"Барселона" клубунун легендалары Кыргызстанда

Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келди. 

“Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары менен Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын беттеши Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Беттеште "Барселона" жеңишке жетти (0:3). Оюндагы голдорду Ривалдо, Хуан Пабло Сорин жана Хавьер Савиола киргизди.

Мелдештин башында президент Садыр Жапаров Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын катарында ойноду.

Атактуу футболчу Эдгар Давидс "Барселона" клубунда 2004-жылы ойногон.

Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын катарын кыргызстандык, казакстандык, өзбекстандык футболчулар түздү. Алардын катарында Талант Самсалиев, Руслан Сыдыков, өзбекстандык футболчусу Сервер Жапаров жана башкалар ойноду. 

Бул беттешке билеттер 2000 сомдон 8000 сомго чейин сатылды. 

Атактуу футболчу Карлес Пуйоль оюнга "Барселона" клубунун капитаны катары чыкты.

Бишкекте өткөн оюнга чейин футболчулар Жалал-Абад шаарындагы "Барселонанын" академиясынын ачылышына катышты. 

Футболчуларды тосуп алуу учуру.

Ривалдо жаш футболчуларга кол тамга берип жатат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта Жалал-Абад шаарында “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышында. 29-август, 2023-жыл. 

Жалал-Абад шаарындагы "Барселона" академиясынын ачылышында Карлес Пуйоль менен Ривалдо.

Садыр Жапаров 29-августта “Барселонанын" президенти, мурдагы жылдыздары менен жолугушуп, алар жаштардын футболго кызыгуусун арттырып, шык берип келерин билдирди.

“Барселона” академиясынын жабык машыгуу жайы. 

Садыр Жапаров билдиргендей, “Барселона” клубу Бишкек шаарына өз каражатына футбол академиясын ачат.



 

"Барселона" - 1899-жылы негизделген каталондук футбол клуб. Ал Испания боюнча 77, эл аралык жана европалык 20 титулдун ээси.“Барселона” академиясы жана клубдун Борбор Азиядагы башка франшизалары JalGroup Asia компаниясына таандык.
 

30-августта президент Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салды.

Спорт комплекс борбор калаанын түштүгүндө курулуп, аянты 15,85 гектарды түзөт. Комплекстин инфратүзүмүнө 10 миң кишилик чоң футбол стадиону, эки чоң аянтчасы бар футбол академиясы жана бир нече кичи футбол аянтчалары кирет. Ошондой эле комплекстин аймагында спорт зал, заманбап бассейн, 7 кабаттуу медициналык клиника, музей, кафе жана "Барселона" (Barça) бренди менен мейманкана курулат.

Коноктор футболдук академиянын ачылышына катышып, ушул эле күнү Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек" стадионунда көргөзмө оюн өткөрдү. 29-август, 2023-жыл. 

Жалал-Абад шаарындагы стадиондо өткөн машыгуу.