Баш прокурордун мурдагы орун басары бийликти коркуттубу?

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты. Бишкек, архив. Сүрөттүн макалага тиешеси жок, иллюстрация үчүн колдонулду

Ички иштер министрлиги (ИИМ) баш прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу баштаган жоон топ адамды "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармаганы белгилүү болду. Милиция алар шайлоо учурунда калайман башаламандык уюштурууга камданып жүргөн деген маалымат таратты.

Кылмышка шектүүлөрдүн жакындары менен жактоочулары азырынча комментарий бере элек. Буга чейин дагы бир топ саясатчылар, жарандык активисттер ушундай берене менен камакка алынган учурлар болгон. Алардын айрымдары соттон акталган.

Жети кишини кармоонун чоо-жайы

ИИМ бийликти басып алууга шек саналып кармалгандардын аты-жөнүн ачык атай элек, бирок кылмыш иши тууралуу кеңири маалымат таратты. Анда кармалгандар Бишкектен чет-жакасында улуттук спорт оюндарын, мелдештерди өткөрүүнү пландап жүргөнү, бирок анын артында бийликти күч менен басып алууга даярдык болгону жазылган. Бул топтун уюштуруучусу деп башкы прокурордун мурдагы орун басары аталган.

"Аталган уюшкан топ Конституцияга каршы чакырыктарды жасоого даярданып, 17-ноябрдагы шайлоо учурунда бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн. ИИМ чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренелеринин 1-бөлүгү ("Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү") боюнча кылмыш иши козгоду. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган топтун бир катар мүчөлөрү кармалган. Негизги уюштуруучу А.у.К. Жалал-Абад облусунда туулган. Ал башкы прокурордун мурдагы орун басары. Анын милдетине финансылык камсыздоо, укук коргоо органдары менен байланышуу, алардын аракеттери жөнүндө алынган маалыматтарды берүү, массалык башаламандыктарда жана бийликти басып алууда ролдорду бөлүштүрүү жана координациялоо кирген", - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин билдиришинче, жалпысынан жети адам кармалган. Алардын айрымдары Кыргызстанда туулган, учурда чет өлкөнүн жарандары, буга чейин бир канча ирет соттолгон жана башка мамлекеттеги согуштарга катышкан. Милиция кармоо маалында курал-жарак, ар кандай жабдуулар, техника алынганын билдирди.

"Аталган топтун кампасынан элди мас кылуу үчүн 1000 бөтөлкө арак, 2000 бөтөлкө минералдык суу, бир тонна күрүч, союу үчүн бир жылкы жана массалык башаламандыктарга катышкандарга аш даярдоо үчүн азыктар алынган. Кармалган адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 36, 278-беренелер ("массалык башаламандыктарды даярдоону уюштуруу"); 261-беренесинин 1-бөлүгү ("уюшкан топ түзүү"); 263-беренесинин 2-бөлүгү ("уюшкан топту каржылоо"); 326-беренеси ("бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу); 256-беренесинин 1-бөлүгү ("Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышуусу") менен айыптары угузулду", - деп жазылган маалыматта.

Дагы караңыз "Өзү бийликте турса кантип аны басып алат?" Аксыда шаардык кеңештин депутаты камалды

Кубан Адыл уулу

Кармалгандардын уюштуруучусу деген шектелип жаткан башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулунун жакындары, жактоочусу азырынча комментарий бере элек.

Кубан Адыл уулун президент Садыр Жапаров 2021-жылы августта башкы прокурордун орун басары кылып дайындаган жана бул кызматтын ушул жылы апрель айында алынган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, прокуратуранын айрым кызматкерлери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине кийлигишип жатканы тууралуу жазган арыз жазганы белгилүү болгон.

Анын негизинде Садыр Жапаров ошол кездеги бшкы прокурор Курманкул Зулушев менен министр Мелис Тургунбаевге сөгүш берген жана Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырган.

Кубан Адыл уулу эмгек жолун 2000-жылы Нарын облустук прокуратурасында инспектор, жетектөөчү адис болуп иштөөдөн баштаган жана 2021-жылга чейин бул тармакта ар кандай кызматтарда эмгектенип келген. Ал 2013-жылы Кумтөр алтын кенине байланыштуу нааразылык акциядагы башаламандыкка байланыштуу айып коюлган, 2017-жылы мартта кыргыз-казак чек арасында кармалган Садыр Жапаровдун сотунда мамлекеттик айыптоочу болуп катышкан.

"Бийликти күч менен басып алууга даярданган, чакырык жасаган" деген айып менен кылмыш иштери буга чейин да козголуп, саясатчылар, ишкерлерден тартып, социалдык тармактардын катардагы колдонуучусуна чейин кармалган учурлар маал-маалы менен болуп жатат.

Дагы караңыз "Кылмышкерди сот гана аныктайт". Базарбеков тергөө органдарына кайрылды

"Күнөөсүздүк презумпциясы сакталбай жатат"

Адвокат Замир Жоошев соңку окуяга байланыштуу комментарий берип жатып, "күнөөсүздүк презумпциясына" токтолду. Кармалгандардын кылмышы сотто далилденмейинче аларды кылмышкер деп так атоого болбосун белгиледи:

Замир Жоошев.

"Бул жерде "масссалык башаламандыкты уюштуруу, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" беренеси болобу же башкасыбы, тергөөдө ал далилдениши керек. Анан ага байланыштуу сот өкүмү чыгышы керек, өкүм күчүнө кириши керек. Сот күнөөлүү деп тапкандан кийин гана айтыш керек. Жогорку соттун мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков тергөө органдары сот өкүмү чыга электе эле ошол кармалган адамды кылмышкер деп маалымат таратып жатат деп кайрылуу да жасаган. Мен дагы ушундай эле пикирдемин. Тергөө органдары коомчулукка алдын ала "кылмыш кылганы анык" дегендей маалымат берип, туура эмес кылып жатат. Кечээги окуяда деле "дрондор табылды, курал-жарактар алынды" деп маалымат берилди. Балким, ал аңчылык кылганда колдонулган дрондор. Ар кандай болуп калышы мүмкүн. Соттун өкүмү чыкмайынча эч кимди ак же кара деп коомчулукка таратуу туура эмес тажрыйба деп эсептейм".

Июнь айында Бишкектеги Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандыктар” жана “бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттердин баарын актаган.

Алардын бири, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул беренелер менен айып тагуу үчүн ишенимдүү далилдер керек экенине токтолду:

Клара Сооронкулова.

"Ал беренелер бизге дагы коюлду да. Биздин ишти башында "массалык башаламандык уюштуруу" дешти. Бирок айласы кетип, эч нерсе таппай, иш сотко өтүп жатканда өздөрүнүн аракетин акташ үчүн, беренелерди оорлотобуз деп бизге "бийликти күч менен басып алууга аракет жасашты" деген айып тагышты. Бул иш саясий өңүткө айланган. Таңкалычтуусу, азыркы кармалгандардын бири башкы прокурордун мурдагы орун басары деп айтып жатышат. Иш кандай болгонун эми кудай билет. Бир чети, булардын душмандары деле көп. Булар бийликти күч менен басып алууга даярданган деп жатышпайбы. Бул жерде абдан чоң далилдер болушу керек. Азыр бул беренени баарына эле коюп жатышат".

Дагы караңыз "Эрлан камалганда күндөлүк жаздым". Эркти сынаган “Кемпир-Абад иши”

Атайын кызмат быйыл июлда "бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топ" кармалганын билдирген. Анда беш адамдан турган топту кармоо учурунда курал-жарак, ок дары, ар кандай жабдуулар, ок өтпөс кийимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар алынганын маалымдаган.

Айрым маалыматтарда алар президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы, учурда абакта жаткан активист Мелис Аспековдун айылдаштары экени айтылган.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев эл менен жолугушуулардын биринде буга байланыштуу комментарий берип жатып, өлкөдө бийликти күч менен басып алууну көксөгөн топтор бар экенин эскерткен:

"Ушундай болуп өсүп аткан маалда дагы баягы эле бузукулар, мамлекетке ызы-чуу салсак экен, төңкөрүш кылсак экен, бийликти тартып алсак экен деп үмүттөнүп жүргөндөр бар. Эч ким тартып ала албайт. Кудай кааласа биз элге иштеп атабыз, элдин кызматын кылып жатабыз. Бийликти тартып алам, төңкөрүш кылам дегендердин баарына мыйзам чегинде жазасын беребиз, - деген Ташиев чогулгандарга. - Жер-жерлерде азыр укук коргоо органдары күчтүү, милициябыз мурдагыдай жөрмөлөп калган жери жок. Коопсуздук органдары бутуна туруп калды. Прокуратура так иштеп жатат".

Дагы караңыз "Алдыда акыйкаттын соту бар". Аскат Жетигенге чыккан өкүм өзгөртүүсүз калды

Бийликти басып алууга, жапырт башаламандыкка айыпталгандар

  • Ушул айдын башында соцтармактагы билдирүүсү үчүн Айтилек Орозбеков деген жаран кармалганы, ага "бийликти күч менен басып алууга чакырык" жасаган деген айып тагылганы тууралуу анын адвокаты Исмаил Каримжанов билдирген. Атайын кызмат буга байланыштуу үн каткан эмес.
  • Ага удаа эле былтыр мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып кылмыш иши козголгон, ушундай эле берене менен айыпталган жарандык активист Афтандил Жоробековду сот күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып пул салган.
  • Ушундай айып менен кармалган жарандык активист Каныкей Аранованы быйыл август айында Жогорку сот үч жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды.
  • Быйыл июлда Жогорку сот социалдык тармактагы пикири үчүн айыпталган, калайман башаламандыкка чакырган деген күнөө коюлган активист Зарина Төрөкуловага чыккан Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.
  • Өткөн айда Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигендин кассациялык арызы боюнча чечим чыгарып, аны үч жылга абакка кескен райондук сотун өкүмүн өзгөрткөн эмес.
  • Ишкер, "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго дагы ушундай айып коюлуп, камакка алынган, учурда анын соту болуп жатат жана ишкер кыйноого кабылганын айтып прокуратурага арызданганы белгилүү болду.