Байден "армян геноцидин" тааныды

АКШнын президенти Жо Байден мындан 106 жыл мурда Осмон империясынын тушунда болгон армян кыргынын
"геноцид" катары мүнөздөдү. Анын мындай билдирүүсүн Ераван кубаттап чыкты, Анкара болсо Байдендин сөзүн “популисттик” деп сыпаттады.

"Байден: 1,5 миллион армян сүргүнгө айдалды"

Жо Байден 1915-жылдагы окуяларды "геноцид" деп таанып, узак убактан берки негизги аймактык жана НАТОдогу маанилүү өнөктөшү Түркия менен ансыз дагы начарлап жаткан алака-катышты сынаган билдирүү таратты. Кошмо Штаттарынын президенти ишембиде армян кыргынынын курмандыктарын эскерүү күнүндө мындай "мыкаачылыкка" жол берилбеши керектигин билдирди.

"Биз жыл сайын ушул күнү Осмон империясы доорунда армян геноцидинде курман болгондорду эскеребиз жана мындай мыкаачылыктар кайталанбашы үчүн биз өзүбүзгө милдеттенме алабыз. 1915-жылдын 24-апрелинен баштап, Стамбулдагы армян интеллектуалдары жана жамаат лидерлери камакка алынды, 1,5 миллион армян сүргүнгө айдалды, өлтүрүлдү же жок кылынды".

Жо Байдендин билдирүүсүнүн көчүрмөсү.

Байден билдирүүсүндө Түркиянын Стамбул шаарын "Константинополь" деп атады.

Ал 1915-жылдагы окуялардан жапа чеккендер төгөрөктүн төрт бурчуна тараганын, анын ичинде АКШда "жаңы жашоо" баштого мажбур болгон миңдеген армян бар экенин белгиледи.

Байден бул окуяларга Рональд Рейгандан кийин "геноцид" деп мүнөздөмө берген АКШнын алгачкы президенти болду.

Анткени Кошмо Штаттарынын лидерлери 1993-жылы Билл Клинтондан бери 1915-жылдагы окуялар тууралуу жыл сайын жазуу түрүндө гана билдирүү жасап келишкен. Анда негизинен "улуу кырсык, сүргүн жана кыргын" сыяктуу сөздөр колдонулчу.

2019-жылы АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы армян кыргынын геноцид деп сыпаттаган резолюция кабыл алган.

Армения ыраазы

Расмий Ереван Байдендин билдирүүсүн кубаттап чыкты. Премьер-министр Никол Пашинян Байденге жолдогон катында: "Дүйнө жүзүндөгү армяндар геноциддин таанылышын чоң шыктануу жана канааттануу менен тосуп алышты", деп жазды.

24-апрелде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян армян геноцидинин 106 жылдыгына карата кайрылуу жасады.

Пашинян айрыкча Тоолуу Карабактагы окуялардан кийин бул жагдай ириде Ереван үчүн "коопсуздук маселеси" экенин белгиледи.

Армян Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта "армян геноцидин таануу жана аны айыптоо жалпы адамзаттын көйгөйү" деп айтылат.

Анкара: тарыхты бизге эч ким үйрөтпөсүн

Түрк бийлиги Байдендин соңку билдирүүсүн айыптады. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу "Твиттердеги" баракчасына: "Сөздөр тарыхты өзгөртө албайт же кайра жаза албайт. Биз тарыхыбыз жөнүндө эч кимден "сабак" албайбыз. Саясий оппортунизм - бул тынчтыкка жана акыйкаттыкка жасалган эң чоң чыккынчылык. Байдендин "жалган геноцид" билдирүүсүн толугу менен четке кагабыз", деп жазды.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган ишембиде Түркиянын Армян Патриархы Сахак Машалянга атайын билдирүү жөнөттү.

"Түрктөр менен армяндардын кылымдар бою жашап келген маданиятынын унутулушуна жол бере албайбыз. Бул талкууларды үчүнчү тараптар саясатташтырып, биздин өлкөгө каршы колдонуу үчүн куралга айлантуу эч кимге пайдасы жок. Бизди бириктирип турган нерсе кызыкчылыктар гана эмес. Бир өлкөгө, окшош баалуулуктарга, бирдей идеалдарга болгон чын ыкластан берилгендигибиз бизди бириктирип турат", деп жазылат Эрдогандын катында.

Режеп Тайып Эрдоган.

Деген менен Байден армян кыргыны тууралуу билдирүүсүнөн бир күн мурда ал Эрдоган менен телефондон сүйлөшкөн. Маалыматтарга караганда, аннда геноцид тууралуу сөз болгон эмес.

Расмий Анкара бул сүйлөшүүдө АКШда ФЕТО кыймылынын болушу жана Вашингтондун Сирияда жикчил террорчул топторго колдоо көрсөтүүсү өңдүү маселелерди чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиленгенин билдирген.

Ошондой эле эки лидер июнь айында боло турган НАТОго мүчө өлкөлөрдүн саммитинин алкагында жолугушуу тууралуу макулдашкан.

Ал ортодо Байдендин билдирүүсүнөн кийин АКШнын Анкарадагы элчилиги Түркиядагы жарандарына ыктымал нааразылык акциялары жөнүндө эскертүү бергени кабарланды.

Бир кылым мурун эмне болгон?

Жыл сайын 24-апрелде Арменияда жана армян жамааттары жашаган дүйнө өлкөлөрүндө 106 жыл мурда Осмон султандыгы маалындагы коогалаңда кыргынга кабылган кандаштарын эскерилет.

Эскерүүгө катышкан армаяндар. Ереван шаары, 24-апрель, 2021-жыл.

Түркия капсалаңда өлгөн армяндардын саны жөнүндө маалымат негизсиз, алар ич ара согуштун курмандыгы болгон деп санайт.

Көптөгөн тарыхчылар бир кылым мурдагы капсалаңда жана армяндарды сүр-сүргө алып, көчүрүүдө Осмон түрктөрү бир жарым миллион армянды жок кылган деп эсептешет. Ал кыргынды Франция, Орусия баштаган 20дай мамлекет геноцид деп тааныган.

Анкара армян кыргыны Осмон империясынын кулашы менен коштолгон кайгылуу окуялардын жыйынтыгы болгонун, ал жылдары түрктөр да жабыркаганын айтып, геноцид тууралуу дооматтарды такай четке кагып келатат.