Азери манатынын куну качты

2015-жылдын 21-декабры манаттын куну качкан күн болуп калды.

Азербайжандын улуттук акчасы - манат бир күн ичинде дээрлик 50% арзандады. Кара майдын баасы күн сайын түшүп жаткан шартта бюджет кирешесинин негизги бөлүгүн мунайдан алган азери өкмөтү да акырында манаттын курсун эркин коё берүүгө аргасыз болду.

Азербайжан эски совет аймагында кара май өндүргөндөр ичинен улуттук акчасынын курсун эркин коё берүүгө аргасыз болгон өлкөлөрдүн акыркысы болду.

Кезинде мунайдан түшкөн эбегейсиз кирешесинин эсебинен акча алмашуу курсун каалагандай тескеп келген Казакстан менен Орусия акчаны эркин коё берүүгө Бакуга караганда мурдараак барды.

Азери өкмөтү бул багытта алгачкы жарым-жартылай чараны быйыл февралда көргөн эле. Анда Улуттук банк манаттын курсу долларга бекем байланган эрежени жойгондо, улуттук акча кунун 30% жоготкон болчу. Ал эми 21-декабрда курс эркин коё берилери жарыяланганда, манат бир күн ичинде эле 50% арзандады.

Башкача айтканда, буга чейин бир доллар 1,05 манатка бааланса, Улуттук банктын жарыясынан кийин америкалык валютанын курсу дароо эле 1,55 манатка чейин көтөрүлүп кетти.

Азери президенти Илхам Алиевдин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Али Гасанов жергиликтүү агенттиктер менен маегинде Улуттук банктын чечимин кирешеси мунайдан түшкөн өлкөдө качууга болбой турган чара катары түшүндүрдү. Бирок карапайым тургундар үчүн мындай кадам бир чети күтүүсүз, экинчи жагынан айран калтырчу арасат кадам болду:

"Бул бүткүл калк үчүн бактысыз учур. Баары доллар сатып алгысы келет, бирок сатууга даярлар бирин-серин эле. Алар да 100-200дөн эле сатууда, адамдар болсо 20-30 миңден сатып алгылары келет. Акча алмаштыруучу жайларда доллар калбагандай", - деди борбор Бакунун тургундарынын бири.

Азербайжан мунай өндүрүү жагынан эски совет аймагында үчүнчү орунда турчу. Бюджет кирешесинин төрттөн үч бөлүгүн да өлкө кара майдан алат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Азербайжан: манат кескин нарксызданды

Манаттын чукулунан нарксызданышынан улам дүйшөмбү күнү Азербайжанда соода түйүндөрү жабылды. Импорттук продукцияларды сатуу такыр эле токтотулду. Көчөлөрдө адамдар акчасын алмаштырууга же өтүмдүү товар сатып алууга ашыгып жатышты.

Талдоочулар эң биринчи кезекте кыйынчылык доллар менен алынган кредиттерди кайтаруу жагынан жараларын айтышууда. Бакунун тургундарынын бири мындай дейт:

- Мен банктарга 100 миң доллар карызмын. Бир да банк долларды манатка айлантууну каалабай жатат. Себебин биз билбейбиз. Бул биз үчүн кыйроо болуп турат. Алар адамды бир эле түндө банкрот кылып салышабы?

Манаттын нарксызданышына каршы Бакудагы нааразылык. 28-февраль, 2015-жыл.

Манаттын курсун кармоо үчүн расмий Баку акыркы бир жыл ичинде чет элдик валюта корунун бери дегенде жарымын жоготту. Быйылкы жылдын 1-декабрына карата валюта кору болгону 6,5 миллиард долларды түзүп калган.

Бул аралыкта Азербайжандын негизги кирешеси болгон кара майдын бир баррели кечээ 36 долларга чейин түштү. Бул 2004-жылдын июлунан берки эң төмөнкү баа.