Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Сокуров: Орусия туңгуюкка бара жатат


Александр Сокуров.
Александр Сокуров.

Орустун атактуу кинорежиссёру, сценарист, оператор, бир нече эл аралык абройлуу сыйлыктардын ээси Александр Сокуров өмүр бою бийликтин өкүмзордук саясатына каршы күрөшүп келет. Тээ жетимишинчи жылдары, студент кезинде эле советтик түзүмдү ашкерелеген алгачкы тасмасы үчүн куугунтукка кабылган.

«Адамын жалгыз үнү» деген дипломдук ишин (кийин ал дүйнөлүк бир канча сыйлыктарга татыктуу болгон) ВГИКтин жетекчилиги жок кылгыла деп буюрган экен. Дээринен өжөр, кандан-бектен кайра тартпаган баатыр жигит тасманы институттун кампасынан уурдап чыгып катып коёт. Кийинчерээк орустун дагы бир залкар режиссёру Андрей Тарковский тасманы көрүп: «Буга генийдин колу тийиптир! Сокуров - гений!» - деп, көрөгөчтүк менен баа берген экен.

Сокуровдун эмгектери дээрлик он жыл бою эч жерде көрсөтүлгөн эмес. Дал ошол Андрей Тарковскийдин колдоп-кубаттоосу менен гана ага кино дүйнөсүнүн эшиги ачылган.

Ал «Молох», «Букачар» («Телец»), «Күн» «Фауст» деген төртилтигинде чексиз бийликке умтулган диктаторлордун табиятын иликтейт.

Александр Сокуров Путин такка отургандан баштап баскынчыл саясатка оогон орус бийлигин катуу сындап келет. Ал 2007-жылы эле эгер Орусия Украинага карата мамилесин өзгөртпөсө, эки мамлекеттин ортосунда сөзсүз согуш чыгарын, мунун кесепети өтө оор болорун алдын ала айткан. Ал эми 2014-жылы март айында Сокуров Украинага каршы аскерий күч колдонуу Орусиянын өзүн оор кесепеттерге алып келет деген билдирүү тараткан.

А 2017-жылы февралда Орусиянын Конституциясына кошуна мамлекеттерге каршы аскерди колдонууга жол бербөө жөнүндө жобону киргизүүнү сунуш кылган.

«Мен Конституцияга чек араларыбыз чектеш бардык мамлекеттер менен милдеттүү түрдө тынчтыкта жанаша жашоо принцибин киргизет элем. Бизге кол салуу болгон күндө да аскерди колдонбоого, бөтөн жерди басып албоого аракет кылышыбыз керек», - деп айткан ал.

Төмөндө көрүнүктүү режиссёрдун ой-пикирлеринин урунттуу учурларын «Азаттыктын» окурмандары үчүн кыргызчаладык.

Мен президентке, саясатчыларга, коомдук ишмерлерге эскилиги жеткен, ыкшоо, Романовдор менен Николай заманынан жана советтик доордон бери келе жаткан бардык балекеттер менен ууланган Орусия мамлекетин кантип уюштуруу жана куруу керектиги тууралуу миллиондогон соболдорду узаттым. Бул балекеттер муундан-муунга өтүп келет. Бүтүндөй орус мамлекети, атүгүл бүтүн орус эли ушул балээ менен ууланган. Кыйынчылыктын баары ушунда. Ошондуктан саясатчылар бир пикирге келе алышпайт жана мындан ары да тил табышары күмөн.

Анткени көп принциптер эскирип бүткөн, ал эми мамлекеттин бизди башкарган, көзөмөлдөгөн бөлүгү муну моюнга албайт. Олуттуу ишке киришип, терең ойлонгусу келбейт. Бул жаатта чоң өзгөрүүлөр керектиги тууралуу, эволюция керектиги тууралуу дүйнөдө бир дагы өкмөт баш оорутпайт. Алар муну каалабайт дагы. Укук коргоо органдары дегендер ушунчалык жетер жерине жетти, алар басмырлоочу, кысмакка алуучу органга айланышты. Президентке эки жолу Орусияны кантип куруу керектиги жөнүндө олуттуу ойлонуу зарылдыгын, бүгүнкү күндө иштеп жаткан бардык институттар шал болуп калгандыгын айттым.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2021-жылы 10-декабрда Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрү менен өткөн онлайн жыйында кинорежиссер Александр Сокуров менен өлкөдөгү көйгөйлөр боюнча кызуу полемикага түшкөн.

Азыркы абалда мындан ары жашоо мүмкүн эмес экени мага айдан ачык. Менимче, учурда жүрүп жаткан окуялардын кесепети 1917-жылы Орусияда болуп өткөн окуялардан алда канча оор, алда канча кыйратуучу, бүлүндүрүүчү, орду толгус болот. Биз ошондо да дүйнөнү бөлүштүрүүгө аракеттенгенбиз. Азыр да таптакыр акылга сыйбаган, сөз менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон ишти кылып жатабыз. Негизи, мындай учурда дайыма тыныгуу кылган жакшы. Отуруп, шашпай ойлонуп: «О Кудай, бизди кечир! Биз абдан чоң жаңылыштык кетирдик! Эми муну кайталабайлы, эми башка жол менен кетели!», - десек болбойбу?!

Азыр болуп жаткан нерселер өтө опурталдуу. Дүйнөнү тең эмес эки бөлүккө бөлгөндөй эле опурталдуу… жана бул окуялардын маңызынын терминологиялык аныктамасы жок. Ал эми бизге бул жөн эле согуш, же аскердик операция болуп жаткандай туюлат. Бул согуш дагы эмес, аскердик операция дагы эмес.

Бул толук туңгуюкка кептелүү жана бул биз үчүн дагы, башкалар үчүн дагы жаман. Ушундан улам баары жапа чегип жатат, славяндар да, балкандык славяндар да.

Биздин мээбиз акыр-чикирге толуп калган. Анүстүнө биз бири-бирибизден өтө эле алыс жашайбыз. Биз көп учурда ишенимдүү адамдар эмеспиз, ишенимдүү дос эмеспиз. Өлкөнүн эки гана союздашы бар - аскер жана флот, бул өтө кооптуу жагдай. Бул туюк идеология. Аскер дагы, мамлекет дагы жеңилиши мүмкүн экендигин билебиз. Бир гана маданият калат, маданият сактайт.

Эгерде адамда жок дегенде маданияттын элементардык белгилери эле болсо, андай киши окоптордо да, бомбадан баш калкалоочу жайларда да жана жертөлөлөрдө да адамдык касиетин жоготпойт.

Биз эл катары сталиндик доордон сабак албагандыктан, аны аңдап-түшүнбөгөндүктөн ушинтип азап тартып жатабыз. Православ чиркөөсү дагы түшүнгөн жок, ал баарын кечирди. Чымынга зыяны жок, таза, жан дүйнөсү аруу монахтарды кырып салышты. Алар малдай союлуп, тирүүлөй көмүлдү, аёосуз атылып кетти. Лагерлерде чирип жок болушту...

Мугалимдер, маданият адамдары, укук коргоо органдарынын (иш жүзүндө репрессиячыл органдар) кызматкерлери кескин бурулуш жасаш үчүн сөзсүз биригиши керек. Болбосо, мамлекет катары Орусия келечекте жок болот. Буга менин көзүм жетип турат.

Азырынча аскерий операцияны колдогон адамдардын саны көп. Атүгүл миллиондогон кишилер колдоп жатат. Федерация Кеңеши орус аскеринин Орусиянын чегинен тышкары согушуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алып жатканда миңдеген адамдар аталган чечимди колдоп көчөгө чыгышты. Үчтөн экиси аялдар эле. Карысы да бар, жашы да бар.

Мен аларды сыналгыдан карап туруп: «Күйөөңдү аябайсыңбы, уулуңду, ага-иниңди аябайсыңбы, атаңды-чоң атаңды аябайсыңбы, жок дегенде өзүңдүн төрөлө элек балдарыңды аябайсыңбы?!» - деп ойлодум жаным кейип.

...Эми да көп нерсени болтурбай койсо болот, чечен аскерлерин Украинадан чыгарып кетиш керек, бул аймакты согуш чөлкөмүнө айландырганды токтотуп, бардык куралдуу күчтөрдү артка кайтаруу абзел. Аймакты толук куралсыздануу зарыл (ал бул пикирин мындан бир жыл мурда айткан экен - А.К.)

Бул дагы деле мүмкүн. Башкача айтканда, конституциялык ченемдерге кайтуу шарт, бирок мындай болбой жатат. Орусия Федерациясынын мыйзамдары боюнча эч нерсе жасалбай жатат, Конституциялык соттун тынчсызданганы, кабатыр болгону сезилбейт. Мунун баары саясий кургуйга кетүүнүн белгилери. Бул 2007-жылы жана андан да мурда байкала баштаган. Саясий кургуйга кетүү – бул бардык саясий институттардын кесипкөйлүк деңгээлинин кескин төмөндөшү, алардын шал болуп калгандыгы.

Маданият жашообуздун маңызына айланмайынча ар кандай трагедиялар жана апааттар улана берет. Маданият бүтүндөй кан-жаныбызга сиңиши керек. …Мен өз өлкөмдүн саясий жетекчилигинин жүрүм-туруму, ишмердигин жөнүндө кайчы пикирдемин. Бирок мен эч качан бийликке умтулган эмесмин, бул менин ишим эмес жана саясат менен дагы кесипкөй кишилер алектениши керек деп ойлойм.

Биздин турмушубузду эске албаган алабарман чечимдердин үстөкө-босток кабыл алынып жатышы атүгүл студенттер жана кино менен алектенген мен үчүн да түшүнүктүү. Жүрөгүмө стенд коюлгандан кийин такай дары-дармек ичип жүрөм. Бул дарылардын айына канча турарын айтпай эле коёюн. Бирок мен азбы-көппү иштеп акча таап жатам. Кээде аларды сатып алганга мүмкүнчүлүгүм болот. Бирок менин миллиондогон курбалдаштарым азыр дарыканаларга бир кадам да аттай албай калды. Мага операцияда швейцариялык, немис аппараттарын коюшкан. Айтайын дегеним, биздин тышкы саясатыбыздын кесепетинен карапайым эл катуу жабыр тартып жатат.

Кавказ көйгөйү чечилгенин көрбөй турам, ал жыл өткөн сайын курчуп жатат. Биздин мамлекет, православ дин кызматчыларынын батасын алган биздин аскерлер тарабынан жүз миңдеген түпкү улуттардын өкүлдөрү жок кылынды. Курмандыктары үч жүз, төрт жүз миңге жеткен улуттар бар. Бул Кавказдагы экспансиянын куну. Муну жөн эле унуткаруу, эстен чыгарып салуу мүмкүн эмес.

Борис Николаевич [Ельцин] менин тарыхый кырдаалдан артта калып жатасыз деген оюма макул болгон эле, мен ага тарыхтын агымынан озуп кете турган бир дагы мамлекеттик жетекчи жок деп, бир канча ирет айткан болчумун. Ал бул ажырым олуттуу экенин сезген учурда элге кайрылуу жасап, өз ыктыяры менен бийликтен кетти. Менин оюмча, анын бул кадамына саламатчылыгы себеп болгон жок. Анткени ал өзүнө тагылган вазийпаны акыркы деми калганча аткарганга күч-кубаты да, кайраты да жетмек. Ал артта калып жаткандыгын түшүнгөн. Азыркы президенттин башына ушундай ой келеби, ал тарыхый процесстен артта калып жаткандыгын сезеби?

Жээкти бойлоп канчалык тез чуркасаң да, дарыянын агымынан эч качан озуп кете албайсың. Анүстүнө антип үмүттөнүү да жаңылыштык.

Гуманитардык баалуулуктары саясий баалуулуктардан жогору тургандарга добуш бергиле деп ар дайым кан какшап келем. Атүгүл оппозициячыл партияларга ушундай ураанды да сунуш кылдым. Бирок бул тезисти эч ким кабыл алган жок. Гуманитардык принциптерден четтөө, рухий-маданий баалуулуктарды этибарга албоо качан болбосун кырсыкка алып келет. Гуманитардык принциптерди туу тутуу менен гана бүгүн Украинадагы апаатты токтотсо болот.

Тилекке каршы, саясатчылардын башында бул таяныч жок, бул эң негизги таяныч экенин алар билбейт. Алар бычак менен гана иштөөгө көнүп калышкан. Алардын колунан бычакты тартып алуу зарыл. Хирургия адамдардын ортосундагы мамилелерди чечүүнүн негизги ыкмасы болбошу керек.

Мамлекет адеп-ыйбааны толук жоготуп, элди урматтаганды, душманга да сый мамиле керек экендигин такыр унутуп, мынчалык чектен ашат деп, эч качан ойлогон эмес элем. Ал эми мамлекеттик телевидениенин күнү-түнү тынбай заарын чачып жатканы эмне деген кара ниеттик. Качандыр бир күнү бул саясий серепчилер Гаага трибуналында Орусиянын жана бүткүл орус элинин гуманитардык мейкиндигине эбегейсиз зор зыян келтиргени үчүн чагымчылар катары жооп беришет деп үмүттөнөм. Радио жана телевидениенин аталган жарчылары өрткө май чачып жатышат. Эгерде мен бийликте болсом, эл аралык чыр-чатакка өбөлгө түзүп жаткан бул адамдарга өзгөчө көңүл бурмакмын. Мамлекеттик жана жеке каналдарда иштеген мындай кылмышкерлер сөзсүз жазаланышы керек.

Бизде өнүгүү-өсүү жок. Өнүгүү өз жашоосун токтотту. Саясий аренада каалашыңарча тытыша бергиле. Бирок өлкөдө өнүгүүнү токтотууга жана жаштардын мойнуна сыйыртмак салууга эч кандай укугуңар жок. Бул кылмыш.

Саясатчылардан эч качан көсөм, көрүнүктүү адамдар чыкпайт, Андай кишилер илим-билим менен алектенген, искусствонун кандайдыр бир түрүн жараткан, өмүр менен өлүмдүн ар кандай тармагын изилдеген жаратман адамдардан чыгат. Алар алысты көрө билишет. Ал эми саясатчылар келечекти көрө алышпайт. Булар жөн гана саясий макулуктар, алар «ат дарбыса эшек кошо дарбыгандай» эле немелер. Серке бир короо койду ээрчитип жүргөндөй эле, саясатчылар да кээде элди ээрчитет. Бирок бул серке сезимтал, жайытты жакшы билет же түрдүү чөптөрдүн жытын мыкты сезет дегендикке жатпайт. Текерисинче, серкени койлор түртөт, ошолор малды баштоого мажбур кылат. Саясатчыларды да сүрмө топ, аламан сүрөмөлөйт.

Ошондуктан саясий иерархиянын эң жогорку тепкичтерине чыгып алган адамдарды да өзгөчө кишилер катары кабыл албашыбыз керек. Адатта, бул адамдар бактысыз, мындай кишилердин тагдыры оор. Гёте "Бактысыз адам коркунучтуу болот" деп бекеринен айткан эмес.

Кыргызчалаган Аким Кожоев

XS
SM
MD
LG