15-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча топографиялык жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу аяктады. Бул жолу иш Баткен районундагы коңшу мамлекет менен чектеш аймактарда жүрдү.
Эки өлкөнүн чек арасынан дагы 370 чакырымдай тактала элек. Ал бөлүктөр негизинен калктуу конуштар, талаштуу участокторго таандык.
Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация катышты.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы эки өлкөнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу жыйынтыкталганын, алар тактала элек тилкелердеги чек ара сызыктары боюнча пикир алмашканын билдирди. Тактоо кандай негизде жүргөнүн маалымдаган жок.
"Тараптар калган тилкелердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясы тууралуу пикир алышып, талкууну Тажикстандын аймагында өтүүчү келерки жолугушууда улантууну макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", - деп жазылган өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Дагы караңыз Элдик дипломатия: кыргыз-тажик аксакалдары кездештиЭки ай мурда токтоп калган сүйлөшүүнү жандантуу чечими Баткенде 27-январда болгон эки өлкө аскерлеринин куралдуу кагылышуусунан кийин кабыл алынган.
Жумушчу топ буга чейин негизинен калк жашабаган аймактарда ишти дээрлик бүтүргөн. Эми айылдарда эл аралашып жашаган тилкелерде ишти улантышы керек. Ал жакта талаштуу тилкелер көп. Чек арадагы чырга да көпчүлүк учурда ушул аймактар себеп экени айтылып келет.
Максат айылыны тургуну Нурпия Саттарова бир топ убакыт мурда чек ара зым менен тосмолонот деп айтылып, алиге чейин ишке ашпай жатканына нааразы.
“Биздин Максат айылында чек ара башкы көйгөй бойдон калууда. Качан тактап беришет? Зым менен тосулат деп айтышкан. Ал да ишке ашпады. Айылды таза суу менен камсыздоо иши азыр да бүтпөй жатат".
Чек араларды тактоодо эки тарап 2010-жылдан кийин аралашып, талашка айланып калган тилкелерди алмашуу жолун карап, бул боюнча бир аз аракеттер башталган. Тактала элек аймактардын тургундары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, кийин иш токтогон.
Эки жолу ок атышууну баштан өткөргөн, дээрлик Тажикстандын калктуу конуштары курчаган Көк-Терек айылынын тургуну Зебиниса Матисаева чек арага жакын жашагандардын коопсуздугу камсыздалышы керек деген талап коюуда.
“Дагы жаңжал болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Эгер дагы ок атышуу башталып кетсе, бизди ким алып кетет? Төрт-Көчө жабылып калат. Вертолет менен алып кетеби? Же биз чек ара чырынын курмандыгы болуп, ушул жерде кала беребизби? Азырга чейин айылдагылар үйлөрүнө толук көчүп бара элек”.
Дагы караңыз Дүйшөмбүнүн чакырыгы, Бишкектин жообуКалк жашаган аймактарда аралаш участоктор негизинен Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай айыл аймактарында жайгашкан. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши 2002-жылы башталып, иш токтоп калган учурлар да болгон. Эки тараптуу жумушчу топтун иши өткөн жылдын жазындагы куралдуу жаңжалдан кийин жанданып, айына эки жолудан өтө баштаган.
Баткендин мурдагы губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун пикиринде, убактылуу чек ара сызыгы деген термин кабыл алуу зарыл. Маселе бир жаңсыл болгончо Минск жана Алма-Ата келишимдерин эки тарап тең кынтыксыз аткарууга тийиш.
“Чек арадагы эң татаал участоктордо 1991-жылкы келишимди негиз катары кармаш керек. 1991-жылы декабрда Минскиде, 1992-жылы мартта Алма-Атада келишим кабыл алынган. Ошол жерде “СССР бузулган учурдагы административдик чек аралар мамлекеттик чек ара болуп калсын” деп так жазылып турат. Чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо иши ушул келишимге негизделиши керектиги көрсөтүлгөн. Бул документти бүт КМШ өлкөлөрү таанып, президенттер кол коюп, парламенттеринен ратификациядан өткөн. Демек, азыр эң эле укуктук жактан толук документ ушул десек болот. Калган документтерди 1920-жыл болобу, 1989-жылкы карталар болобу, бардык тараптар кол коюп тааныган эмес. Эң чырлуу, талаш жаратып жаткан участоктордо ошол келишимдин негизинде “Убактылуу чек ара сызыгы” деген түшүнүк кабыл алып, 1991-жылы ар бир өлкө ээлик кылып турган аймакты бөлүштүрүп туруу зарыл. Ошондо укуктук талаа түзүлөт да, андан ары сүйлөшүүгө негиз жаралат. Чырды басып, элди чочулатпай туруш үчүн ушул жол бар”.
Дагы караңыз Жогорку Кеңеш №39 протоколду талкууладыӨткөн жылдын май айынан бери эки тараптуу комиссия кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесинин 81 чакырымы боюнча орток пикирге келген. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталганы айтылып келет.
Калган бөлүгү негизинен калктуу конуштарга келип такалып, жумуш жүрбөй калган. Эки тарап чек араны тактоодо кайсыл юридикалык документке таянары боюнча ача пикирде. Кайсыл жылдагы карта менен иш жүргүзүү маселесинде да көз караштар дал келбей турат.
Эки мамлекеттин чек арасындагы тактала элек тилкелерде куралдуу кагылышуулар байма-бай катталып турат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда да катталды. Андагы атышуудан быйыл Кыргызстандан жалпысынан 13 адам жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын кабарлады.
Бишкек менен Дүйшөмбү окуялар үчүн бири-бирин айыптап келишет.