Баткен: үй-жайы күйгөн Зайна эненин ыйы менен муңу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кадамжай районунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта качып келген 40 миңдей адам убактылуу башкалкалап жатат. Алардын арасында там-ташынан, болгон мүлкүнөн айрылнгандар дагы бар. Алардын бири 75 жаштагы үч майып баланын энеси Зайна Алиева.