"Бар ачып, ичимдик саткыла". Өзбекстанда "халал" кафелер жабылууда

Өзбек бийлиги кардарларга спирт ичимдиктерин сатпаган жана "халал" деген белгиси бар кеминде 10 ресторанды жапканы айтылууда.

Коомдук тамактануучу жайлардын ээлери күч органдары алкоголдук ичимдиктерди сата баштаганда гана кафелер кайра ачыларын эскертишкен.

Аларга менюга арак-шарап кошулса гана кайра иштөөгө уруксат берилери айтылган.

"Xалал" кафелер негизсиз жабылууда

Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте алкогол ичимдиктерди сатпаган онго жакын кафе-ресторан жабылганын кожоюндары билдирди. Алардын айрымдары "Азаттыктын" өзбек кызматы "Озодлик" радиосу менен байланышып, соңку бир ай ичинде кафелер (баарынын "халал" белгиси бар) ички иштер, коопсуздук кызматтары, салык кызматкерлери жана санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлеринин күтүүсүз рейдинен кийин жабылганын айтышкан.

"Санитардык-эпидемиологиялык станция ашкананы текшерди, салык инспекторлору кассаны жана документтерди карады. Коопсуздук кызматкерлери ресторандын намазканасын текшерип, кызматкерлерди диний көз караштары боюнча сурашты жана ал тургай уюлдук телефондорун дагы текшерди".

Дагы караңыз "Азандын үнү жай чыгат". Ташкентти түпөйүл кылган дин таасири

Атын атагысы келбеген ташкенттик ишкер инспекторлор рейд өткөрүүгө уруксат берген расмий документтерди көрсөтпөгөнүн, рестораны "убактылуу" жабылганын айтууда. Бирок анын так себеби айтылган эмес.

Ишкерлер бул текшерүү катардагы текшерүү эместигин, алкогол ичимдиктерди ичүүгө уруксат берилген кафе-ресторандарга эмес, айрыкча “халал” белгиси менен иштеген тамактануучу жайларга басым жасалып жатканын айтууда.

Мындан бир ай мурун социалдык тармактарда ресторан же кафенин көрнөгүнөн "халал" деген жазуу күч менен алынып жатканы жөнүндө маалымат тараган.

"Салык кызматынан келишиптир. Дагы бир киши терроризмге каршы күрөш бөлүмүнөн келгенин айтты. "Халал" деген жазуу силердин жайга туура эмес, алып салгыла деди. Мен макул дедим. Жок азыр алышыңыз керек, биз отчёт беребиз деп туруп алышты. Ошентип жазууларды, жарнамаларды кесип салышты", - деди ташкенттик ишкер келин.

Дагы бир нече өзбек ишкер ресторандары жана кафелери ушундай рейдден кийин жабылганын "Озодликке" кабарлашты. Ташкенттин ар кайсы райондорунда жайгашкан бул кафелердин баарында тең алкогол ичимдик сатылган эмес жана "халал" сертификаттары, кардарлар үчүн намазканалары бар.

"Эмне сатам, эмне сатпайм - бул менин укугум"

Ресторандардын кожоюндарынын айтымында, оболу кызматкерлер бул жайларга кадимки кардарлардай эле келип, тамак буюртма берип, отурушат. Кийин намазкана, "халал" белгиси суралат. Бир канча күндөн кийин ошол эле кызматкерлер келип, текшерүү керектигин айтышат.

Бирок текшерүүдөн спирттик ичимдик сатпаган кафе-ресторандар гана кабылып атканы айтылууда.

"Биздин кафеге да бир топ адам келди. Полиция, санитардык-эпидемиологиялык станциядан, терроризм менен күрөшүү бөлүмүнөн. Менин ашканамды бекиткенге негиз жок. Бирок себебин айтпай эле жаап салышты. Он күндөн бери жабык. Санитардык-эпидемиологиялык станцияга барсам, анализдин жыйынтыгы чыга элек деп койду. Тегеректеги кафелерди, ашканаларды кыдырып чыктым. Эч ким аларды текшербептир, баары иштеп атат", - дейт "Озодлик" менен байланышкан ишкер.

Ал эгер ага "дүкөнүңүздө спирт ичимдиктерин сата баштайсыз" деген сунуш айтылса, караманча каршы чыгарын жашырбайт.

Ишкерлер Санитардык-эпидемиологиялык станция расмий аткаруучу гана экенин, башкача айтканда, ашканаларды пландагыдай же арыздан улам текшербей, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын буйругун аткарып жатканын белгилешет.

Дагы караңыз "Диний аң-сезимди көтөрүү зарыл". Парламентти чочулаткан паранжы


"Салык инспекциясынан чакырышты. Иштебейсиң, жаап сал дешти. Салык кызматында салык жыйноочудан тышкары ИИБ терроризмге каршы күрөшүү кызматкери дагы иштейт. Сүйлөшүп, оозеки түшүндүрүп, спирт ичимдиктерин сатсаң, анан оңой иштейсиң дешти. Алар сени мажбурлабайт, бирок каршылык көрсөтпөгөнүң жакшы деп түшүндүрүштү. Бар ачып, спирт ичимдиктерин саткыла деген сөздөр айтылды".

"Озодлик" менен маектешкен бул ишкердин ашканасынын жабылганына 10 күндөн ашты. "Ашкана менин жеке менчигим болсо, эмне сатам, эмне сатпайм - бул менин укугум болушу керек эмеспи?", - дейт өзбек ишкер.

Текшерүүнүн түбү көрүнбөйт

Өзбекстандык ишкерлер аларга айтылган кемчиликтер оңдолсо деле, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын текшерүүсүнөн арыла албайбыз дешет:

"Кафеңде спирт ичимдиктерин сатууга лицензия аласың. Анан алкоголдук ичимдиктер сатылган барды уюштурасың. Булардын сүрөтүн жөнөтсөң, ошонун негизинде чечим кабыл алабыз. Эртеби-кечпи ашканаң дагы бир жолу текшерилет, анан ошого жараша жыйынтык чыгарылат".

"Озодлик" менен байланышкан ондон ашык ишкер учурда кафе-ресторандары жабык экенин жана алар Ички иштер бөлүмүнө "атайын маектешүүгө" чакырууну күтүп жатканын айтышат.

Жабылган бул жайлардын жүздөгөн жумушчулары бош калышты. Алардын качан иштей баштары белгисиз.

Коңшу Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда катаал диний көзөмөл жүргүзүлүп, аялдарга хижаб оронууга, эркектерге сакал-мурут коюуга уруксат берилген эмес. Мечиттерге чогулуп намаз окуу да сейрек кездешкен.

Дагы караңыз "Эч ким уккан эмес". Өзбекстанда дагы бир студент диний ыр үчүн камалды

Шавкат Мирзиёев бийликке келгени бул жаатта көзөмөл жумшарып, акыркы жылдары белгилүү инсандардын арасында элди мусулманчылыкка чакыргандар көбөйгөн. Интернетте диний баракчалар ачылып, Исламдын эрежелери менен жашоого үндөгөн билдирүүлөр көп жарыяланып калган.

Ал эми 2022-жылы бийлик сакал-мурут койгондорго кайрадан көзөмөлдү күчөткөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыга баштаган.

Быйыл 5-сентябрда Өзбекстандын парламентинин Төмөнкү палатасы коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартуу каралган мыйзам долбоорун жактырган. "Кылмыш жана административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске" өзгөртүү жана толуктоо киргизилген документте көп аял алууну коомго жайылткандарга, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун тааныбагандарга жаза колдонуу сунушталууда.

Көп өтпөй Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Холикназаров ислам дининде кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу катаал эреже жоктугун айткан. Ал мусулманчылыкта бардык нерсенин чени болушу керектигин, чүмкөнүп жүрүүнүн, кара кийинүүнүн, сөзсүз узун сакал коюп, дамбал кийүүнүн кажети жоктугун кошумчалады.

Ислам бул өлкөнүн негизги дини болуп саналат. Аны калктын 90%, башкача айтканда, 35 миллионго жакын адам карманат.