Азыр Ташкент туризм, жашыл энергетика тармагындагы кызматташууга жана негизги темир жол долбоорунун келечегине кызыкдар.
Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы бекем байланыштарды түптөөнү көздөп, Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен жолугушуу үчүн Бээжинде жүрөт.
Сапардын алдында Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарында Мирзиёевдин атынан жарыяланган макалада өзбек лидери Кытайдын экономикалык өнүгүү моделин жогору баалап, эки өлкөнүн мамилеси «жаңы тарыхый бийиктиктерди багындырганын, бул ага 23-25-январдагы иш сапарынын жүрүшүндө эки өлкө үчүн «ондогон жылдарды мелжеген узак мөөнөттүү күн тартибин иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин» айткан.
«Кытайга келген сайын мен бул жерде болуп жаткан реформалардын кеңири арышына жана жетишилген ийгиликтерге, өзүнүн көп кылымдардан берки кыялын ишке ашыруу үчүн жаңылануунун жолу менен ишеничтүү бара жаткан кытай элинин жаратман күчүнө, эмгекчилдигине жана талантына чын жүрөктөн суктанам», – деп айтылат макалада.
Мамлекеттик сапар Кытай менен Борбор Азиянын лидерлеринин май айында өткөн биринчи көзмө-көз саммитинен кийин ишке ашып отурат. Анда Кытай чөлкөм менен экономикалык жана коопсуздук байланыштарын чыңдоого багытталган бир нече келишимдерге кол койгон эле. Мирзиёев Бээжинде бул келишимдерге, ошондой эле 2022-жылы кол коюлган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине таянуу менен аларды андан ары өнүктүрүүнү көздөөдө.
Си Цзиньпин жана Кытайдын башка жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү менен жолугушууда өзбек делегациясы инвестиция тартуу жана кесиптештери менен жашыл энергетика тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгуудан баштап Кытай менен Өзбекстандын ортосундагы илим жана туризмди өнүктүрүү жаатындагы кызматташууга чейинки мурда кол коюлган көптөгөн келишимдерди кантип ишке ашыруу жолдорун макулдашат.
«Кеп конкреттүү натыйжалар жөнүндө эле эмес, келечектеги жол картасын иштеп чыгуу жөнүндө да болуп жатат, – деп комментарий берди "Азаттыктын" өзбек кызматына Атлантикалык кеңештин Глобалдык кытай борборунун кызматкери Нива Яу. – Кытай инвестициялар жана долбоорлор боюнча өзүнө милдеттенмелерди алды. Жогорку деңгээлдеги бул сапар аларды ишке ашыруу жолдорун аныктоого жана кызматташуунун жаңы багыттарын табууга арналган».
Өнүгүп жаткан байланыштар
Сапар Өзбекстандын Кытай менен мамилесинин нугунда, эки өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы саясий кырдаалды өзгөрткөн бир нече маанилүү окуяларга тушташ өтүүдө.
Орусия 2022-жылы Украинага жапырт басып кирип, чөлкөмдө мурдатан үстөмдүк кылып келген Москва бул чыр-чатактын каржылык жана геосаясий кесепеттери менен күрөшүп жатканда, Кытай Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ишеничтүү саясий жана экономикалык күч катары өз турумун бекемдеди.
Өз кезегинде Кытай көп миллиард долларлык «Бир алкак, бир жол» долбоорун жаңы тармактарга инвестиция салуу жана стратегиялык насыячы болуу үчүн колдонгусу келет. Бирок бул насыясындагы ачык-айкындыктын жоктугу жана өзүнүн ички экономикасынын солгундагандыгы үчүн азыр Бээжиндин дарегине сын айтылып жатат.
Мындай кыйынчылыктарга туш болгон Кытай «Бир алкак, бир жол» долбоорун тобокелдиги азыраак насыялардын эсебинен жана энергиянын кайра орду толуучу булактарына инвестиция салуу аркылуу көлөмүн бир аз азайтып, кыйла «ийгиликтүү» кылууну көздөп жатат жана бул Мирзиёевдин иш сапарынын жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн деп эсептейт Яу.
Ал белгилегендей, Кытай экологиялык жана илимий изилдөөлөргө жана мониторингге көп каражат сарптайт. Айтмакчы, дал ушул Борбор Азияга бир нече орчундуу инвестициялар салынган.
Кытайдын Илимдер академиясынын маалыматы боюнча, түштүк-чыгышта Өзбекстан менен чектеш жана Кытай менен жалпы чек арасы бар Тажикстан 2021-жылы Сарез көлүндө айлана-чөйрөнү изилдөө жана «кырсыктарды эл аралык деңгээлде азайтуу жана алдын алуу үчүн» кытайлык байкоочу станцияны ачкан.
Ошондой эле 2023-жылы июль айында кытайлык окумуштуулар Тажикстандын Шаартуз районунда климатты жана айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө үчүн жаңы байкоочу «суперстанцияны» ачышкан.
Бул станциялардын илимий жана технологиялык тиреги бар. Байкоочулар муну ошондой эле «Бир алкак, бир жол» (БАБЖ) программасына кирген Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү эки тараптуу (коопсуздук жана байкоо жүргүзүү үчүн) колдонсо боло турган ушундай станциялардын кеңири тармагынын бир бөлүгү деп белгилешет.
Бээжин өзүнүн космостук программасы менен кызматташкан өлкөлөрдүн тизмесин да кеңейтүүнү көздөп жатат. Ал 2023-жылы Түркмөнстан менен келишим түзгөн.
Түркмөнстандан Кытайга жеткирилиши мерчемделген газ кууру жана Кытайды Кыргызстан жана Өзбекстан менен байланыштырган темир жол сыяктуу Борбор Азияга салттуу инвестициясы дагы эле орчундуу болгону менен, анын келечеги бүдөмүк.
Яунун айтымында, Бээжин дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өнүктүрүп жаткан инвестициясы менен өнөр жайынын жаңы багыттарын Борбор Азияга алып келүүнү максат кылат жана 35 миллионго жакын калкы бар Өзбекстан ал үчүн пайдалуу өнөктөш.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору Кыргызстандын эң бийик тоолорунда айрымдарынын бийиктиги 3000 метрден ашкан 50дөн ашык туннелди жана 90 көпүрөнү курууну камтыйт.
Кайра ордуна келүүчү энергия жана кытайлык электр унаалары үчүн жаңы рынокторду ачуу өзгөчө кызыгууну туудурат.
Кытай көп жылдар бою бул жаатта дүйнөлүк рыноктун лидери катары өзүн көрсөтүп келет. Декабрда кытайлык Henan Suda компаниясы Өзбекстандын Энергетика министрлиги менен 2033-жылга чейин өлкө боюнча 50 миңге жакын электр унааларын дүрмөттөөчү станцияларды куруу тууралуу келишимге кол койгон.
«Бул Кытай дүйнөдө лидерлик кыла баштаган тармактар. Бээжин аларды Борбор Азияга жайылтууну каалайт», – деп белгилейт Яу.
Жаңы президент, жаңы доор
- Украинадагы согуш сыяктуу окуялар Бээжин менен Москванын Борбор Азия үчүн өнөктөштөр катары салыштырмалуу таасирин арттырганы менен, Мирзиёевдин жогорку деңгээлдеги сапары - Кытай менен Өзбекстандын ортосундагы көп жылдык жылуу мамиленин жемиши, – дейт Берлиндеги Орусия жана Евразияны изилдөөчү Карнеги борборунун илимий кызматкери Темур Умаров.
«Кытайга карай багыт алуу башынан эле Мирзиёевдин көңүл чордонунда болгон, – деп билдирди Умаров "Азаттыктын" өзбек кызматы менен болгон маегинде. – Мирзиёев Кытайга абдан кызыкдар жана өз сөздөрүндө [Кытайдын мурдагы лидери] Дэн Сяопиндин айткандарынан көп цитата келтирет. Ал бул өлкөдөн экономикалык жактан кантип өнүгүүнүн мисалын көрөт».
Умаровдун айтымында, 1991-жылы Советтер Союзу кулагандан кийинки өлкөнүн биринчи өкүмдары Ислам Каримов каза болгон соң 2016-жылы бийликке келген өзбек лидери Кытайдын Си Цзиньпиндин тушундагы коррупцияга каршы күрөшүүдөгү тажрыйбасына жана миллиондогон адамдарды жакырчылыктан чыгаруу аракетине өзгөчө маани берип келет.
«Кытай кандайдыр бир деңгээлде Мирзиёев үчүн билимдин булагы болуп калды, – дейт Умаров. – Өзбекстанда жеке басар режим бар экенин эске алсак, анын Кытайды кабылдоосу чоң мааниге ээ».
Тышкы таасирден ар дайым шектенип келген Каримовдун тушунда Өзбекстан бир топ обочолонуучу тышкы саясатты карманган.
Кытай ал кезде да маанилүү өнөктөш болгон: 2005-жылы, Өзбекстандын түндүк-чыгышындагы Анжиян шаарында нааразылык акциялары кан төгүү менен басылгандан эки жума өтүп-өтпөй Кытай лидери Ху Цзинтао Каримовду Бээжинге иш сапары менен чакырган. Бирок эки өлкөнүн мамилеси чектелген мүнөзгө ээ болчу. Каримовдун катаал режиминин тушунда кытай компаниялары жана капиталы экономиканын көптөгөн тармактарында чектелүү болгон.
Каримов каза болгондон кийин абал өзгөрүп, анын натыйжасында Мирзиёев бийликке келген.
Өзбекстандын жаңы президенти өз өлкөсүнүн экономикасын ачкан сайын, Кытай ишеничтүү инвестиция булагы жана Мирзиёевге өлкөдө жана чет өлкөлөрдө мыйзамдуулугун бекемдөөгө жардам берген орчундуу өнөктөшү болуп калды.
Умаров белгилегендей, катаал саясий көзөмөлдү сактоо менен экономиканы ачуунун кытай модели Мирзиёев үчүн барган сайын жагымдуу көрүнүп баратат.
«Ал Каримовдун мурасынын негизинде өзүнүн саясий режимин курууга аракет кылып жаткандыктан, бул ага абдан маанилүү, – дейт Умаров. – Ал дүйнөгө ыңгайлашып, бүгүнкү күндүн татаал чындыгында кантип жол табуу үчүн мындай режимдерден үйрөнүшү зарылдыгын билет».