Буга чейин Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен начар экени ЮНИСЕФтин изилдөөсүндө белгилүү болгон. Адистер акыркы он жылда суициддик мүнөздөгү жүрүм-турум 22,6% көбөйгөнүн, анын бир нече себеби бар экенин белгилейт. Ата-эне, мугалим, тийиштүү кызматкерлер эмнени көз жаздымда калтырууда? Муну болтурбоо үчүн кайсы жагдайларды эске алуу зарыл?
Ноябрдын башында Нарын дарыясына боюн таштады деп айтылган 17 жаштагы кыздын дайыны дале чыга элек. Ал үй-бүлөнүн жалгыз кызы болгон. Өспүрүмдүн энеси кырсыктын себептерине токтолууну каалаган жок. Болгону издөө иштери токтотулуп, кызы табылбай жатканын айтып көз жашын төктү.
Ал эми өткөн айда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жусуп Турусбеков атындагы 33-мектептин 8-классынын окуучусу Ариет Абакиров сынган абалда табылган.
Уулунан айрылып, кабыргасы кайышкан ата-эне буга мектептеги жогорку класстын окуучуларынын чоңсунуусу себеп болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Алар Ариеттин эркелиги жок бир мүнөз, сырын ичине каткан токтоо, оор басырыктуу болгонун айтышууда. Алардын айтымында, 13 жаштагы өспүрүм кырсык болор күнү чоң энесинен акча сурап кеткени, андан мурдараак Ош шаарында окуган агасына өзүнөн улуу балдардын мамилеси тууралуу айткан экен.
Ариеттин апасы Жанаргүл Колдосова улуу баласын дагы ушундай көйгөйдөн улам 9-класстан кийин Ошко жөнөтүшкөнүн, бирок маселе чечилбей калганын "Азаттыкка" айтып берди:
"Чоң балам 8-класста окуп жатканда дагы ушундай маселе болгон. Ошондо ал баламдан коркуп 9ду бүтөрү менен Ошко жөнөттүк эле. Мектепке аймактык милиция келип, чогулуш болгон. 8-класстан башташат экен. Жакшы окуп, башы көтөрүлгөн баланы лидер шайлап сен акча топтоп бересиң дейт экен. Ата-энелер эсептегенде 8 миң сомдой акча чогулган болчу. 11-класстын балдары жаңы жылга, зал жасаганга деп ар нерсени айтып чыгып кетишкен. Ошол маалда деле аймактык милиция, мектептегилер ал маселенин акырына жетишкен эмес. Бул балам дагы классында президент болуп, өзү орто окуйт эле. Унчукпаган, бирөөгө сырын деле айтпаган бала эле. Мектепте жакшы элеби десең "жакшы" деп эле койчу эле. Орто жолдо балдардын айынан өтүп кетти да балам. Ал өлгөндөн кийин билинип атат үстөмдүк болгону. Бирок ата-энелер намыс кылып эч ким эч жакка арызданбай, айта албай жатышат. Бул кошунам эле, кайнежемдин, кайнагамдын баласы эле уят, бетин кантип карайм, айылда тааныш-тамыр деп айтып чыга албай жатышат. Телефонун алып кетип бир жумадай алып жүрүп, ачтык эч нерсе жок экен деп алып келип беришти. Мындай сөздөр болуптур деп дагы айткан жок, шапалактай кагаз дагы беришкен жок бизге. Баланын денеси таптаза, алып кеткенде эмне кылып экспертиза кыласыңар, балким, сөз менен үстөмдүк кылгандыр дедик. Мунун алдында агасына айткан экен", - деди маркум Ариеттин апасы.
Дагы караңыз
"Балдар чоңдорду туурайт". Мектептеги өкүмзордук жана агрессияАриеттин атасы Уланбек Жусупов баласы акыркы күндөрү көп сүйлөбөй, ой басып калгандай көрүнгөнүн эскерди:
"Акыркы күндөрү бир аз ойлонуп, ой басып калган эле. Өзү деле бир сырдуу, оор басырыктуу, эркелиги жок болчу. Чоң балдар нас, сигарет алып кел дечү экен, аны бизге айтпай Оштогу агасына айтыптыр. Баламды өлгөндөн кийин дагы кыйнабайын деп экспертизага бербей, доом жок деп жазып бердим. Бул экинчи балам эле, чоң балдар сураса, досторуна тийгизбестен анча-мынча дүкөндөн суу-пуу алып берчү экен. Агасына чалып, балдар "нас, тамеки алып кел" деп кыйнап жатат деп айткан экен. Агасы ал балдарга чалганда жооп бербей, албай коюшупур. Жазса жооп бербейт. Агасы дагы бизге айтпаптыр, өлөрүн билбедик да биз. Өлөрдөн эки-үч күн мурда чоң энесинен берип туруң деп сурап атып 500 сом алып кеткен экен. Чоң балдар чакырып, саат кечки ондордо чыгып, 1лерде келген экен. Андан мурда дагы кечке чоң балдар чалганда "жок деп койчу" деп инисинен айттырган экен. Биз апасы экөөбүз адырдагы сарайда жашайт элек. Чоң балдар коркутуп жүргөн экен да деп эле ойлойбуз", - деди 13 жаштагы баланын атасы.
Аталган мектептин директору Гүлчоро Орумбаев Ариет теңтуштарын жакшы жолго үндөгөн, үлгүлүү окуучулардын бири болгонун белгилеп жатат. Ал окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүү күчөтүлөрүн белгилеп, кырсык болгонго чейин деле чоң класстар арасында атайын иш-чаралар өткөрүлүп келгенин кошумчалады. Мектеп жетекчиси Ариет чоңсунуунун курмандыгы болду дегенге көп ишенбей турат:
"Ариет жакшы бала эле, жакшы окуп, досторун жакшылыкка чакырган, мектептеги үлгүлүү окуучулардын бири болчу. Достору менен деле сүйлөштүк. Алар менен деле маселе болбоптур. Өзү башкалар ага үстөмдүк кылып, коркута турган деле бала эмес эле. Болжолдуу себептери деле белгисиз, үй-бүлөлүк эле маселе деп жатабыз. Себеби андан мурда, ушул жылдын башында, февралда туугандарынын кызы дагы асылган абалда табылган. Ал кыз 9-класстарда окуйт эле. Ал дагы ушул мектепте окучу. Анын себептери билинбей эле калды. Азыр ата-энеси чоң балдар рэкетчилик кылды деп шек санап жатат. Биз биз билгенден, ал рэкетчиликке баш бере турган бала эмес эле. Өзүнө тура алган, үлгүлүү бала болчу. Балким, тууганы өлгөндө таасирленип калса, кыйналганда эле ошону көйгөйдөн чыгуу жолу катары кабыл алдыбы деп ойлоп жатам".
Мектеп рэкетчилиги боюнча маселени апта башында Жогорку Кеңештин комитетиндеги жыйында депутат Илимбек Кубанычбеков көтөргөн:
"Азыр мектептеги чоңсунуу же рэкетчилик дегендей жат көрүнүштөр азайдыбы? Айрым учурда суицид менен аяктаган окуялар болуп жатат. Алдын алуу иштери милиция, билим берүү тармагында кандай жүрүп жатат? Анткени азыр учурдагы көйгөйлөргө азыр иштеп жаткандар, биз жоопкерчиликтүүбүз. Муну катуу көзөмөлгө алып, колго алыш керек. Азыркы жаштар "зет муун" деп аталып, эмоционалдуу келет экен. Алардын өздөрүнө жараша мамиле кылып, келечек муунга кайдыгер карабайлы".
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев парламенттеги жыйында Кыргызстанда 2024-жылдын 10 айында 75 бала өз жанын кыйганын айтты.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда төрт учурга аз. Былтыр 10 айда 79 бала суицид кылган. Министрдин орун басары балдар үй-бүлөсүндөгү пикир келишпестиктен улам өз жанын кыйган учурлар көп экенин билдирди:
"Балдардын, мектеп окуучулардын өз жанын кыюусу азыркы учурда чоң көйгөй болуп турат. Бирок былтыркыга караганда суицид азайды. Былтыр он айдын ичинде 79 учур катталса, быйыл ушул учурда 75 факты катталып, дээрлик 5% кыскарды. Анын себептери көп, бир эле мектептеги рэкеттин айынан деген аз эле. Көбүнчө үй-бүлөдөгү түшүнбөстүк жана башка себептерден улам болот".
Дагы караңыз
Балаңызды буллингден кантип коргойсуз?Өткөн жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жаңы изилдөөсүн чыгарып, анда Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен начар экени белгиленген. ЮНИСЕФтин изилдөөсүндө 10-11 жаштагы балдар арасында жашоосуна ыраазы болгондор 42% түзөрү, 15 жаштан улуулар арасында нааразы болгондор басымдуу экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн 2,6% депрессиядан жабыркай турганы, акыркы он жылда суициддик мүнөздөгү жүрүм-турум 22,6% көбөйгөнү белгиленген.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова бул багытта социалдык педагогдордун атайын программасы иштей турганын айтты:
"Бул программа ушул маселени алдын алууга багытталган. Андан сырткары тийиштүү учурда ар бир класстагы балага байкоо жүргүзүүчү инструменттер бар. Кайсы бала оор абалда экенин аныктап, каттоого алып Ички иштер министрлиги менен бирге иш алып барабыз. Ар бир класс жетекчинин дагы өзүнчө программасы бар".
Адистер бул көйгөй адамдардын статусуна же жашоо-шартына карабай турганын айтып, өспүрүмдөр арасындагы суициддин бир нече себептерин белгилейт. Мектептеги чоңсунуу анын бири болсо, үй-бүлөдөгү абал, чоңдор менен мамиле, балдардын, айрыкча өспүрүм куракта алардын муктаждыктарын эсепке албоо же өтө эле баласынтуу, ата-эне мээриминин жетишсиздиги, бардар үй-бүлөдө ашыкча эркелетип, даярга көндүрүү сыяктуу көрүнүштөр дагы жанынан аша кечүүгө алып келиши ыктымал дейт психолог Чынара Термечикова.
"Өспүрүм курактын өзгөчөлүгү деген өзүнчө чоң тема. Ар бир баланын курагына жараша муктаждыктары болот. Ошол эске алынбаса, жакын адамдар аны түшүнбөсө, жүрүм-турумунда өзгөрүүлөр пайда боло берет. Ата-энелер дагы кээде биз чоңбуз, биздин сөзүбүз эле сөз, дегенибиз деген болуш керек деп ойлошот. Өспүрүм куракта бала чоңойдум деген ойдо жүрөт. Ошол жагдай эске алынбаганда, баланын ичинде көп каршылыктар пайда болот. Аны кантип туюнтууну билбей, түрдүү жолдорго кетиши ыктымал. Бул жашоо-турмушка деле байланыштуу болот, бирок дайыма эле эмес. Жакшы жашагандар деле кысымга кабылып калышы ыктымал. Баланы кенедейинен эмгекке тарбиялап, эмне кайдан келерин түшүндүрбөсө дагы ушундайга барат. Анткени даяр оокат, ашыкча каражат дагы балага башкача таасир берет. Ал тургай үй тиричилиги менен алектенбеген балдардын келечеги деле кыйын болуп калат. Мигранттардын балдары - өзүнчө тема. Алардын жан дүйнөсү, эмне түйшөлтүп жатканы менен иши жок акча салсам болду деген учурлар дагы жок эмес. Бала менен баарлашып, анын оюн билүү, сырларын бөлүшкөн киши болбосо, өспүрүм куракта кыйын болуп калат. Жөн эле угуп койбой, аны сыйлоо да керек", - деди Термечикова.
ИИМдин буга чейин маалыматтарына караганда, Кыргызстанда 2019-жылы 62, 2020-жылы 98, 2021-жылы 88 өспүрүм өз жанын кыйган. Мындан улам Акыйкатчы институту былтыр өлкөдөгү мектептерде мониторинг жүргүзүп, сурамжылоого катышкан окуучулардын 50% мектептерде чоңсунуу, өкүмзордук же буллинг бар экенин айтышкан. Аталган институттун балдар жана аялдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Умида Абылгазиева айыл жергесинде балдар психологдору жоктугун, мектептерде социалдык педагогдор, социалдык кызматкерлер жетишсиз экенин белгиледи:
"Бул маселе такыр эле жок деп айта албайбыз, бул бар. Жашы жете электерге карата зомбулукту болтурбоо үчүн иш-аракеттерди күчөтүү зарыл. Начар жашаган үй-бүлөлөрдү аныктап, тобокел тобундагы балдар, ата-энелер менен алдын алуу иштерди жүргүзүү керек. Өспүрүмдөр менен иштеген милиция кызматкерлери мектептерге тез-тез барып турушу зарыл. Ушундай маселелерди айтып, дегенге анонимдүү каттарды салган кутуларды уюштуруу зарыл. Балдар менен ата-эне ортосундагы эмоционалдык байланыш жок. Балдар үчүн материалдык абалы анча деле маанилүү эмес. Айфон же акчага караганда ата-эненин мээрими, ортодогу байланыш өтө маанилүү. Айылда психологдор жок, алар менен соцпедагогдор иштейт, алардын психологиялык билими жок. Бир мугалим эки-үч милдетти аткарат. Социалдык коргоо кызматкерлери деле жетишпейт. Бул бир тараптуу эмес, комплекстүү чечиле турган маселе".
Буллинг деген эмне?
Буллинг - бул кимдир бирөөнүн башка адамга үстөмдүк кылып коркутуусу. Мындай көрүнүш атайылап жасалып, кайталанып турат.
Буга адамды кемсинтүү, шылдыңдоо, жаман сөздөрдү айтуу жана жазуу, өз тобуна кошпоо же такыр көңүл бурбоо, зомбулук көрсөтүү, каалабаган нерселерди жасоого мажбурлоо кирет. Өзгөчө өспүрүм курактагылар арасында кездешет.
Биз маектешкен психологдор муну олуттуу көйгөй деп аташты жана мектепте көп кездешерин белгилешти.
Суицид азыр жакыр өлкөлөрдөгү эле эмес, жаамы дүйнөлүк глобалдык проблемага айланууда. Кедей мамлекеттерде суициддин башкы себеби алкоголизм, депрессия болсо, бай өлкөлөрдө жашагандар жашоодогу стресс жана жакындары менен тил табыша албагандан улам өлүмдү тандап жатышат. Жарандык согуш, табигый кырсыктар, зомбулук, жакынынан айрылуу жана оор депрессия - суициддин башкы себептери.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жылына дүйнөдө 800 миңден көп адам өзүн өзү өлтүрүүгө барарын билдирген. Жанынан аша кечкендердин көбү 15 жаштан 29 жашка чейинкилер.
Суициддин алдын алыш үчүн ар бир өлкө калктын психологиялык саламаттыгына байланыштуу стратегия иштеп чыгуусу керектигин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эскертип келет.