Президент Садыр Жапаров “балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого” багытталган мыйзам долбооруна кол койду.
Ага ылайык, маалымат коопсуздугуна байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, “балдардын өнүгүүсүнө зыян тийгизүүчү маалыматтардын” тизмеси бекиди.
Укук коргоочулар бул мыйзам цензурага жол ачарын белгилеген. Ал эми “Медиа Полиси Институту” уюму "долбоор Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн" айтып, ага каршы турууга чакырган.
“Балдарды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт”
Президент Садыр Жапаров балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого багытталган мыйзам долбооруна кол койгону 14-августта белгилүү болду. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 22-июнда кабыл алган.
Документтин автору, депутат Жамиля Исаева баланын психикасы турукташа элек болгондуктан компьютер оюндарынын, уюлдук байланыштын, жарнаманын, өзгөчө интернеттин таасирине чоңдорго караганда көбүрөөк кабыларын белгилеген.
Депутаттын пикиринде, жаңыдан күчүнө кирген мыйзам баланын маалымат коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечет. Исаева терс маалыматтарды тараткандарды айыпка жыгып, анын өлчөмүн 2 миң сомдон 25 миң сомго чейин көбөйтүү керектигин парламенттин 7-июндагы отурумунда баяндама жасап жатып айткан.
Мыйзамга ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” жана “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.
Ага ылайык, документтер “балдардын маалымат коопсуздугу”, “балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалымат”, “маалымат продукциясы”, “балдар үчүн маалымат продукциясы” деген түшүнүктөр менен толукталды. Ошондой эле жашы жете элек балдардын өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон берүүлөрдү, маалыматтарды чектөө, таратууну тыюу талаптары жазылды. Балдарга зыян делген маалыматтардын тизмеси берилди.
Тизмеде “балдардын өз өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратуучу иш-аракеттерди жасоосуна түрткү берген, балдарды маңзат, тамеки, алкоголь ичимдигин, энергетикалык суусундуктарды колдонуу, кумар оюндарына катышуу, сойкулук, селсаяктык же тилемчилик менен алектенүүгө каалоосун козгогон, зомбулукка же мыкаачылыкка жол берүүнү негиздеген же актаган, үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарды жокко чыгарган, салттан тышкаркы сексуалдык мамилени пропагандалаган, ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзгөн, уят сөздөрдү, порнографиялык мүнөздү камтыган, эркек менен аялдын ортосундагы жыныстык мамилени сүрөттөгөн” маалыматтар кирди.
Дагы караңыз ЖМК мыйзамы: жаңы варианттагы кооптондурган жоболор“Мыйзамда бүдөмүк, так эмес жагдайлар көп”
Мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Жамиля Исаева өз баяндамасында мыйзамды ишке ашыруу үчүн “Маданият министрлигинин алдында эксперттик топ түзүлүп, башка ведомстволорго ушундай ыйгарым укук берилерин” айткан. Депутат зыяндуу маалыматтардын базасы түзүлүп, "Санариптик өнүктүрүү министрлиги ал базага ылайык маалыматты иргеген ченем, программаларды, ал эми ИИМ жаза чараларын, айып пул маселелерин карайт” деп кошумчалаган.
Бирок укук коргоочулар, адистер бул мыйзамды ишке ашыруу механизмдери так көрсөтүлбөгөндүктөн жана үстүрт жазылып, жеткилең иштелип чыкпагандыктан, анын аткарылышы күмөн дешет.
Саясат таануучу Медет Тулегенов ушул жагдайдан улам “бул адептик мыйзам балдар коопсуздугуна багытталгандай көрүнгөнү менен, бийликтин дарегине сын айткандар үчүн да тандалма түрдө колдонулуп калышы ыктымал” деген ойдо.
“Бул мыйзамдын аткарылышы боюнча бир катар маселелер бар. Кайсы бир мамлекеттик орган массалык маалымат каражаттарына, социалдык тармакка чыгып жаткан бардык маалыматты көзөмөлдөп отура албашы түшүнүктүү. Андыктан бул мыйзам жеке даттануулардын негизинде же кайсы бир мамлекеттик органдын чечими менен тандалма түрдө иштеши мүмкүн. Мыйзамда бүдөмүк, так эмес жагдайлар да көп. Мисалы, “уят сөздөр” деген эмне? Кандай маалымат зыяндуу деп эсептелет? Эркек менен аялдын ортосундагы мамилени кантип сүрөттөө керек? Мисалы, ушундай подтексти бар тасмага кино сынчысы рецензия жаза турган болсо, бул мыйзам бузуу болуп калабы? Ушундай так эмес жагдайлар манипуляцияга, тандалма колдонууга жол ачат”.
Саясат таануучу мындай мыйзамдардын кабыл алынышы цензурага жол ачып, коомдун өзүн-өзү цензуралап, “мина талаасында” жүргөнсүп, оюн абайлап айтып калышына алып келерин кошумчалады.
Ал эми “Медиа Полиси Институту” мыйзам кабыл алынганга чейин эле ага анализ жасап, президентке, Акыйкатчы институтуна жана парламентке кайрылуу жасаган. Бирок үчөөнөн тең тийиштүү жооп болгон эмес. Уюмдун апрель айында Жогорку Кеңешке жолдогон сунушунда мыйзамда туура эмес чечмеленип калышы мүмкүн болгон жагдайлар көп экени айтылган.
Аталган уюм бул мыйзамдагы “дээрлик бардык чектөөлөр жана тыюу салуулар” Орусиянын “Балдарды алардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган. Дал ушундай кайчы пикирлерди жараткан мыйзамга президент кол коюп, жакында иштей баштайт.
Тик Ток түйүнүнүн тегерегиндеги талаштар
Бул документке кол коюлары менен балдарга начар таасир эткен маалымат ресурстар, эң ириде Тик Ток сыяктуу соцтармактарды ооздуктоо керек деген чакырыктар айтыла баштады.
Аталган социалдык тармакка Кыргызстандын аймагында тыюу салуу жөнүндө маселе дагы коомчулукта байма-бай көтөрүлүп турат.
Улуттук Телерадиоберүү корпорациясынын социалдык тармактагы баракчаларына 15-16-августта “Кыргызстанда Тик-Ток керекпи? Элдин пикири” деген аталыш менен өлкөнүн ар аймагында жүргүзүлгөн сурамжылоолор жарыяланды. Улуттук канал жарыялаган сурамжылоолор коомчулуктун ар кандай реакциясына себеп болду.
Контент жаратуучу, Тик Токтогу кыргызча үйрөнүүгө үндөгөн “Сүйлө, тартынба” баракчасынын автору Эркайым Алиева бул соцтармакта түрдүү контентти колдонуучу өзү ылгап алышы керектигин, балдар көрүп жаткан контентке социалдык түйүн эмес, ата-эне жооптуу экенин белгиледи. Ал Тик Токту жабуу чакырыгы маалыматтык талааны чектөөгө дагы бир шылтоо деп эсептейт.
“Акыркы жылдары биздин коомдо цензурага байланыштуу көрүнүш күчөп жатканын байкап атабыз. Тик Токту жабуу шылтоосу менен башка социалдык тармактарга, негизи эле интернеттеги маалымат агымына чектөө болушу мүмкүн деп ойлойм. Таптакыр эле бууп, жоюп салуу же интернеттеги маалыматты чыпкалап, адамдарга бир багыттагы маалыматты берүүнү мен биздин эркиндигибизге кол салуу катары баалайм”.
2021-2022-жылдары өлкө боюнча жүргүзүлгөн “Кыргызстандагы балдар жана медиа керектөө” аттуу изилдөөдөгү маалыматтарга ылайык, 11 жашка чыга элек он баланын тогузунда (91%) өзүнүн мобилдик телефону же планшети же экөө тең бар. Балдар арасында Тик Ток, YouTube, Инстаграм социалдык тармактары, WhatsApp, Telegram мессенжерлери популярдуу.