"Чогуу жеңебиз" - суициддин кесепети сахнада

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдө былтыр 13 өспүрүм өз жанын кыйган. Быйыл эки айдын аралыгында эле аталган облуста эки бала өмүрүнө кол салды. Иликтөөлөргө ылайык, окуучуларды мындай кадамга көпчүлүк учурда миграция, жумушсуздук, рэкетчилик, чоңсунуу, опузалоо жана үйдөгү пикир келишпестик өңдүү маселелер түртөт. Ысык-Көлдө өспүрүмдөр арасындагы суицидди алдын алуу үчүн атайын спектакль даярдалды.