"Бакиевге "энергетикага тийишпе" деп эскерткем"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Бакиевге "энергетиканы менчиктештирбе" деп айткам"

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу “легендарлуу” Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген энергетиги Эргеш Төрөбаев болду.

Ал маегинде кантип энергетик адистигин тандаганы, Текебаевди тартипке чакырганы, Бакиевге туугандык жакындыгы, "Датка-Кемин” линиясынын автору ким, ж.б. маселелер жөнүндө кенен кеп кылат.

- Эргеш ага, эстеп көрүңүзчү 1994-жылы “легендарлуу парламент” мөөнөтүнөн мурда таркатылганы белгилүү, ага эмне себеп болгон?

- Бизди, парламентти 1994-жылы сентябрь айында таркатты. Негизи себеп менин оюмча Кумтөр кенине байланыштуу болгон. Депутаттар Кумтөргө байланыштуу келишимдерди колдобой койгондо, бизди таркатуу керектигин чечишти окшойт. Чакырып алып, "сиз арыз жазыңыз, бирок, жумушта кала бересиз" деп көндүрүп жатышты...

Дагы караңыз "Усубалиевдин сунушу менен губернатор болгом"

- Арызды кимдин атына жаздыңыздар?

- Төраганын атына жаздык...

- Арыздын мазмуну кандай эле?

- Мазмуну, баары макул болуп жатканы үчүн биз дагы ошолорго карап арыз жазып бердик да...​

- Демек, депутаттарды мандатынан өз каалоосу менен баш тарттырып, арыз жаздырышкан десек болобу?

- Ооба, бирок "силер азыр депутаттык мандатты тапшырасыңар, бир жылга чейин депутаттыгыңар кала берет. Бир жылдан кийин шайлоо болот” деп айтышты...​

- Ошондо парламентти таркатууга ким кийлигишип, ким башкарып жатты?

- Депутаттардын арасында ар бир аймактан таасирдүүлөрү болчу. Алар биз менен сүйлөшүп, суранса, биз аларды колдочубуз. Биз өндүрүштө жүргөндөр чоң саясатта анчалык аралашпагандан кийин көп учурларда “таасирдүүлөрдү” колдочубуз...

- “Таасирдүү” дегенде кимди айтып жатасыз? Сиздердин топтун лидери ким эле? Мисалы, Бекмамат Осмонов ошол убакта депутат болчу да?

- Ооба, ал депутат болчу. Бирок Бекмамат Осмонович бизге эч нерсе айтчу эмес. Биз менен компартиянын Жалал-Абад шаардык комитетинин биринчи секретары Роба Насыровна сүйлөшүп, "ушундай чечим болуп атат, колдоп койгула" деп көп айтчу, аны укчубуз, колдоп берчүбүз...

- Эргеш ага, сиздин депутаттык ишмердүүлүгүңүздө парламенттин ишине президенттик администрациянын кийлигишүүсү дайыма болуп турчу беле?

- Ошону сезбедим. Себеби, “легендарлуу парламентте” президент Акаев дайыма өзү келип отурчу...

- Бирок сиздерге арыз жаздырып жаткан президенттик администрациянын таасириби?

- Ооба, ошол жактан болсо керек...

Дагы караңыз «Акаев президенттикке барбайм деген»

- Сиз Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөндө этика боюнча комиссиянын төрагасы болгон экенсиз. Бир интервьюңузда “айрым ээн ооз сүйлөгөн депутаттарды, тартип бузгандарды чакырып алып тизгиндеп койчумун” депсиз? Ушулардын бир-экөөнү эстейсизби?

- Мен өзүм сессияга дайыма башынан аягына чейин катышып отурчумун. Ар бир депутаттын тизмеси менде бар эле "ким келди, ким келбеди" деп белгилеп турчумун. Бир-эки күн келбей калса унчукпайт элем. Үчүнчү күнү “сессиядан кийин каласың, экөөбүз сүйлөшөбүз" деп кабинетиме чакырчумун. “Сессияга салсам бүткүл эл билет, ошон үчүн экөөбүз гана сүйлөшүп коёлу, экөөбүз гана билели, мындан кийин мындай жасабагын" деп катуу эскертчүмүн.

- Ошол учурда президентке сын айткан депутаттар дагы ушул этика комиссиясына салып, “тарбиялашчу” деген пикирлер бар...

- Ошондой болчу. Мисалы, ошол учурда депутат Өмүрбек Текебаев президент Курманбек Бакиевге өтө катуу сөз айткан. Мен Текебаевди кабинетке чакырып алып сүйлөштүм. "Өмүрбек, сен төрага болуп туруп ушундай сөздөрдү айтып койдуң, эми эмне кылабыз?" десем. Ал "өзүмдү кармай албай айтып койдум" деди, күнөөсүн моюнуна алды. Көп өтпөй арыз жазып төрагалыктан кетти...

- Текебаевди чакырып сүйлөшүп коюу өзүңүздүн демилгеңиз болдубу же Бакиевдин администрациясынан айтыштыбы?

- Мен бир кадр маселеси боюнча президенттин администрациясынын жетекчиси Үсөн Сыдыковго кирип калдым. Текебаев оюмда жок болчу. Ал киши "сиз этика боюнча комиссия болуп туруп Текебаевди тартипке чакырсаңыз болобу” деп айтты, мен ойлонуп калдым. Анан Текебаевди чакырып сүйлөштүм эле, кызматтан кетүү жөнүндө чечим кабыл алып жатпайбы...

- Бакиев деп калдыңыз, Кыргызстандын экинчи президентинин таекеси-тагасы Эргеш Төрөбаев деп айтылып жүрөт, ушул чынбы?

- Тагасы болуп эсептелем. Бакиевдин таятасы Нур деген киши болгон. Нур менен менин атам Төрөбай экөө дос болгон. Экөө тең кушчу уруусунан. Нурдун кызы – Бакиевдин апасы. Ошол жагынан мен Бакиевге тага болуп эсептелем. Ал мени тага дечү, мен аны жээн дечүмүн.

Дагы караңыз Бегиш Аматов: Кыргызстандын эгемендигин жарыялагам

- Эргеш аба, Бакиевдин башкарган, бийлик жүргүзгөн мезгил Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу болгон деп айтылып келе жатпайбы. Сиздин оюңуз кандай, кандай башкаруу болду эле?

- Айтылган сөздөрдүн бир жагынан туура эле. Жалал-Абад облусун бир иниси Акмат “губернатор” болуп башкарып калды. Ал өзүнчө машина, курал-жарак, кайтаруу менен жүрдү. Облустун расмий губернаторунун укугу жок эле болуп калды. Көп маселелерди Акмат Бакиев өзү чеччү. Ошентип ини-балдары көп жерге толуп кетти. Тага-жээндери дагы бир топ жерлерди башкарып калды.​

- Ошондой мыйзамсыз көрүнүштөрдү көрүп туруп бакиевдер тарапка, инилерине “тизгинди тарталы” деп айта алдыңызбы?

- Убагында Курманбек Бакиевдин өзүнө барып айткандан тартындым. Бир жолу чыдай албай бардым. Бирок, анда энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу айтайын дегем. “Энергетиканы менчиктештирип алабыз деп жатыпсың, бүткүл Кыргызстан ушуну менен жашап жатат, Акаев дагы коркуп бул тармакты менчиктештирген эмес. Эгер менчикке өтсө, аягы жаман болбосун, этият болгун” деп эскерткем...