Кремл “коопсуздук кепилдиктери” боюнча Кошмо Штаттары берген жоопко канааттанбаганын билдирди. Орус бийлиги Вашингтон алардын камтамасын эске алган жок деп эсептейт.
Москва НАТО чыгышка, асыресе Украина жана Грузияга карай кеңейбейт деген кепилдик берилсе гана аскерлерин Украина менен чек арадан алып кетерин айтып шарт койгон.
АКШнын Мамлекеттик катчысынын айтымында, орус Тышкы иштер министрлигине тапшырылган жоопто “НАТОнун эшиги ачык” деген принцип сакталары белгилеген.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондун өнөктөштөрү, анын ичинде Киев менен биргелешип даярдалган документ орус Тышкы иштер министрлигине тапшырылганын 26-январдын кечинде бышыктаган:
"Документтин чоо-жайына токтолбостон биз бир нече жумадан бери, иш жүзүндө жылдар бою айтып келаткан нерсени кайталаганыбызды маалымдай алам. Биз НАТОнун эшиги ачык деген принципти карманабыз. Бул милдеттенмени аткарууга тийшпиз деп акыркы апталарда мен улам айтып келатам".
Блинкен каттын мазмуну жалпы коомчулукка шардана болбой, Орусия дагы купуялуулукту сактайт деп үмүттөнөрүн кошумчалаган. Документке АКШнын жана өнөктөштөрдүн стратегиялык куралдарды көзөмөлдөө өңдүү Европадагы коопсуздукка байланышкан сунуштары да камтылган.
Блинкен Вашингтон Москва менен пикир келишпестиктерди дипломатиялык жол менен чечсе болот деген позицияда кала бергенин белгилеп, Орусияны Украинанын айланасындагы чыңалууну басаңдатууга чакырды.
Мамкатчы ошол эле маалда АКШ жана анын өнөктөштөрү Орусия кошуна өлкөгө басып кириши мүмкүн деген сценарийге да даяр турганын айтты.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков америкалыктардын жообу алар Орусиянын тынчсыздануусун эске алууга “дилгир эместигин” көргөзөрүн 27-январда билдирди.
"(Батыштагы) кесиптештер кечээ (26-январда) жасаган билдирүүлөрдөн түшүнгөнүбүздөй, биз берген документтердеги негизги пункттарды караганда алар бизди камтама кылган маселелерди эске алган жок же эске алууга даяр эмес".
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров "Украина НАТОго кошулбайт" деген негизги талап көз жаздымда калганын, бирок башка маселелерде алга жылса болорун билдирди.
Москва кошуна өлкөнү басып алуу максаты жоктугун айтып келатканы менен, НАТО чыгышка, өзгөчө Украина жана Грузияга карай кеңейбейт деген кепилдик берилсе гана аскерлерин Украина менен чек арадан алып кетерин айтып шарт койгон.
Блинкен Лавров менен жакынкы күндөрү сүйлөшөрүн айткан. Бирок Песков эки башкы дипломаттын дагы бир жолугушуусу макулдашыла электигин билдирди.
Ошол эле бейшембиде украин тышкы иштер министри Дмитро Кулеба чек арага тартылган орус аскерлеринин саны көбөйгөнүн билдирди.
Батыштын чалгын кызматтарынын маалыматтарына караганда, Орусия Украина менен чек арасына 100 миңден ашуун жоокерин топтогон. Орус армиясынын деңизде жана жерде өткөрүп келаткан улам бир машыгуусу Москва Украинага дагы бир кол салуу даярдап жатат деген кооптонууну күчөттү.
2014-жылы Орусия кошуна өлкөнүн Крым жарым аралын мыйзамсыз өзүнө кошуп алып, Донбасстагы орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн тынбай келаткан согушу ошондон бери 13 миңден көп кишинин өмүрүн алды.
25-январда Орус коргоо министрлиги аннексияланган Крымда жана украин чегине жакын жерде 6 миң аскер, 60 согуш учагы катышкан машыгуу баштаганын билдирген.
Эртеси министрлик Беларус менен биргелешкен машыгуунун алкагында ал өлкөгө SU-35 истребителдерин жөнөткөнү маалым болду.
Ал арада 26-январда кечинде АКШнын Киевдеги элчилиги Украинадагы америкалык жарандарды ал өлкөдөн чыгып кетүүнү караштырууга чакырды. “Орусиянын аскердик чабуул коюу коркунучу күчөп жаткан маалда абал кайсы жагына ооп кетерин айтуу кыйын”, – деп эскертти дипломатиялык миссия.