекерибиз төрт күндө эле түгөнүп калды. Шекерди анчалык көп алганда эмне. Мисалы, биз азыр баасын арзан кармаганыбыз менен, башка дүкөндөр бизден алып алып кымбат сатышат. Ошон үчүн аны арзан кылып, бирок чектөө менен берип жатабыз”.

Дагы караңыз Бишкектин ири дүкөндөрү негизги азыктарга чектөө киргизишти

"Кооптонууга эч кандай негиз жок"

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 12-март күнү азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат жыйын берип, өлкө аймагында негизги керектелүүчү азык-тулүктүн кору жетиштүү экенин билдирди. Министрдин айтымында, тамак-аш таңкыстыгы жаралат деп дүрбөлөңгө түшүүгө эч кандай негиз жок.

Аскарбек Жаныбеков, Айыл чарба министри

“Былтыр 21-августта ун чыгаруучу 15 ишкана менен үч тараптуу келишим түзүлгөн. Келишим боюнча импорттолгон буудайдан кошумча нарк салыгы алынып салынган. Өз кезегинде ар бир компания өз кампаларында 2000 тоннадан кем эмес азыктык буудайды сакташы керек. Ал көлөмдөгү буудай азыр да сакталып турат. Ал компанияларда учурда 60 миң тоннадан ашык буудай сакталып турат. Мындан тышкары, болуп көрбөгөндөй көлөм Материалдык резервдер фондунда турат. Былтыр мурдагыдан көбүрөөк көлөмдү жыйнаганбыз. Азыктык буудай боюнча да, ун боюнча да кооптонууга эч кандай негиз жок”, - дейт Жаныбеков.

Бишкектеги “Азиз” дүң базарында ун менен өсүмдүк майынын көлөмү көп эместигин көрүүгө болот. Кумшекер саналуу сатуучуларда гана аз-аздан калган. Товары түгөнгөндүктөн жаңысы келгенче күркөсүн ачпай отурган сатуучулар да бар. Базарда ун, май, кумшекер, күрүч өңдүү азык-түлүк өндүрүмдөрүн саткан Абдисалам баалардын текши көтөрүлүп жатышына бир жагынан кардарлар өзү себепкер болсо, экинчи жагынан өндүрүүчү ишканалар менен жеткирүүчүлөрдүн соода саясаты да түрткү болуп жатканын айтат.

“Кумшекер азыр убактылуу жетишпей турат. Анткени, “Кайыңды-Кант” заводу жеткире албай жатат. Алар “бизде запасыбыз көп” деп атат. Болгону базар менен дүкөндөргө жеткире албай, чыгарбай жатат. Бир жума токтотуп салды. Ошон үчүн дүрбөлөң болуп кетти да. Өсүмдүк майы Орусиядан келбей калды. Келет, бирок азайып калды. Ал жактан жеке ишкерлер ташыйт да. Биздин түшүнгөнүбүзчө, алар дагы “Кайыңды” заводундай болуп убактылуу токтотуп койду го. Алар деле “запасыбыз бар, беребиз” деп айтышат. Бизге эң көп күрүч Орусиядан келчү, ал дагы токтоп калды. Бул эми убактылуу деп атышат. Билбесем эми, убактылуубу же туруктуубу”.

Дагы караңыз Жаз жарышы: дыйканды кыйнаган кымбатчылык

Кыргызстан буудайды Казакстан менен Орусиядан импорттойт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын азыктык буудайга болгон быйылкы керектөөсү 765 миң тоннаны түзөт. Министр Аскарбек Жаныбеков 2021-жылы 200 миң тонна буудай жана 70 миң тонна ун импорттолгонун билдирди.

“Кыргызстан өз керектөөсүн камсыз кылуу үчүн 765 миң тонна буудай өндүрүшү керек. Былтыр кургакчылыктын айынан түшүмдүүлүк төмөн болуп, биз өзүбүздү камсыздай албай калдык. Жаңы түшүмгө чейин анын ордун импорттун эсебинен жабабыз. Импортерлорубузда келишимдери бар, учурда биз Орусиянын Айыл чарба жана Экономика министрликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Орусиянын токтому чек араны 100% жаап салбайт. Буга чейин түзүлгөн келишимдер бар. Бирдиктүү экономикалык мейкиндикте жайгашкан өлкөлөр белгилүү артыкчылыктар менен жеңилдиктерге ээ болобуз”.

Өкмөт быйыл айыл чарбасына 26 млрд. сом каражат бөлгөнүн жарыялаган. Анын негизги бөлүгү дыйкандарга насыя түрүндө берилет. Дан азыктарынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жогорку сапаттагы үрөндөрдү да сатып алып жатат. Айыл чарба министрлиги алынган үрөндөр Кыргызстанды 2024-жылга карай азык-түлүк жаатындагы көз карандылыктан толук чыгарат деп ишендирүүдө.