Бангладештин он чакты жараны Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бирине иштегени келип, бирок келишимде көрсөтүлгөн айлыктарын ала албай, башка дагы чарбалык жумуштарга тартылып, кыйноого кабылганын айтып чыгышты. Бул окуяны милиция териштирүүдө.
"Келишим боюнча айына 600 доллар төлөмөк"
Бенгалдар кыргыз жараны тигүү цехине иштетүү үчүн алып келип, бирок айлыктарын бербей, башка жумуштарга да салганын айтып даттанууда. Алар Кыргызстанга келген алгачкы күндөрү эле паспортторун "каттоого тургузам деп" тигүү цехинин кожоюну алып койгонун, ошол бойдон бербей жатканына даттанышты.
Бангладеш жараны Асаду Заман паспортун, айлык акысын сураган учурда ур-токмокко алынганын айтууда.
"Мага акча керек болчу. Алар мага айлыгымды бербей алдап жатышат. Алар мени сабашты, Саид Хасан деген киши бизге тийиштүү акчанын баарын алып алыптыр. Ибрахим деген кожоюнубуз паспортторубузду алып койгон. Ибрахимдин компаниясы аябай жаман экен".
Алардын айтымында, 18 киши эки топ менен Хасан атуу жердеши аркылуу Кыргызстанга келген. Алгачкы топ алты ай, экинчиси үч ай мурда Дакка-Дубай-Бишкек каттамы аркылуу келишкенин айтып жатат.
Баары эле паспортторун алары менен Бангладешке учуп кетебиз деп турат дейт кордук көргөндөрдүн бири Алиуллах.
"Келишим боюнча бир айлык ишибиз үчүн 600 доллар төлөшү керек болчу. Бирок Ибрахим бизге 15 миң сом эле берип койду. Келишим боюнча тамак-аш, медициналык жактан дагы камсыздамак. Бирок анын баарын берген жок. Жеңил өнөр жайда иштейбиз деп келгенбиз, бирок бизди курулушка иштетип, ат, уй бакканга мажбурлашты".
"Кыргызстанда мындай болбошу керек"
Бангладеш жарандары тууралуу маалыматты "Азаттыкка" Бишкектин тургуну Асел Алмерекова берди. Ага жогорудагы мыйзамсыз иштер тууралуу кол алдында иштеген Бангладештин Абдурахман аттуу жараны айтып берген. "Айлык ала албай, ур-токмокко кабылып жатат" делгендердин арасында анын тууганы бар экенин айткан экен. Ошондон кийин Алмерекова милицияга арыз жазган.
"Мага айтып келгенде мен деле өзүмө көйгөй жараткым келген жок. Балам деле урушту. Анан үч күн ойлонуп, адамды кордогонго кимдин укугу бар, эмнеге андай кылат, менин Кыргызстанымда мындай болбошу керек дедим. Ички иштер министрлигине барып ушул маалыматтарды текшерип бергиле деп арыз жаздым. Мен Рахмондун (Абдурахман - ред.) айткан сөзү менен айтып жатам, мен булардын тилин жакшы түшүнбөйм деп айттым".
Бангладеш жарандары аларды Бишкекте Хасан менен Ибрахим деген тосуп алганын айтып жатышат. Бангладештиктер айтып жаткан Ибрахим Кыргызстандын жараны. Паспорттогу аты-жөнү Чынгыз Козуев экен.
4-мартта түндөсү милиция Чыңгыз Козуевдин ишканасын текшерүүгө алган. Андагы бангладештиктерди жана ишкананын кожоюнун бир сыйра суракка алып, кайра коё берген. Ошол учурда чет өлкөлүктөрдүн тең жарымы Ибрахим менен баруудан баш тартып, Асел Алмерекова менен ал иштеткен тигүү цехине кетиптир.
Алмерекова Бангладеш жарандарын узак мөөнөткө кармай албай турганын жана аларды алып калууга кызыкчылыгы жок экенин айтты.
"Паспорттору колдоруна тийсе, кете бергиле деп айтат элем. Азыр булар тергөө иштери бүтмөйүнчө кеткенге укуктары жок экен. Мен деле буларды барар жери жок болгондуктан алып келдим. Буларды көпкө кармай албайм, мүмкүнчүлүгүм жок".
Чыңгыз: Алданганымды өзүм деле кийин билдим
Чыңгыз Козуев бангладештиктерди иштетип жүрүшкөнүн ырастап, айлык акы, паспорттору туурасындагы жана кол көтөрдү деген дооматтарды четке кагууда. Козуев чет элдик жумушчулар жогоруда сөз болгон Хасан аттуу Бангладеш жараны аркылуу келгинин ырастады.
"Алардын айткандары жалган жалаа. Буларды Хасан деген Бангладештин жараны алып келген. 17 адамдан 50 миң доллар алган экен. Айрымдарынан 5 миң, кээ биринен 3,5 миң доллар, 3 миң доллар алган экен. Менден дагы миграциялык документтерге деп 8 миң доллар алган. Анын алдап кеткенин өзүм деле быйыл январда билдим. Кыргызстанга келип маселеңерди чечип кеткиле деп айткам. Анан өзүм деле билип-билбей калдым, үйүмө милицияларды жөнөтүшүп, ызы-чуу кылып жатышат. Милицияга баргандан кийин жетөө мени менен келди. Аларга кеткен чыгымдарды, фирмага, миграциялык кызматка, жумушка уруксат берүүгө берген акчаны төлөп коюп алып кете берсин. Мен буларды байлап алган жокмун. Алар эркин эле базарга, көчөгө, мечитке кирип-чыгып жүрүшкөн. Паспортторун мен салык кызматына бергем, кечээ милиция келгенде такси менен алдырып бердим. Анча-мынчасы жоготуп койбойлу деп өздөрү берген. Урган дагы, соккон дагы эмесмин. Мен 600 доллар төлөйм деп эч кандай убада берген эмесмин. Кыргызстанда айлык төлөгөн системага өтө элекпиз, ким канча тиксе ошого жараша айлык алат. Хасан менин мөөрүмдү алып кетип келишимди жасап койгон, менде эски келишимдери дагы бар. Мага тигүүчү эмес ар жакта жүргөндөрдү эле алып келип коюптур. Алардын айрымдары тигүүнү эми үйрөндү".
Дагы караңыз Кыргызстанда 40 миңдей тикмечи жетишпейтКозуев арызданып жаткан чет өлкөлүктөр тигүүчүлүктү билбегендер экенин, калган бир бөлүгү, дагы жети Бангладештин жараны азыр дагы өзүндө иштеп жатканын кошумчалады. Ал бангладештиктерди алып келип иштететүү үчүн 8 миң доллардан ашуун чыгым кылганын, аны ушул жылдын март айынан тартып айлыгынан кармап калууну пландап жатканын да кеп салды.
Хасан аттуу жаран учурда Бангладешке кетип калганын жердештери айтышты. Азырынча аны менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.
Милиция бул маалыматты териштире баштаганын билдирди.
Кыргызстанда жумушсуздардын саны расмий маалымат боюнча былтыркыга салыштырмалуу 3,4% өстү. Ошол эле учурда Экономика министрлигинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулованын айтымында, тигүү тармагы болжол менен 20-40 миңдей квалификациялуу тигүүчүгө муктаж. Бул тармакка Өзбекстандын жарандарын алып келип иштеткен учурлар да көп экени белгилүү.