Бактылуу болушубуз кимдигибизден же "пейлиңден тап" деп эмнеге айтышат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

"Эгерде кишинин түшүнүгү тар, чектелүү болсо"

Немис философу Артур Шопенгауэр – өзүнө чейинки Сократ, Конфуций, Платон, Аристотель, Кант ж.б. сыяктуу эле акыл-ой айдыңында революция жасаган улуу даанышмандардын бири. Ал отуз бир жашында жазган "Дүйнө эрк жана түшүнүк катары" ("Мир как воля и представление") атуу фундаменталдуу эмгеги менен таанылган. Бул философиялык чыгармасына өмүр бою улам кайрылып, улам толуктап жазып отурган. Фридрих Ницше, Рихард Вагнер, Альберт Эйнштейн, Зигмунд Фрейд, Карл Юнг, Лев Толстой, Хорхе Луис Борхес өңдүү рухтун дүйнөлүк дөө-шааларына чоң таасир эткен.

Аны Лев Толстой айрыкча жогору баалаган, философту устаты катары санап, өз чыгармаларында анын идеяларына көп кайрылган. Ал эми залкар композитор Рихард Вагнер "Нибелунг шакеги" деген опера түрмөгүн Артур Шопенгауэрге арнаган.

Өз эмгектери аркылуу пессимизмдин атасы аталган философ өтө карама-каршылыктуу инсан болуптур. Эң кызыгы, ал аялдарды ашкере жек көргөн экен. Биринчи ашык болгон кызы Каролина Жегермандан кагуу жеп, катуу шагы сынат. Ошондон кийин ал аялдардын баары табиятынан кем акыл, алар менен чогуу турмуш кечирүүгө такыр мүмкүн эмес, аялдар – бузукулук менен баардык кесепеттердин башаты деген бүтүмгө келет. Ошентип, ал мүлдө аял атууну жек көрүп калат.

Бирок ал дагы бир жолу махабат тузагына чалынат. Бу саам ашкан сулуу, ары билимдүү, ары капчыктуу италиялык Тереза деген айымга куштар болуп калат. Жаш жигит бакыттан башы айланып, үйлөнүү тууралуу кыялдана баштайт. Тилекке каршы, бир жагымсыз окуя философтун пландарын ойрон кылат. Италиянын шаарларынын биринде эки жаш сейилдеп жүрүп, ошол кезде атагы таш жарып турган англиялык акын кадимки лорд Байронго кез келишет. Даанышмандын сүйгөнү атактуу "Дон-Жуандын" авторун көргөндө өзүн жоготуп, эси ооп жыгылат. Демек, бул дагы менин көзүмө чөп салат турбайбы деп, Артур дароо ажарлуу бийкечтен баш тартат. Ошондон кийин Шопенгауэрдин аял затынан биротоло көңүлү сууп, өмүр бою так өтөт. Бирок өмүрүнүн аягына чейин эле жеңил ойлуу, оңой колго илинчү аялдар менен тез-тез жолугуп турган экен.

"Азаттыктын" окурмандары үчүн ойчулдун "Турмуш даанышмандыгынын афоризмдери" (Афоризмы житейской мудрости) деген эмгегинен бакыт тууралуу айткандарын кыскача таржымаладык.

Дагы караңыз Рухий өксүктүн кесепети же үрөй учурган мыкаачылык кайдан

"Бактылуу болушубуз биздин кимдигибизден..."

"Адамдын руханий дарамет-күчүнүн чеги анын турмуштун ырахат-жыргалын көрүүгө болгон жөндөмүн биротоло аныктайт. Эгерде кишинин түшүнүгү тар, чектелүү болсо, анда ага сырттан эч кандай күч-аракет таасир этпейт жана адамдар да, бакыт да ал үчүн эч нерсе кыла албайт; ал кадимки, жарым макулук жашоосун ыкыбал деп эсептеп, жеп-ичкенине, дене кумарын кандырганына, убактысын өзү сыяктуулар менен жыргап-куунап өткөргөнүнө корстон болуп жашайт. Айрым натыйжаларга эришкени менен, атүгүл илим-билим да анын ой өрүшүн кеңейтүү үчүн көп нерсе жасай албайт.

Жаш кезибизде канчалык жаңылып-жазбайлы, нукура, ар тараптуу жана туруктуу ырахатты рухий дөөлөт гана туртуулайт жана адам мындай ырахаты негизинен рухий көрөңгөдөн гана алат. Мындан келди, биздин бакты-таалайыбыз өзүбүзгө, жеке адамдык касиет-сапатыбызга баглык. Ырас, кишилер кээде баарын жазмышка шылташат, бирок тагдыр жакшы жакка өзгөрүшү да мүмкүн; анүстүнө ички дүйнөсү бай адам андан көп нерсени талап кылбайт. Тескерисинче, келесоо, маңбаш адам бейишке туш келип, периштелердин курчоосунда жашаса да өмүр бою маңбаш бойдон кала берет. Ички дүйнөсү бай адам жалгыз болгондо жабыкпайт, өз ойлору менен фантазияларына берилип, алардан ыракат алат, ал эми аңкоо чалыш киши күндө шапар тээп, той-тамашадан калбай, эртеден-кечке көңүл ачса да, бук болгону болгон.

Ак көңүл, ынсап-топуктуу, жан тынчтыгын сүйгөн адам жакыр турмушуна да ыраазы болуп жашайт, а алкы бузук, ач көз жана көрө албас жаман киши эч качан байлыкка тойбойт. Өзүнүн адаттан тыш, руханий бөтөнчөлүгүнөн канагат алган адамдар үчүн элдин басымдуу бөлүгү умтулган ыракаттардын көбү түк кереги жок, алар андай нерселерди таптакыр каалабайт. Ошондуктан айтылуу акылман Сократ жайма базардагы көз жоосун алган жалтыр-жултурларды көрүп: "Мында мага керексиз нерселер абдан көп экени кандай жакшы!" деп айткан.

Ошентип, жашоодо бактылуу болушубуз үчүн эң биринчи жана эң негизги шарт – бул биздин кимдигибиз, биздин кандай инсан экенибиз... Бул багытта биздин колубуздан келе турган нерсе – бизге берилген инсаныбыздан мүмкүн болушунча чоң пайда табуу, башкача айтканда, ага дал келген максаттарга гана умтулуу жана ага ылайык өсүп-өнүгүү үчүн кам көрүү. Башка баардык нерселерден качып, коомдо ага шайкеш келген абалды ээлеп, ага шайкеш келген кесипти жана жашоо жолоюн тандоо.

Айталы, булчуңдарында кара күчү ашып-ташып турган балбан киши жагдай-шарттан улам убактысын андан экинчи даражадагы шык-жөндөмдү талап кылган, отуруп иштеген түйшүктүү ишке, ал тургай илимге жана акыл эмгегине жумшоого аргасыз болду дейли, мындайда андагы кара жумуш үчүн жаралган өзгөчө жөндөмдөрү колдонулбай калат. Мындай адам өмүр бою өзүн бактысыз сезет, ал эми дээринен интеллектуалдык даремети үстөмдүк кылып турса да, андай шыгы керектелбеген күнүмдүк иштер менен алектенип, ал тургай, күчү анча жете бербеген кара жумуш менен шугулданып, чыныгы жөндөмүн өнүктүрбөгөн жана колдонбогон киши андан да шордуу болот.

Ал эми байлыктын өзү, тактап айтканда, артыкбаш мал-мүлк, биздин бактыбызга анча деле шапаат кылбайт, ошондуктан көптөгөн байлар өздөрүн таалайсыз сезет: аларда рухий өнүгүү, илим-билимге умтулуу жок, демек, аларды акыл эмгегине шыктандыра турган объективдүү кызыкчылыктар да жок. Анткени күнүмдүк, демейки муктаждыктарды канааттандыруудан бөлөк, биздин чыныгы ыкыбал-таалайыбыз үчүн байлык көп деле нерсе бере албайт...

Тескерисинче, ири мүлктү сактоо менен байланышкан бүтпөгөн түйшүктөр адамдын бейпилдигине зыян гана келтирет. Ошого карабастан, адамдар акыл-эсин өстүргөнгө караганда, байлыкка миң эсе көп маани беришет. Бирок биздин бактыбыз үчүн байлыгыбыз эмес, кимдигибиз алда канча маанилүү экендиги айдан ачык. Эртеден кечке кумурскадай талыкпай иштеп, ансыз да жетээрлик байлыгын көбөйтүү менен алек болгондорду күндө көрүп жүрөбүз. Алар бул максат үчүн зарыл болгон каражаттардын тар чөйрөсүнөн тышкары эч нерсеге маани беришпейт; алардын акылы чөйчөгү көңдөй, ошондуктан башка нерселерге кызыкпайт дагы...

Дагы караңыз "Дон Кихот" - дүйнөлүк маданияттын туу чокусу

Ошентип, өмүрдө адамды өзүндөгү нерсе гана бактылуу кыла алат. Дал ушул рухий нарк-насилден куру калгандар күнүмдүк муктаждыктан эркин болсо да, курсактын камы үчүн жан талашып жүргөндөр сыяктуу эле өздөрүн бактысыз сезишет. Ички дүйнөсү көңдөй, аң-сезими кунарсыз, акыл-эси жарды кишилер турмушта кайра эле өздөрүнө окшошторду издейт... Ошентип, адегенде дене жыргалынан башталган чогуу-чараан көңүл ачуулар акыр түбү ашкере бузукулукка алып келет.

Дөөлөттүү үй-бүлөнүн мураскору көп учурда өтө кыска убакыттын ичинде байлыгын чачып, жок кылгандыгына, жогоруда айтылгандай, көкүрөгү туюк, көрөнгөсү куруктугу бирден-бир себеп болот. Зеригүү аны ушуга түртөт. Андай жигит дүйнөгө сырты бай, ички дүйнөсү кедей келген; эми ал ички кенемтесин сырткы байлыкка айырбаштоого курулай умтулуп, баардыгын сырттан алууга далалат кылат. Кудум жаш кыздарга жанашып, жашаргысы келген бузуку чалдар сыяктуу. Жыйынтыктап айтсак, ички жардылык аягында тышкы жардылыкка алып келет...

Тагдыры өзгөрүшү мүмкүн, бирок адамдын жеке табияты эч качан өзгөрбөйт. Демек, биздин бактыбыздын эң биринчи жана эң маанилүү шарты - бул субъективдүү касиет-сапаттарыбыз: мүнөзүбүздүн асылдыгы, айкөл-алпейимдигибиз, шык-жөндөмүбүз, маанайыбыздын ачыктыгы жана сымбаттуу, чың тулку боюбуз. ...ошондуктан биз сырткы жыргалчылыктарга жана сырткы сый-ургалга ээ болууга умтулгандан көрө, жогоруда аталган сапаттарыбызды өнүктүрүп-өстүргөнгө көбүрөөк кам көрүшүбүз керек... Мейли адам жаш, сулуу, бардар болсун, мейли урмат-сыйга ээ болсун, бирок анын бактысын баалоодо муну менен бирге ал шайырбы деген да суроо туулат. Анткени киши шайыр болсо, жаш-карылыгына, сулуу же куниктигине, бай-кедейлигине карабай – ал бактылуу. Жаш кезимде эски китептен: "Көп күлгөн бактылуу, көп ыйлаган бактысыз" дегенди окуган элем...

Баарынан мурда ден соолугубуздун чың болушуна умтулушубуз абзел, анын эң башкы өбөлгөсү – сергек жашоо жолою. Бул үчүн ашыкча жеп-ичпей, көп сарсанаа да боло бербей, маал-маал акыл-эсибизди да эс алдырып турушубуз зарыл. Күн сайын таза абада эки сааттан кем эмес ыкчам кыймыл-аракеттерди жасап, муздак сууга чайынып, туура тамактанганды үйрөнгөнүбүз оң...

Адамдар биринчи кезекте бири-биринен аманчылык сурашканы бекеринен эмес, анткени саламатчылык анын бактылуу болушунда башкы ролду ойнойт. Андыктан ден соолукту пайда, мансап-даража, атак-даңк, атүгүл илим-билим үчүн да курмандыкка чалуу – жеткен акмакчылык.

Дагы караңыз Адегенде аң-сезимдеги ыштан арылалы