Байыркы кыргыз тарыхынын кеңири мейкиндиги Евразияда Улуу Жибек жолу пайда болгонго чейинки жана бул эл аралык карым-катнаш калыптангандан кийинки чөлкөмдөр аралык соода жолунун Борбордук жана Ички Азиядагы бутактарынын түндүгүрөөк өңүрүндө жайгашкан. Тарыхчынын блогу.
Ички жана Борбордук Азия, анын ичинде Шибер, Алтай жана Чыгыш Теңир-Тоо – кыргыз элинин байыркы тарыхындагы өз ара ширелген тарыхый мейкиндик болуп саналат.
Дагы караңыз Бартольд эмнеге кубанмак жана кыжаалаттанмак?Кыргыз элинин тарыхы – жалпы түрк цивилизациясынын бир бутагы
Учурда айрым фолк-хистори өкүлдөрү байыркы кыргыздар бардык түрк элдеринин ата-бабасы, анткени “түрк” саясий аталышы б.з. VI кылымда гана пайда болгон, ал эми хундар “түрк тилдүү эмес болушкан”, деген жоромолдорду таркатышууда.
Чындыгында байыркы кыргыздар б.з.ч. I миң жылдыктагы байыркы түрк тилдүү элдердин (чуштугуй калпактуу, б.а. тиграхауда сактар, хун, усун, каңгы, теле (төөлөс), б.а. динлин, ж.б. этностордун) ичинен саны жана ээлеген аймагы жагынан чаканыраак келген этнос болгон. Бул – тарыхый жазмаларда тастыкталган маалымат.
“Түрк тилдери” термини – “семит тилдери” сөзү сыяктуу эле илимде шарттуу кабыл алынган жана илим чөйрөсүнө биротоло бекиген термин.
Дагы караңыз Бутак, дарак жана жалпы токойАлтай чөлкөмү жана Профессор Ю Тайшан сунуштаган этнологиялык жоромол
Бээжиндик профессор Ю Тайшан (Yu Taishan; 余太山; 1945-ж. Кытайдын Шанхай шаарында туулган; 2023-ж. ага Ж.Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылган) – байыркы ханзу (кытай) жазма эстеликтерин байсалдуу изилдеп келе жаткан чыгаан илимпоз.
2019-жылы ал “кыргыз” этнониминин эң байыркы түрү жаатында өз сунушун илим чөйрөсүнө шардана кылды.
Профессор Ю Тайшандын 2019-жылы маалымдашынча, байыркы кытай тарыхчылары Сыма Цян, Бан Гу ж.б. авторлор көөнө кыргыздардын этнонимин ханзу иероглифтеринде киан-кун (Jiankun 堅昆), кек-кун, гекун (Gekun 鬲) ж.б. түрлөрдө транскрипциялап жазышкан эле, ал эми бул байыркы түрк тилдүү элдин аталышы Сыма Цянга чейинки ханзуча жазмаларда “кивэн-хэн” (Juanhan 鄄韓) деп транскрипцияланып берилген:
“"Juanhan 鄄韓" [кивэн-хэн] жана "Gekun 鬲昆" [кек-кун], же болбосо "Jiankun 堅昆" [киан-кун] – бирдей, б.а. ошол эле этностук аталыштын өз ара айырмалуу транскрипциялары катары көрүнгөнсүйт”, – деп жазат Ю Тайшан.
Дагы караңыз Бугу уруусу жана кыргыз каганынын 648-жылдагы элчилигиЮ Тайшандын ырасташынча, байыркы кыргыздар өз алдынча өлкөгө ээ болгон жана ал өлкө Кытайдын Батыш Чжоу (б.з.ч. 1045 – 771-жж.) сулалеси менен дипломатиялык алака түзгөн:
“«Му тянцзы чуан» (穆天子傳) эмгегинде (2-бөлүмдө) кивэн-хэн (б.а. кыргыз) өкүмдары Му-ванга 100 аргымак, 300 өгүз, 70 тайган, 200 төө, 300 жапайы жылкы, 2000 бодо мал жана 300 араба толо таруу жана буудай (белекке) сунуштагандыгы айтылган”.
Албетте, “Му-вандын Көккө жасаган сапары жөнүндө баян” эмгегиндеги бул жана башка маалыматтарга негизденип, профессор Ю Тайшан тарабынан сунушталган бул этнологиялык жоромол андан ары тереңдеп изилдениши абзел.
Анын этнологиялык жоромолу кыргыздын байыркы тарыхынын барактарын Энесай жана Чыгыш Теңир-Тоо менен гана чектебестен, кеңирсиген Алтай чөлкөмү менен байланыштыргандыгы зор мааниге татырлык:
“...Ал [Му-ван] басып өткөн жерлерден биз кивэн-хэн 鄄韓 элинин ордосу Бухтурма дарыянын өрөөнүндө, Достук чокусунун батыш тарабында жайгашканын биле алабыз”, – дейт профессор Ю Тайшан.
(Буктурма дарыясы азыркы тапта Казакстандын Алтайында жайгашкан жана ал Ыртыш дарыясына куят).
Дагы караңыз “Түрк” жалпылама аталышы эскирбейтКыргыздар жана байыркы Хун дөөлөтү
Б.з.ч. 201-жылдан тартып кыргыз өлкөсү кубаттуу Хун дөөлөтүнүн карамагында калган. Айрым учурларда байыркы кыргыздар эгемендик үчүн көтөрүлүшкө да чыгышкан жана кыска убакытка өз көз карандысыздыгын калыбына келтирип да турушкан. (Тарыхчы Бан Гунун маалыматтары буга далил).
Б.з.ч. I кылымдын ортосуна карата кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоодогу Борохоро тоо кыркасынын жана Манас дарыясынын өрөөнүндө байырлашкан.
(Караңыз: орусиялык тарыхчылар Людмила Акимовна Боровкова (19.12.1930 – 05.2.2011) жана Юлий Сергеевич Худяков (08.12.1947 – 24.12.2021) жазган эмгектер).
Дагы караңыз Юлий Худяковдун жаркын элеси эсте
Б.з. V к. кыргыздар Теңир-Тоодон Энесайга журт которушкан
Б.з. V кылымда ашина түрктөрү жуанжуандардын кысымы менен Чыгыш Теңир-Тоодон Алтай тарапка сүрүлгөн маалда, ушул эле Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыздардын басымдуу бөлүгү да аргасыздан Энесайга сүрүлгөн.
Кыргыз элинин баатырдык “Манас” эпосунда да Теңир-Тоо аймагы кыргыздын түпкү атажурту катары ырааттуу сыпатталып калгандыгы – тарыхый эстутумдун бир көрүнүшү.
Орто кылымдардагы Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы – кыргыздын байыркы мамлекеттүүлүк тарыхынын жаңы мейкиндикте улантылышы болуп саналат.
Албетте, бул маалыматты жана бүтүмдү бүгүн гана айтып жаткан жокпуз. Көптөгөн окуу китептерибизде жана башка китептерибиз менен макалаларыбызда ушул тыянагыбызды шардана кылып келебиз.
Биз залкар археолог жана кыргыз таануучу Юлий Худяковдун бүтүмдөрүнө жана өз учурунда кытай тарыхый жазмаларындагы кыргыздар тууралуу маалыматтарды чечмелеп берген чыгаан чыгыш таануучулар Людмила Акимовна Боровкова менен Галина Павловна Супруненконун кыргыз тарыхынын мнйкиндигин жасалма тарытпоого багытталган маанилүү эмгектерине таянып келебиз.
Археолог, профессор Кубатбек Табалдыев Л.А.Боровкованын соңку эмгектерин да терең сереп салып иликтөөгө чакырды. Бир кездери Николай Александрович Аристов ж.б. жазган айрым жоромолдор (маселен, усундар менен кыргыздарды бир эл катары саноо) илимде четке кагылса да, кыргыздардын кээ бир тобу байыркы доордун айрым соңку баскычтарында Теңир-Тоодо да байырлагандыгы жөнүндө илимий жоромол көңүлгө алууга татырлык.
Дагы караңыз Астайбек аганын Бишкекте жарык көргөн акыркы макаласы(Албетте, калыстык үчүн айта кетели: маркум этнограф Астайбек Бутанаев байыркы кыргыздар тээ башынан эле Энесайда гана жашашкан деген пикирди ырааттуу жазып келди. Азыр да анын жоромолун колдогон калемгерлер аз эмес).
Дегиңкиси, кыргыз улутунун 3 миң жылдык тарыхындагы кеңири мейкиндикти бир гана чөлкөм менен (маселен, Энесай же Чыгыш Теңир-Тоо менен) гана тарытып албастан, кыргыздар тууралуу тарыхый булактарды жакынкы болочокто ар тараптуу изилдөө – мезгил талабы.
Чыгыш Теңир-Тоодо кыргызстандык, кытайлык ж.б. археологдор биргелешип иликтөө жүргүзүшсө, балким, бул илимий тармакта да кыргыз таануу жаатында саамалыктар чыгып калгысы бардыр.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.