Баткен: Капчыгайда турмуш калыбына түштү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткендин Капчыгай жана Достук айылдары дээрлик толугу менен талкаланган. Эки айылды генералдык планга ылайык кайрадан түптөп куруу чечими кабыл алынган. Учурда эки айылга 500 млн. сомдой сарпталып, жол, ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо иштери дээрлик аяктап калды. Жашоочулардын көпчүлүгү үйүнө кайтып, жашоо өз нугуна түшүп, жанданууда.