АКШ президенти Жо Байден ант берип кызматына расмий киришери менен Дональд Трамптын бир катар чечимдерин жокко чыгарды.
Атап айтканда, жаңы мамлекет башчы Вашингтондун климат боюнча Париж келишимине, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кайра кошулуусун, кээ бир өлкөлөрдүн, анын ичинде кыргыз жарандарына киргизилген виза чектөөлөрүн алып салууну караган документтерге кол койду.
Кошмо Штаттардын 46-президенти өлкөдө саясий бөлүнүп-жарылуу, расалык чыңалуу өкүм сүрүп, коронавирустан жабыркаган экономика төмөндөп, өнөктөштөр менен мамилелерде пикир келишпестиктер уланып жаткан оңой эмес учурда кызматына киришти.
Ант бергенден кийин улут лидери катары биринчи эле сөзүндө Байден өлкө туш болуп жаткан көйгөйлөргө токтолуп, америкалыктарды кастыктан баш тартып жалпы кызыкчылыкта биргелешип иштөөгө чакырды.
Дагы караңыз Дүйнөнүн Байденден үмүтү чоң«Кризис жана көптөгөн маселелер курчуп турган тарыхый учурда биримдик гана алга карай жол болуп берет. Америка Кошмо Штаттары катары бул учурдан пайдаланышыбыз керек. Андай болсо, ийгиликке жетерибизге кепил болом. Жапа тырмак аракеттенгенде гана Америка эч качан, эч качан жеңилүүгө учураган эмес. Келгиле, бүгүн, ушул саатта, ушул жерден башынан баштайлы. Келгиле, бири-бирибизге кулак салалы, бири-бирибизди угалы, бири-бирибизди урматтайлы».
Байден кызматтагы алгачкы сааттарында эле мурдагы президент Трамптын кээ бир карама-каршылыктуу, бөлүнүп-жарылууга жем таштаган чечимдерин жокко чыгарууга карай кадам жасады.
Президент расизм, гендердик дискриминацияга каршы күрөштү күчөтүү өңдүү бир катар документтерге кол койду.
Амеркиалык лидердин буйругуна ылайык, ондон ашык өлкөнүн, көбүнчө мусулман жана африкалык мамлекеттердин жарандарына киргизилген иммиграциялык виза чектөө алынмай болду. Бир жыл мурун Трамптын администрациясы кабыл алган тизмеге Кыргызстан да илинген.
Дагы караңыз АКШ Кыргызстандын жарандарына карата иммиграциялык чектөөнү жойдуАндан тышкары Байден АКШ-Мексика чек арасында дубал тургузуу долбоорун токтотуу буйругуна, бала кезинде өлкөгө келген мигранттарды депортациялоодон коргоо программасын сактап калуу меморандумуна кол койду. Сынчылар Трамптын саясаты этникалык жана расалык тирешке алып келди дешет.
Президенттер кызматтагы алгачкы күнүндө эле токтом, буйруктарга кол койгон көрүнүш АКШда сейрек жолугат. Бирок жардамчылары коронавирус пандемиясы жана расалык чыңалуу курчуп турган маалда жаңы мамлекет башчы компетенттүүлүгүн көргөзүп, дароо чара көрүү керектигин чечкенин билдиришти.
Президент сырткы маселелерге да кайрылып, өнөктөштөр менен мамилелерди жакшырта турганын ишарат кылды.
АКШнын климат боюнча Париж протоколуна кайтуусу каралган буйрукту дүйнө лидерлери кубатташты. Трамп ал документтен чыгуу планын 2017-жылдын жайында жарыялаган. Климаттагы терс өзгөрүүлөрдү токтотууну көздөгөн протоколго 2015-жылы дүйнөнүн 195 мамлекети кошулган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
«Париж протоколуна кайра кошулуу чечимин БУУнун Баш катчысына тапшырдык. Болжол менен 30 күндүн ичинде күчүнө кирмекчи. Бирок өз өлкөбүздө да биз үлгү болуп, айлана-чөйрө маселесине кайрылышыбыз керек. Кошмо Штаттар зыяндуу газдарды абага эң көп бөлүп чыгарган өлкө бойдон калууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн саясатты иштеп чыгып, кадамдар жасалууга тийиш», - деп билдирди Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки.
Байден АКШнын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДССУ) баш тартуу боюнча чечимин да жокко чыгарды. Трамп былтыр июлда уюмдун коронавирус пандемиясы менен күрөшүн сындап, «Кытай менен сүйлөшүп алып, пандемия башталган учурда маалыматтарды жашырган» деп айыптаган.
Бул кадам коронавируска каршы күрөштү басаңдатуу коркунучун жараткан. Эмне дегенде Вашингтон бул уюмдун эң ири финансылык донору болуп саналат.
Президенттин жардамчылары Байден жакынкы 10 күндө дагы бир топ чечимдерди кабыл аларын билдиришти.