Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:19

№39 протокол: Ворухка жол салуунун талаштуу жагы


Ворух анклавында 30 миңден ашуун жаран жашап, аянты 12 миң гектардын тегерегинде.
Ворух анклавында 30 миңден ашуун жаран жашап, аянты 12 миң гектардын тегерегинде.

Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган, Кыргызстандын Ак-Сай айылы аркылуу өтө турган жолдун курулушуна байланыштуу талкуу күчөдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган жол кыргыз-тажик чек арасын чечүүгө өбөлгө боло турганын билдирүүдө. Ошол эле учурда Ворухка жол берүү стратегиялык ката деп, кошуна өлкөнүн жарандары каттаган азыркы жолду эле калтыруу керек деген пикирлер айтылып жатат.

№39 протокол

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 27-январдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын жабык карады.

Жыйында №39 протокол боюнча да маселе көтөрүлгөнү белгилүү болду. Аталган документте Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол куруу тууралуу жазылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ворухка бул маселени мындайча түшүндүрдү:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Биз протоколду кабыл алып жатканда анын аткарылышы боюнча механизмдерди карап чыкканбыз. Ал жерде толук жазылып турат. Жолду ким салары, узундугу, тейлей турган тарап мамлекеттик келишимдин негизинде гана аныкталат. Азыркы жол Ак-Сай айылынын ортосун аралап өтөт. Кайсыл бир убакта Ворух менен Ак-Сай айылынын ортосунда чыр чыкпасын деген маселе каралып жатат. Экинчи жол - Ак-Сай айылынын күн батыш тарабынан өтөт. Ал жол кала турган болсо, анда аталган айылдын кеңейишине тоскоол болот. Жогору жагыбызда жайгашкан Ворух айылына кайсыл бир деңгээлде баары бир жол беришибиз керек. Алардын коопсуздугун да карашыбыз керек".

№39 протокол 2021-жылы 1-майда Баткен шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кабыл алынган. Тажикстандан келген делегацияны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов жетектеп келген. Бирок, кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссия аталган жол боюнча орток пикир таба алган эмес. Ошондуктан анын ишке ашуусу бүдөмүк бойдон калган эле.

27-январдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары жолугуп, Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек арасын аныктоодо мурда кол коюлган документтердин негизинде иш алып баруу маанилүү экенин айткан.

Саймумин Ятимов
Саймумин Ятимов

"Сүйлөшүүлөр болду. Биз чек ара маселелерине байланыштуу бардык маселелер тууралуу сүйлөштүк. Биз тарыхый документтерге жана кийинки паритеттик комиссиялардын ишинин натыйжасында кол коюлган келишим-протоколдор эске алынышы керек деп эсептейбиз. Тагыраагы, биз 2020-жылдын 1-майында кабыл алынган №39 протокол тууралуу сүйлөштүк. (№39 протоколго 2021-жылы 1-майда кол коюлган -ред.) Бул өтө маанилүү документ. Биз туура сегиз күндөн кийин бул протоколдун негизинде ишке киришебиз. Сегиз күндөн кийин паритеттик комиссия ишин баштайт. Жакынкы күндөрү дагы жолугуп, комиссиянын ишин талкуулайбыз", - деген Ятимов.

Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган жол Кыргызстандын Капчыгай айылынан тоо беттеп өтөрү, аны Кыргызстан өз каражатына кура турганы айтылып жатат. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 29-январда Баткендеги Ак-Татыр айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда кыргыз-тажик чек арасы толук чечилгенден кийин гана жол курула турганын айткан.

Ворух анклавына алып барган жол Ак-Сай айылын күн чыгыш тараптан айланып өтүшү мүмкүн
Ворух анклавына алып барган жол Ак-Сай айылын күн чыгыш тараптан айланып өтүшү мүмкүн

Бирок, протокол кабыл алынган 2021-жылы май айында Тажикстандын "Ховар" улуттук агенттиги Кожалы-Ворух жолу биргелешип куруларын, аны Тажикстан тарап тейлей турганын жазып чыккан. Тараптар бир жыл мурун кабыл алынган №39 протоколдун мазмуну тууралуу толук маалымат берген эмес.

Жолдун курулушу жаңжалды токтото алабы?

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев Ворух анклавына жол берүү чоң ката экенин айтууда.

Мамат Айбалаев
Мамат Айбалаев

“Мен ошол Капчыгай айылында туулуп- өскөм. Ал жерде 300 үй-бүлө жашайт. Айылды бир жагынан Ак-Сай дарыясы, экинчи жагынан Ворух, үчүнчү тарабынан тоо тосуп турат. Эми тоо менен айылдын ортосунан жол салынса, анда жергиликтүү эл кыйналып калат. Жол курулгандан кийин Ак-Сай айылы дагы тосулуп, коңшулардын позициясы күчөй барет. Тажикстандын үйлөрү көбөйө баштайт. Акырындык менен Лейлек району анклав болуп калышы мүмкүн. Андыктан бул протоколду жокко чыгарыш керек”.

Кыргыз-тажик жаңжалы көп тутанган аймакка жаңы жолду куруу аракети жергиликтүү тургундарды да чочулатып келет. Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Жанарбек Акаев чочулоого негиз жок экенин билдирди.

"Соңку учурда Баткендеги чек ара чыры талкуу болуп, анын ичинде "Ворухка коридор ачылат экен" деген кабатырлануу болуп жатат. Ворухка коридор берилбейт, Лейлек анклав болбойт. Анткени, протокол ишке кириш үчүн мамлекеттер аралык келишим болот. Азырынча андай келишим боюнча эч кандай процедура болгон жок. Ошондой эле ага эки өлкөнүн президентти кол коет. Ошондуктан Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген иш-аракеттер болбойт деп мен силерди ишендире алам. Андыктан ар кандай ушак сөздөргө көңүл бурбай, расмий маалыматтарга ишенесиздер деп ойлойм".

Чек араны тактоо комиссиясынын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов жаңы жол курууга эч кандай муктаждык жок деген пикирде.

“Ворух менен Тажикстанды бириктирген чоң жол бар. Эки эл байыртадан бери эле аталган жолдон өтүшөт. Ошол жолду эле пайдалана бериш керек. Аны чек арага байланыштырыштын такыр кереги жок эле. Анан туш тараптан жол куруштун эмне кереги бар? Ворухтун жашоочулары Ак-Сайды тынч аралап өтсө болот да”, - деди Аламанов

Чек ара тактоодогу оор тилке

Ворух - Кыргызстандын ичиндеги Тажикстанга караштуу анклав. Анклавка бара турган жол чек арадагы кыргыз айылдарын аралап өтөт.

Ворухтун калкынын саны 30 миңден ашуун, аянты болсо 12 миң гектардын тегерегинде экени айтылып келет. Айланасында Кыргызстандын Ак-Сай, Капчыгай, төмөн жагында Көк-Таш, Орто-Боз жана Таш-Тумшук айылдары жайгашкан. "Головной" суу бөлүштүрүү жайы дагы Ворухтан анча алыс эмес жерде.

Анклавда эл жыш отурукташкан. Элдин саны улам көбөйүп, жер, суу тартыш болуп, мындан улам тегерек-четтеги кыргыз айылдары менен чыр-чатактар катталып келүүдө. Айталы, өткөн кылымдын 80-жылдары, совет мезгилинде дагы жаңжал катталганы маалым. Эки өлкө эгемендик алгандан кийин чек араларды тактоо андан бетер татаалдашты.

Чек ара сүйлөшүүлөрүндөгү эң оор маселе ушул аймакка мүнөздүү. Эгемендик жылдардан кийин эки өлкө совет доорундагы ар кайсы учурда чийилген карталарга таянып, өз жүйөлөрүн айтып, бирок орток пикир таба албай келген. Мына ушундай кырдаалда анклав менен чек ара зонасында кырдаал чыңалган мүнөздө болуп келатат. Тажикстан өз кезегинде Ворухту өлкөнүн аймагы менен бириктирүү үчүн жол ачуу аргасын башынан эле издеп келе жатканы маалым.

Өткөн жылдын 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында мурда болуп көрбөгөн кагылышуу болду. Эки тараптан тең аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүрү менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болуп, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып, өрттөлгөн.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жетти. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады.

Соңку чек ара чатагынан кийинки расмий жолгушууда Ворух анклавына жол куруу маселеси тууралуу сөз козголду.

Чек ара чатактарында башында таш ыргытылса, бара-бара куралдар колдонулуп, кишилей чыгымдар болуп жатканына тынчсызданган билдирүүлөр сырттан да, ичтен да айтылып жатат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG