“Кызыл өрүк” - айылдык карапайым эки адамдын сүйүүсүн баяндап, үй-бүлөдөгү жоопкерчиликти чагылдырат. Жакын адамдарды бири-бирин өз учурунда баалап, сыйлашып жашоого үндөйт. Айрым каармандардын образын айылдын жөнөкөй тургундары эле жаратууда.
Ак-Турпак айылынын тургуну Дүнүяхан Бакирова 66 жашка чыкканда тасмага тартылып, тээ бала кезинде жылт деп күйүп кайра өчкөн кыялы ишке ашканына жетине албай турат.
Бул чөйрөгө таптакыр тиешеси жок, күнүмдүк оокаты менен жүргөн элеттик аял “Кызыл өрүк” тасмасындагы негизги каармандардын биринин ролун аткарууда.
“Мен ушул "Кызыл өрүк" тасмасында Шириндин образын аткарып жатам. Ушул ролду аткаруу үчүн тандалып калганыма өтө кубанычтамын. Биринчи жолу тасмага тартылып жатам. Аябай ыраазымын. Анткени жаш чагымда киного тартылууну кыялданчумун. “Биринчи мугалим” киносунан Дүйшөн агай менен Жамийланы көрүп таасирленгем да. Карып калдым деп ойлогондо, минтип мүмкүнчүлүк келип отурат. Кыялым 66 жашка келгенде орундалып, эненин ролун аткарып жатам”.
"Кызыл өрүк" көркөм тасмасы жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын "Долу", Гилемчи", "Көк суу", "Урум" аңгемелеринин негизинде тартылып жатат.
Белгилүү режиссер Актан Арым Кубат тасманы Баткенде, жөнөкөй элеттик кишилерди ойнотуп тартууда.
Газ айылынын тургуну 73 жаштагы Гүлбара Үрүстөмова дагы киного тартылуу үч уктаса түшүнө кирбегенин айтып берди.
“Газ айылынан мына бул Таян айылына “Кызыл өрүк” деген киного тартылабыз деп келдик. Толкунданат экенсиң, майрамга жөнөгөндөй болуп. Эми бул кино жарыкка чыкса дагы да башка толкундоолор болот деп күтөбүз эми”.
Көркөм тасмадагы эки каарманды ойногону эки актер Бишкектен келген. Киного облустук музыкалык драма театрынын актрисасы Айгүл Ходажева да тартылууда.
“Мен көп жыл балалуу болбогон, жолдошу жумушсуз калып, өзү бир аз тажаал, ызы-чуу салган, бирдеме болсо эле "мен өлөм" деп манипуляция кылган Ширин аттуу аялдын ролун аткарып жатам. Бул образды ачуу кыйын эле десем болот. Анткени, бизде аялдын эркекке үстөмдүк кылганы бир аз өөн учурайт да. Анан "өзүмдү өлтүрөм, сайга боюмду таштайм" деген жерлерин да аткаруу кыйын болду”.
"Кызыл өрүк" көркөм тасмасында Баткенде сакталып калган килемчилик өнөр, бул буюмдун адам турмушундагы мааниси баш каарман Турдугүл уздун баштан кечирген өмүрү аркылуу берилет.
Турдугүл килемчи желкеси бүкүрөйүп, иреңи серт болгону менен ички дүйнөсү бай, килемчилик-сүрөтчүлүк чоң өнөрдүн ээси. Турдугүл өзүнүн ички сулуулугун килемдерге тартып, килемдеги оймолор аркылуу көрсөтөт.
Бүгүнкү глобализация күч алган коомдо кол өнөрчүлүк унутулуп баратат. Фильм мына ушундай шартта килемчилик баалуу кесип экенин көрсөтөт.
Көрүүчүгө адамдагы сулуулук анын чырайында эмес, ички дүйнөсүндө, жасаган ишинде катылып жатат деген ойду берет.
Режиссер, актер Мирлан Абдыкалыков элеттеги карапайым эки адамдын сүйүүсүн, анын улуулугун, өчпөстүгүн даңазалаган тасмадагы каармандардын образын жаратууга атайын жөнөкөй тургундар, жергиликтүүлөрдөн тандалганын айтты.
"Тасманын сценарийи баткендик жазуучу Топчүгүл Шайдуллаева эженин чыгармаларынын негизинде жазылды. Жазуучу менен Актан Арым Кубат экөө бирге иштеп чыкты десем болот. Бул жерде менден башкасы баары эле ушул Баткендин Таян, Газ, Кыштут айылынан тургундары. Баткен театрынан Айгүл деген кыз келди. Башкы каарман Турдугүлдү ойногон башкы каарманыбыз Бишкектен келди. Бирок, ал актриса эмес, өзү Баткенден болот. Актан Арым Кубат бул жерде негизинен жөнөкөй элдин турмушундагы көрүнүштү, окукяларды жөнөкөй эл аркылуу чагылдырайын деди да”.
Баткенде килем жөн эле токулбайт. Ал ошол жасатып аткан үйдүн тилегин, ынтымак-ыркын (же чыр-чатагын), жашоо мүнөзүн чагылдырып турган күзгү. Ошон үчүн айылда бир эле килемчи токуган килемдер ар кандай болот, тагыраагы ээсине жараша тагдыр күтөт деген ырым бар.
“Кызыл Өрүк” тасмасы 2025-жылдын жаз айларында көрүүчүлөргө тартууланат. Учурда тартуу иштери 90 пайызы аяктап калды. Тасманы тартууга каражат өкмөттүк казынадан бөлүнгөн.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, публицист, бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүсү Топчугүл Шайдуллаеванын эссе-аңгемелерде Кыргызстандагы аялдардын жашоосу аркылуу коомдогу ачык айтылбаган көйгөйлөр козголгон. Автор чыгармаларында Баткен говоруна тиешелүү сөздөрдү чебер колдонот.
Актан Арым Кубат - Европа киноакадемиясынын мүчөсү, режиссёрдун бир топ тасмалары эл аралык бир нече жогорку сыйлыктарга татыган. Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр”, “Эсимде” тасмалары Франция менен биргеликте тартылган.