Баткендин футбол федерациясы мыкты деп табылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жарым коргоочу Алимардон Шүкүров Кыргызстандын "Жылдын мыкты футболчусу" аталды. Мындай наам ага 10-декабрда Бишкекте өткөн Football awards-2021 жыл мыктыларын тандоо салтанатында ыйгарылды. Бул наам үчүн Шүкүровдон сырткары Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин жана жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов ат салышкан. Футбол федерацияларынын ичинен Баткендики мыкты деп табылды.